Биздин максат жана милдеттер

Ассоциация өз мүчөлөрү менен төмөнкү көз карашта болушат:
Кызыкдар бардык тараптар колдогон күчтүү ЖПБ жана алардын ЖКлары Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жайыт пайдалануучулардын берекелүү турмушун колдоого жана жайыттарды натыйжалуу башкарууга жөндөмдүү.

Биздин көз карашыбыз ушундай жана биз ага жетүү үчүн тынымсыз иштейбиз. АССОЦИАЦИЯнын мүчөлөрүнүн жайыт пайдалануучулар менен иш жүргүзүү боюнча кеңири тажрыйбасы бар, ал эми 2009-жылдын 26-январындагы № 30 «Жайыттар жөнүндө» КР Мыйзамы күчүнө кирген учурдан тартып биздин мүчөлөр  жайыттарды башкарууда жана жаңы мыйзамдык базанын алкагында ушуга байланыштуу маселелер жаатында кыйла тажрыйба топтошту. Мүчөлөрүбүздү бириктирген ассоциация катарында биз али жашпыз жана биз мүчөлөрүбүздүн муктаждыктарын жана күтүүлөрүн канааттандыруу үчүн ар тараптан өнүгүшүбүз керек. Бул фактыны моюнга алып, биринчи стратегиялык пландын ушул мезгилинде (2016-2020-жж.) биз уюмдун бардык иши үчүн төмөнкүдөй жетише турган максатты макулдаштык:
2020-жылга карата АССОЦИАЦИЯ туруктуу каржылоо булактарына ээ болгон, мүчөлөрүнө негизделген жакшы ресурстук базасы бар күчтүү уюм болууга жетишет, анын мүчөлөрү биргелешип жана өнөктөштөрдүн кеңири чөйрөсү менен кызматташууда ЖПБ укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана мүчөлөрдүн муктаждыктарын канааттандыруу үчүн керектүү жогорку сапаттагы кызматтарды берүүгө жөндөмдүү болушат.

Биздин максатыбызга ылайык жакынкы 5 жылга карата биз төмөнкүдөй үч милдетти аныктадык:
1- милдет: ЖПБнын потенциалын күчөтүү
2- милдет:  ЖПБнын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо
3- милдет: АССОЦИАЦИЯ ны жана ЖПБРАны институциялык күчөтүү
Ушул үч маселе Айыл Чарбаны Өнүктүрүү Эл-аралык Фонду (АЧӨЭФ) каржылаган мал чарбаны жана рынокту өнүктүрүү программасынын ишинин милдеттерине шайкеш келет. Ассоциациянын аппараты АЧӨЭФ каржылаган долбоордун ишин Ассоциация жүргүзгөн башка иш менен координациялап башкарат жана көмөктөшөт.

Ушул милдеттерге жетишүү үчүн маанилүү болгон бир катар иштерди аныктадык (1-Маалыматтык блокту карагыла). Бардык ушул иш жогоруда аталган АЧӨЭФтин программасынын долбоордук каржылоосунда камтылган, ошондуктан АЧӨЭФтин долбоордук каржылоосу ушул маселелерге жетишүүгө жардам берет. Ошого карабай АЧӨЭФтин каржылоосу ишке ашыруунун үчүнчү жылынан тартып кыскара баштайт. Кийин артыкчылыктуу болуп аныкталган бирок АЧӨЭФтин долбоорунун дизайнына кирбеген иш боюнча ушул ишти милдеттүү түрдө камсыз кылуу үстүндө биздин мүчөлөр жана өнөктөштөр менен иштейбиз.

Бул максат биздин туруктуулугубуздун каржылоо, өнөктөштүк жана потенциал (жөндөмдүүлүк) сыяктуу айрым негизги факторлорунун маанилүүлүгүн белгилөөгө багытталган. Туруктуу каржылоо Ассоциация жана анын мүчөлөрү үчүн өтө маанилүү элемент болуп саналат.

ЖПБРА ЖПБга кызмат көрсөтүү жана колдоо бөлүгүндө АССОЦИАЦИЯ нын негизги өнөктөшү болуп саналат, ошондуктан ЖПБРА, ошондой эле Ассоциациянын өзү үчүн туруктуу каржылоо булактары, эгерде биз донордук каржылоонун алкагынан чыккан узак мөөнөттүү туруктуулукка жетишүүгө умтулсак, иштин артыкчылыктуу тармагы болуп калат. Финансы жаатындагы жалпы стратегиябыз – биздин ЖПБРА мүчөлөрү мүчөлүк төгүмдөрдүн, акы төлөнүүчү кызматтардан, бизнес иштен жана донордук каржылоодон түшкөн кирешенин ар кандай булактарын иштеп чыгышат. Ушул стратегиялык мезгилдин жүрүшүндө кирешелердин ушул булактарын аныктоодо жана иштеп чыгууда ЖПБРА колдоо АССОЦИАЦИЯ  үчүн негизги артыкчылык болот. Мурда АССОЦИАЦИЯ да үрөн өндүрүүдөн киреше алуу мүмкүн деген ой бар болчу. Стратегиялык пландоо процессинен кийин бул ЖПБРА үчүн негизги альтернатива болуп саналат. АССОЦИАЦИЯ  кирешелердин ар кандай альтернативдүү агымдарын иштеп чыгат.

Өнөктөштүктөрдүн ролу да биздин мүчөлөрдүн жана бенефициарлардын муктаждыктарын канааттандырууда өтө маанилүү болуп саналат. Жаңы ассоциация болгондуктан биз ар кандай өнөктөштөр менен ар кандай деңгээлде кызматташып, максатыбызга жетүү үчүн башка тараптардын күчтүү жактарын мүмкүн болушунча колдонуп, консультация алуу менен ишти координациялшыбыз керек.

АССОЦИАЦИЯ  жана биздин мүчөлөрдүн потенциалын күчөтүү максатка жетүү боюнча стратегиябыздын пайдубалы болуп саналат. Ушул артыкчылыктар төмөндөгү жыйынтыктардын милдеттерин жана негизги тармактарын сүрөттөгөн бөлүмдө чагылдырылды.