Ассоциация жөнүндө
"Кыргыз жайыты" Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы – бул юридикалык жактардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ыктыярдуу союзу, анын максаты жайыт пайдалануучулардын, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жана жайыт комитеттеринин жайыт ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана башкаруу жөндөмүн жакшыртуу болуп саналат.
Ассоциация өз мүчөлөрү менен төмөнкү көз карашта болушат:
Кызыкдар бардык тараптар колдогон күчтүү ЖПБ жана алардын ЖКлары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жайыт пайдалануучулардын берекелүү турмушун колдоого жана жайыттарды натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү.
2009-жылы "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынышы республиканын жайыт чарбасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп калган. Жергиликтүү жамааттар тарабынан 454 жайыт пайдалануучулар бирикмеси (ЖПБ) жана алардын аткаруучу органдары – "Жайыт комитеттери" (ЖК) түзүлгөн. ЖПБнын жана ЖКнын мүчөлөрү башка кызыкдар тараптардын колдоосунда жайыттын абалын жакшыртуу боюнча ири жумуштарды аткарууда, анын ичинде мал айдап өтмө жолдор, көпүрөлөр оңдолуп, жайыт ресурстарын натыйжалуу, майнаптуу жана адилеттүү пайдаланууга тоскоолдук жараткан башка көйгөйлөр чечилге баштады.
Азыркы учурда чечүүчү факторлордун бири, жайыт реформасынын негизги звеносу катары – жайыт пайдалануучулар бирикмесинин институту калыптануунун татаал стадиясынан ийгиликтүү өтүп, жайыт башкаруунун туруктуу жана натыйжалуу системасын уюштуруу жана киргизүү, жайыт ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу – реформалоонун кезектеги этабына киришүүдө.
Ушуну менен бирге жетишилген ийгиликтерге карабастан ЖПБнын жайыт комитеттеринин алдында бир катар чакырыктар турат.
- Жергиликтүү деңгээлден баштап республикалык деңгээлге чейинки баардык баскычтардагы кызыкдар тараптардын укуктук маселелерди же ЖПБнын баалуулугун, "Жайыттар жөнүндө" КР 2009-жылдын 26-январындагы № 30 Мыйзамында камтылган укуктук негиздерди жакшы түшүнбөстүк.
- Маалыматтын жетишсиздиги, методикалык, техникалык колдоо жана жардам.
- Жергиликтүү жана республикалык деңгээлдеги айрым кызыкдар тараптар азыркы учурга чейин ЖПБнын системасын толук колдобой жана ал боюнча кызыкпай жаткандыгы.
Жогоруда аталган чакырыктардын фонунда 2013-жылдан тартып жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин ассоциациялары түзүлүп баштаган, алар жергиликтүү жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин ыктыярдуу бирлиги катары уюштурулган, алар облустук юстиция башкармалыктарында райондук ассоциация катары каттоодон өтүшкөн. Кийин республикалык деңгээлдеги ассоциация түзүү зарылчылыгы таанылган, ал эми 2013-жылдын октябрында ЖПБнын өкүлдөрү, ЖПБнын райондук ассоциациялары (ЖПБРА) жана башка мамлекеттик жана өкмөттүк эмес кызыкдар тараптар Кыргыз Республикасынын ар бир облусунан Бишкек шаарында ЖПБнын укуктарын коргоого жана кызыкчылыктарын алдыга жылдырууга багытталган күч-аракеттерин бириктирүү үчүн жолугушкан. Натыйжада республикалык деңгээлдеги жайыт пайдалануучулар ассоциациясын каттоо жана "Кыргыз жайыты" Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар ассоциациясын түзүү жөнүндө макулдашылган. "Кыргыз жайыты" Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар ассоциациясын (мындан ары - Ассоциация), жайыт пайдалануучулар бирикмелерин өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын жайыттарын натыйжалуу башкаруу, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин ишин координациялоо, азыркы учурга шайкеш келген актуалдуулугу жана зарылчылыгы менен айгинеленген жалпы кызыкчылыктарды коргоо максатында мыйзамдарда белгиленген тартипте биригишкен юридикалык жактардын ыктыярдуу бирикмеси (Кыргыз Республикасынын жайыт пайдалануучулар бирикмеси) болуп эсептелет.
Азыркы учурдагы абал боюнча Ассоциация жана биздин мүчөлөрүбүз үчүн негизги чектөөчү фактор болуп каржылоонун тартыштыгы эсептелет. Айыл Чарба Өнүктүрүү Эл аралык Фонду аркылуу каржылоо түбөлүккө чейин созулбайт, ошондуктан туруктуу каржылоо булактарын өнүктүрүү негизги маселе бойдон калууда. Ассоциация көптөгөн институттар жана ведомстволор иштеген сектордогу жаңы уюм болуп эсептелет. Жайыт пайдалануу секторунда өнөктөштүктү түзүү жана кызыкдар тараптардын колдоосун камсыздоо Ассоциацияны жана анын мүчөлөрүн ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн зарыл маселе болуп калат.
2015-жылдын октябрында Борбордук Азияда жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу боюнча GIZ Региондук программасынын колдоосунун астында стратегиялык пландоо процесси ишке ашырылган. Ассоциациянын мүчөлөлөрү жана кызыккан адистер менен жүргүзүлгөн талкуулоолордун, ошондой эле өнөктөштөр менен консультациялардын жыйынтыктары 2016-2020-жылдарга карата Стратегиялык планда документтештирилген. Стратегиялык планда көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде Ассоциациянын пландалган иштери баяндалган.
"Кыргыз жайыты" Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы – бул юридикалык жактардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ыктыярдуу союзу, анын максаты жайыт пайдалануучулардын, жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин жана жайыт комитет.