Мыйзамчылык

Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндө ТИПТҮҮ ЖОБО
7 июл.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 19-июнундагы N 386 токтому менен бекитилген

Жайыттарды пайдалануу үчүн

акы белгилөө тартиби жөнүндө

ТИПТҮҮ ЖОБО

1. Жалпы жоболор

2. Мал башы үчүн акы төлөөнү аныктоо тартиби

3. Жайыттарды пайдалануу үчүн кирешелерди бөлүштүрүү

 

1. Жалпы жоболор

1. Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнүндөгү ушул типтүү жобо (мындан ары - Жобо) «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик менчиктеги жайыттарды (мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыттарынан тышкары) пайдалануу үчүн акы белгилөө тартибин аныктайт.

2. Жобо жайытка кирүүгө уруксат берилген малдын санына жана түрүнө жараша жайыт пайдалануу үчүн акы белгилөөдө бирдиктүү мамилелерди түзүүгө багытталган.

3. Жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жайыттын аянт бирдигинин оптималдуу жүктөмүн, алардын инфраструктурасынын абалын, ошондой эле алардын продуктуулугун, алыс жайгашкандыгын жана башка факторлорду эске алуу менен жыл сайын белгиленет жана жайыт пайдалануу боюнча ар жылдык пландарга киргизилет жана тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.

4. Жайыт жерлерин пайдалануу укугуна акынын өлчөмү жыл сайын ар бир жайыт системасы үчүн жана жайыт пайдалануунун ар бир түрүнө жараша жер салыгынын базалык ставкасынан төмөн эмес белгиленет.

 

2. Мал башы үчүн акы төлөөнү аныктоо тартиби

1. Мал башы үчүн акынын өлчөмүн аныктоо төмөнкү этаптардан турат:

Биринчи этап. Жайыт комитети жергиликтүү Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин башкаруусуна өткөрүп берилген айыл округунун жалпы жайыт аянтын аныктайт (түшүндүрмө эскертүүдө берилген).

Экинчи этап. Жайыт комитети Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү жана айылдык кеңеш менен макулдашуу боюнча жайыттарды пайдалануудан түшкөн кирешенин жалпы суммасын аныктайт. Кирешенин суммасы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кирешеге болгон муктаждыгын, айыл өкмөтүнүн бюджетин, жайыттардын кирешелүүлүгүнүн финансы-экономикалык көрсөткүчтөрүн жана финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жайыт пайдалануучулар үчүн акы төлөө мөөнөтүнүн кабыл алгылыктуулугун эске алуу менен аныкталат. Кирешенин суммасын аныктоодо төмөнкүлөр эске алынат:

- жайыттарды жана алардын инфраструктурасын кармоого жана башкарууга кеткен сарптоолор (жолдор, мал айдап өтүүчү жолдор, көпүрөлөр, сугаруучу жайлар, сууга чөмүлтүүчү бактар ж.б.);

- Жайыт комитетинин операциялык чыгымдары.

Кирешенин суммасы бардык чогултулган максаттуу кирешени түзүү аркылуу же максаттуу кирешени гектарга келтирүү жана аны жайыттын жалпы аянтына көбөйтүү жолу менен аныкталышы керек (аныктама эскертүүдө берилген).

Үчүнчү этап. Жайытка киргенге уруксат берилген ар түрдүү малдын санын мал ээлеринен жана фермерлерден келип түшкөн бардык билдирмелерди эсептөө аркылуу аныктоо.

Төртүнчү этап. Ар түрдүү малдын санын «мал башынын шарттуу санына» айландыруу малдын ушул түрү жайыт тоюттарын тиешелүү керектөөсүн эске алуу менен аныкталат. Бодо мал жана топоздор үчүн чоң жана жаш малга ажыратуу сунушталат. Кой-эчкинин козу-улактары эсепке алынбайт. Малды «Мал башынын шарттуу санына» айландырып эсептөөнүн төмөнкүдөй коэффициенттери боюнча жүргүзүлөт:

 

Малдын түрү

Шарттуу саны

 

Чоң бодо мал/топоздор

1

Жаш бодо мал/топоздор

0,7

Кой-эчки

0,2

Жылкы, эшек

1

Төө

1

 

Жалпы «мал башынын шарттуу саны» жайыттын оптималдуу жүктөмүнөн ашык болсо жайыт комитети Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү менен макулдашылган жол-жоболорду колдонуу менен мал жаюуга уруксат берилген малды чектөөгө милдеттүү.

Бешинчи этап. Жайыт пайдалануу үчүн «мал башынын шарттуу саны» боюнча төлөмдүн өлчөмүн аныктоо (аныктама эскертүүдө берилген).

Алтынчы этап. Малдын түрү боюнча жайыты пайдалануу үчүн төлөмдү кайра эсептөө (кайра эсептөө эскертүүдө берилген).

2. Төлөмдүн көрсөтүлгөн суммасы жайыт сезонунун бардыгына төлөнөт (малчыларга акы төлөөнү эске албастан).

 

3. Жайыттарды пайдалануу үчүн кирешелерди бөлүштүрүү

 

1. Жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөө жайыт комитети тарабынан жыл сайын аныкталат, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планында көрсөтүлөт.

2. Жайыттарды пайдалануу үчүн акынын жайыт комитетинин үлүшүн түзүүчү бөлүгү жайыт жана жайыт инфраструктурасын кармоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө жумшалат.

3. Жайыттарды пайдалануу үчүн акынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун үлүшүн түзүүчү бөлүгү жергиликтүү бюджетке багытталат.

Эскертүү:

1. Мисалы, айыл округунун жалпы 12641 гектарга барабар болгон жайыт жери бар.

2. Жайыт комитети болгон 12641 гектар жайыт жеринен 200000 (эки жүз миң) сом алууну пландаштырууда, башкача айтканда ар бир гектардан 16 сомдон.

3. Мисалы, жайыт жерлерге чыгарылуучу малдын саны:

- чоң бодо мал жана топоздор - 716 баш;

- жаш бодо мал жана топоздор - 523 баш;

- кой жана эчки - 4872 баш;

- жылкы - 262 баш жана төө - 9 баш.

4. Малдын түрүн «мал башынын шарттуу санына» айландыруу төмөнкү схема боюнча аныкталат:

 

Малдын түрү

Саны

Кайра эсептөө коэффициенти

 

Мал бирдиги

 

Чоң бодо мал/топоздор

716

 

1

716

 

Жаш бодо мал/топоздор

523

 

0,7

366

 

Кой-эчки

4872

 

0,2

974

 

Жылкы, эшек

262

 

1

262

 

Төө

9

 

1

9

 

 

Жайытка чыгарылуучу «мал башынын шарттуу саны» 2328 башты түздү.

5. Жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн өлчөмү кошулган максаттуу кирешени «мал башынын шарттуу санына» бөлүү аркылуу аныкталат. Кайра эсептөөдө бар «шарттуу мал» үчүн төлөмдүн өлчөмү 86 сомду түзөт.

6. Жайыт пайдалануу үчүн малдын түрлөрү боюнча төлөмдү кайра эсептөө жайыт пайдалануу үчүн төлөмдү «шарттуу малдын» коэффициентине көбөйтүү аркылуу төмөнкүдөй схема боюнча жүргүзүлөт:

 

Малдын түрү

Шарттуу саны

Жайыт пайдалануу үчүн төлөм

 

«Шарттуу мал»

 

1

86

Чоң бодо мал/топоздор

 

1

86

Жаш бодо мал/топоздор

 

0,7

60

Кой-эчки

 

0,2

17

Жылкы, эшек

 

1

86

Төө

 

1

86