Новости

Штормовое предупреждение. Управление гидрометнаблюдений, прогнозов и обеспечения информацией.
22 мар.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Гидрометеорология боюнча агенттиги

Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалыматтар менен  камсыз кылуу башкармалыгы

Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики Агентство по гидрометеорологии

Управление гидрометнаблюдений, прогнозов и обеспечения информацией

 

Аба-ырайынын күндөлүк болжолдоо баракчасы                                                 23-март 2018-ж.

Ежедневный бюллетень прогноза погоды                                                             23 марта 2018 г.

 

Шашылыш билдирүү

2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдарында (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдарында, Красная  Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымында (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдарында, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдарында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

26-мартта күндүз жана 27-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

27-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3…8°, күндүз 10…15° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5…10°, күндүз 13…18° жылуу, тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2° сууктан …+3° жылуулукка чейин, күндүз  3…8° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…-7° суук, күндүз 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…21°, күндүз -3…-8° суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 

Штормовое предупреждение

В связи с неустойчивой погодой и повышенным температурным фоном с 23 по 27 марта 2018 года в горных районах и на автодорогах Бишкек-Ош 121-137 км (пер Төө-Ашуу), 198-265 км (пер. Ала-Бел, ущ.Чычкан),  355-370 км (пер. Көк-Бел), Ала-Бука-Каныш-Кыя  68-99 км, Красная Горка- Ак-Таш 1-4 км, Бишкек-Нарын-Торугарт 289 км (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат (перевал Кара-Көө) 67-94 км, участок Ийри-Суу 42-44 км, автодороги Арал-Суусамыр 8-21км, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу 45-90, 145-150 км и на автодороге Каракол-Эңилчек (Чоң-Ашуу) 45-90км сохраняется сход снежных лавин и снежные заносы, на некоторых участках автодороги снежный накат и гололедные явления. На автодорогах при проезде лавиноопасных участков необходимо строго соблюдать дистанцию между транспортными средствами 500 метров.

26 марта днем и 27 марта ожидается резкое изменение погоды: временами дождь, в предгорных районах Чуйской, Таласской областей возможен переход дождя в снег, в горных районах снег. Местами осадки сильные. На горных участках дорог снежный накат, гололедица и снежные заносы. Ветер западный 4-9 м/с, в отдельных районах с порывами до 17-22 м/с.

27 марта ожидается понижение температуры воздуха: ночью в Чуйской, Таласской долинах 3…8°, днем 10…15°, в зоне земледелия Ошской, Жалал-Абадской, Баткенской областей ночью 5…10°, днем 13…18°, в предгорных районах и в Иссык-Кульской котловине ночью -2…+3°, днем 4…9°, в зоне земледелия Нарынской области и в горных районах ночью -2…-7°, днем 3…8°, в высокогорных районах ночью -16…-21°, днем -3…-8°.

Такая неустойчивая погода осложнит выпас и содержание скота на отгонных пастбищах, работу автотранспорта, предприятий связи, энергетических и коммунальных служб.