Мыйзамчылык

Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө КР Мыйзамы
7 июл.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

1999-жылдын 2-июну № 46

 

Кыргыз Республикасынын
 жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2002-жылдын 11-майындагы № 78 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 ,
2012-жылдын 9-июнундагы № 80
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

2-статья.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин колдонууга киргизилиши менен төмөндөгүлөр:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
  • "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
  • "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 429-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 255-ст.);
  • "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл № 8, 258-ст.);
  • "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 433-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 259-cт.);
  • "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 17, 527-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.

3-статья.

Мындан ары Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирилгенге чейин Кыргыз Республикасынын жер мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине карама-каршы келбеген бөлүктөрү колдонулат. Мында Жер кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен гана жөнгө салына турган ченемдик укуктук актылары мындан ары тиешелүү мыйзамдар колдонууга киргизилгенге чейин колдонулат.

4-статья.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси өзү колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан жерге байланыштуу укуктук мамилелерге карата колдонулат.

Кыргыз Республикасынын Жер кодекси өзү колдонууга киргизилгенге чейин келип чыккан жерге байланыштуу укуктук мамилелер боюнча болсо, өзү колдонууга киргизилгенден кийин келип чыккан укуктар менен милдеттерге карата колдонулат.

5-статья.

1. Чарба жүргүзүү жана оперативдик башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар, жер участокторун акысыз түрдө мөөнөтсүз пайдаланууга алган мамлекеттик жана коммуналдык мекемелер, коомдук бирикмелер, коомдук фондулар жана диний уюмдар өздөрү жоюлган учурда жер участокторун ыйгарым укуктуу органдарга өткөрүп берет. Имараттар жана курулуштар жайгашкан жер участогуна байланыштуу маселелер имараттарга жана курулуштарга ылайык чечилет.

2. Мамлекеттик жана коммуналдык ишканалар менчиктештирилгенде жер участогунун наркы мүлктүк комплекстин наркына киргизилет.

6-статья.

1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу, убактылуу пайдаланууга же өмүр бою мурастап ээлик кылууга укук алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон жеке менчик укугу документтерди кандайдыр-бир түрдө кайра толтурбастан, бекер жана кошумча акысыз, атап айтканда, алардын:

  • жер үлүшүнө болгон укугу;
  • бакча алдындагы, багбанчылык-дачалык жер участогуна болгон укугу;
  • турак жай жана дача үйлөрүнүн алдындагы жер участокторуна болгон укугу;
  • турак жай жана дача үйлөрүн куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон укугу таанылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин айыл чарба багытындагы жер участокторун чарбалык орточо жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн жогору пайдаланууга укук алган жана ал үчүн акчалай компенсацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын жер участогуна болгон менчик укугу жер участогуна болгон жеке менчик укугун күбөлөндүргөн документти кийин толтуруу менен жүргүзүлөт. Мында жер үлүшүнүн белгиленген өлчөмүнөн ашык жер участоктору үчүн акчалай компенсацияны төлөгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан жер участогуна менчик укугун күбөлөндүрүлгөн документтерди толтурууда кошумча акы алынбайт.

3. (КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын:

  • Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин убактылуу пайдаланууга же ижарага алган жана жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жарандарынын;
  • түшүмдүүлүгү аз айыл чарба жерлерин уруксатсыз ээлеп алган жана өз каражаттарынын жана заемдук каражаттарынын эсебинен жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн өз каражаттарынын жана заемдук каражаттардын эсебинен жогорулатуу аркылуу жерлерди түп-тамырынан жакшыртуу аркылуу айыл чарба жүгүртүүсүнө тарткан жана Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин тиешелүү аймактык деңгээлдеги ыйгарым укуктуу орган тарабынан жерлери алынып коюлбаган жарандарынын жер участогуна менчик укугу бекер жана кошумча акысыз, жер участогуна болгон менчик укугун күбөлөндүргөн документин кийин толтуруу менен таанылат.

5. Айыл жеринде туруктуу жашап жаткан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жер үлүшүн алууга укугу бар, бирок ар кандай себептерден улам Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилген учурга карата аны ала албай калган Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрү төмөндөгүлөрдүн жер участкаларынын эсебинен бекер берилет:

  • жер үлүштөрүн алып, бирок ар кандай себептер менен жарандыгын алмаштырганына байланыштуу тиешелүү документтерин жол-жоболоштурбай калган адамдардын;
  • мураскорлору жок өлгөндөрдүн;
  • өз участкаларынан тиешелүү тартипте баш тарткан адамдардын;
  • мыйзамдарга ылайык алынып коюлган жер участкаларынын;
  • кунарсыз айыл чарба жерлеринин;
  • Кыргыз Республикасынын "Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 20-статьясына ылайык Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондунун керектелбеген жерлеринин эсебинен жогоруда саналгандай жерлер тартыш болгон өзгөчө бир учурларда.

Айыл жеринде туруктуу жашап жаткан, жер үлүшүн өз убагында алган, бирок ар кандай кырдаалдардан улам аларды Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондуна өткөрүп берген Кыргыз Республикасынын жарандарына жер үлүштөрү Айыл чарбасына жарактуу жерлерди Мамлекеттик фондунун жер участкаларынын эсебинен биринчи кезекте бекер берилет.

Жердин бул категорияларынын жер үлүштөрүнүн чектелүү өлчөмдөрү айылдык, поселкалык кеңештер тарабынан аныкталат жана райондук кеңештер тарабынан бекитилет.

6. Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү менен мамлекеттик асыл тукум, үрөнчүлүк, эксперименталдык чарбалардын, тажрыйба станциялардын жана полигондордун, окуу жайларынын жана илим-изилдөө институттарынын жана башка айыл чарба багытындагы мамлекеттик субъектилердин көмөкчү пункттарынын жерлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мурда аныкталган тартипте айыл чарба жерлеринин (жайыттардан башка) 75 проценттен кем эмес өлчөмүндө ушул чарбанын аймагында иштеген жана жашаган жарандарга жер үлүшү катарында берилүүгө тийиш. Айыл чарба жерлеринин калган 25 проценти (жайыттардан башка) төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:

көрсөтүлгөн жерлердин 1/4 үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба-селекциялык жана эксперименталдык чарбаларга;

көрсөтүлгөн жерлердин 3/4 бөлүгү:

  • калк жашаган пункттарды өнүктүрүүнүн башкы планына ылайык аларды кеңейтүү үчүн;
  • (бешинчи абзац КР 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
  • айылдык товар өндүрүүчүлөргө айкын жана ачык сооданын негизинде ижарага, асыресе артыкчылыктуу жеңилдик шарттары менен узак мөөнөттүү ижарага үрөнчүлүк, асыл тукум өстүрүүчү, эксперименталдык, окуу-тажрыйба чарбаларына, тажрыйба станцияларына жана таяныч пункттарына, мамлекеттик сорт сыноочу станцияларга жана участкаларга ошондой эле айыл чарба кооперативдерине менчигинин уюштуруучулук-укуктук формасына жана түрүнө карабастан берүү үчүн;
  • аталган чарбанын чегинен тышкары иштеген жана жашаган (анын ичинде ушул чарбадан чыккандар), аталган чарбанын аймагына 1996-жылдын 1-июлуна чейин туруктуу жашоого келген жарандар үчүн-чарбалык орточо жер үлүшүнүн өлчөмүндө;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн.

7. Мамлекеттик, коммуналдык жерди пайдалануучулардан жана башка жеке жана юридикалык жактардан тышкаркы, мында Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин белгиленген тартипте жер участогун туруктуу пайдалануу укугун алган жеке жана юридикалык жактардын жер участогуна, атап айтканда:

  • имараттардын жана курулуштардын алдындагы жер участокторуна;
  • имараттарды жана курулуштарды куруу үчүн берилген жер участокторуна болгон менчик укугу кандайдыр-бир документтерди кайра толтуруусуз, бекер жана кошумча акысыз таанылат.

8. Имараттар жана курулуштар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү жасоодо ага бекитилип берилген жер участогунун наркына имараттын жана курулуштун наркы кирет жана ал өзүнчө көрсөтүлбөйт.

(КР 2002-жылдын 11-майындагы № 78 2011-жылдын 22-июлундагы № 119 2012-жылдын 9-июнундагы № 80Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья.

1. Жеке жактарга берилген жана орточо чарбалык жер үлүшүнөн ашык болгон, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте алар үчүн 2000-жылдын 1-январына чейин акчалай компенсациялар төлөнбөгөн айыл чарба багытындагы жер участоктору, ошондой эле чакан фермаларды, фермердик чарбаларды, алардын ичинде эт, сүт багытындагы чакан фермаларды түзүү үчүн берилген жер участоктору ал берилген мөөнөткө чейин жеке жактардын пайдалануусунда калат.

2. Эгерде жер участокторун берүүдө пайдалануунун мөөнөттөрү аныкталбаса, жер участокторун пайдалануу 2000-жылдын 1-январына чейин берилген деп эсептелет.

8-статья.

1. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенден кийин, жер участоктору (үлүштөрү) алым катарында киргизилген учурларда, айыл чарба багытындагы жер участокторунун менчик ээлери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 36-статьясында көрсөтүлгөн түрлөрдөгү жерге жамааттык-ишкердик жана жамааттык биргелешкен жеке менчикке негизделген биргелешип чарба жүргүзүүнүн жамааттык жана башка түрлөрүн түзүүгө укуктуу.

2. Кыргыз Республикасынын Жер кодекси колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн, уставдык капиталга кошкон салымы жер участогу (үлүшү) болуп эсептелген чарбалык коомдор жана шериктиктер, ар бир катышуучу менен келишим түзүүгө милдеттүү, салым катары жер участогун (үлүшүн) бергендер өзүнүн жер участогун (үлүшүн) уставдык капиталга өз ыктыяры менен өткөрүп бергендиги жөнүндө келишим түзөт.

3. Мындай келишим түзүүдөн баш тарткан учурда жер участогунун (үлүшүнүн) менчик ээси чарбалык коомдун же шериктиктин курамынан өзүнүн жер участогун (үлүшүн) натуралай алып, чыгып кетүүгө укуктуу.

9-статья.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

а) эки айлык мөөнөттө:

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;
  • өзүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык келтирсин.

б) үч айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинен келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

А.Акаев