Ассоциация жөнүндө
«Кыргыз жайыты» Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы – бул юридикалык жактардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ыктыярдуу союзу, анын максаты жайыт пайдалануучулардын, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жана жайыт комитеттеринин жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу жөндөмүн жакшыртуу болуп саналат.
Ассоциация өз мүчөлөрү менен төмөнкү көз карашта болушат:
Кызыкдар бардык тараптар колдогон күчтүү Жайыт Пайдалануучулар Бирикмелери жана алардын Жайыт Комитеттери Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жайыт пайдалануучулардын берекелүү турмушун колдоого жана жайыттарды натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү.