Новости

В газете "Эркин-Тоо" опубликована статья про участие "Кыргыз жайыты" в Глобальном Земельном Форуме.
12 окт.

Сыйлык жалкы, сыймык жалпы.

Жайыт реформасы Азияда алдыда

Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалардын ичинен жайыт реформасы ийгиликтүү жүргүзүлүп жаткан реформалардан деп айтсак болот. Эгерде артка кылчайып карап көрсөк, кыргыз жайыттары ар кайсы убактарда ар кандай пайдаланылып келгендигине күбө болобуз. Алсак, көчмөн жашоону башынан кечирген ата-бабаларыбыз жайыттарды, жайлоолорубузду эзелтеден билгичтик менен сарамжал пайдалана билишкен. Жайыттарды көздүн карегиндей сактап, барктап келечек муундарга жаралган калыбында өткөрүп берүүнү ыйык парзы катары сезишкен. Анан кантип алардын акылмандыгына, көрөгөчтүгүнө ыраазы болбойсуң. Мисалы, жайлоолорду которуштуруп, дем алдырып пайдалануу ошол ата-бабаларыбыздан калган баалуу салт. Тилекке каршы ошол баалуу салтты этибарга албай, мүмкүн болушунча жайыттарды ач көздүк менен пайдалануу айрыкча советтик мезгилде, пландык экономика өкүм сүрүп турган учурда күч алган болчу. Эт, жүн жана сүт тапшыруу пландарын толтуруу үчүн жылдан жылга малдын башы көбөйтүлүп отурган. Жайыттардын жабыркашына көңүл бурулбай келген. Жайлоолор да жаратылыштын жандуу бир бөлүгү экендигин ойлошкон эмес. Кыргызстанда койдун башын кайсы бир жылдары 15 миллионго жеткирүү максаты алдыга коюлган эле. Эгерде малдын башын минтип күчкө салуу менен көбөйтүп отурганда жайыттарыбыз таптакыр жабыркап, улуттук зор байлыгыбыздан кол жууп калмакбыз. Бирок, СССР мамлекетинин тарашы менен Кыргызстандын мойнунан мамлекетке көп мал продукцияларын өткөрүү тапшырмасы алынып салынган.

Ырас, совет мамлекети тарагандан кийин жайыттарыбызда малдын саны кескин кыскарган. Анын натыйжасында жайыттар кыйла дем алып оңоло баштаган. Бирок, жайыттарды башкарууда жана пайдаланууда баш аламандыктар келип чыккан. Мамлекеттик малдын ордуна жеке менчик фермелердин малдары жайыттарды ээлеп, айрым колунда барлар жайыттарды 49 жыл ижарага алууну башташкан. Жайыттарга карата адамдардын түшүнүгү өзгөргөн. “Бул жайлоо илгери менин ата-бабамдын жайлоолору болгон, эми бул жайлоолорду мен ээлейм”-деп, чыккандар болгон. Ошол себептен, өлкөнүн алдында жайыттарды башкарууну жана пайдаланууну жолго коюу милдети келип чыккан. Биринчи кезекте жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун мыйзамдык базасын түзүү керек болгон. Ошондуктан КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыттар департаменти “Жайыттар жөнүндөгү” КРнын мыйзамынын долбоорунун үстүндө иштей баштаган. Жайыттар департаментине КРнын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер,тажрыйбалуу мамлекеттик жетекчи, буга чейин республиканын беш районунда мамлекеттик администрация башчысы –акими болуп эмгектенип келген Абдималик Абдыкаарович Эгембердиевдин жетекчи болуп келгени  “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамдын сапаттуу жана өз убагында иштелип чыгышына себеп болгон- деп айтсак болот. Себеби, көптөгөн адистердин катышуусунда иштелип чыккан мыйзамдын долбоорунда жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун жаңы мамилелери киргизилип,ал реформалык мүнөзгө ээ болгон эле.

Бул мыйзам 2009- жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызуу талкуусунан кийин кабыл алынып, андан кийин анын жүзөгө ашырылышы боюнча КРнын өкмөтүнүн токтому жарыкка чыккан. Ошондон тартып А. А. Эгембердиев башында турган  жайыттар реформасын жүзөгө ашыруунун үстүндө кенен масштабдуу иштер жүргүзүлө баштаган. Мына ушундай өлкө үчүн маанилүү болгон жаңы ишти жүзөгө ашырууда жайыт пайдалануучуларга жаңы кабыл алынган “Жайыттар жөнүндөгү” КРнын мыйзамынын артыкчылыктарын элге жеткиликтүү түшүндүрүп берүүдө А.Эгембердиевдин ынандыра билүү жана уюштуруучулук жөндөмү чоң роль ойноду десек болот. Себеби, ал кайсы гана райондо кеңешме өткөрбөсүн эл аны ээрчиди, айткандарын кулак түрө тыңдашты. Жайыт жөнүндөгү мыйзамдын элдүүлүгүн жактырышты. Анткени, мыйзам жайыттарды өз алдынча каалагандай ээлеп алууга жол бербей, бөгөт койгон болчу. Мына ушундай жагдайлар менен мыйзам элдин колдоосуна ээ болуп, анын тез арада жүзөгө ашышына жол ачылган. Ошол мезгилден тартып жайыт пайдалануучулар 454 жайыт пайдалануучулардын бирикмелерин(ЖПБ) түзүштү. Аларга жайыт пайдалануучулар мүчө болуп киришип, ар бир ушундай бирикменин аткаруучу органы- Жайыт комитети (ЖК) болуп эсептелген. ЖПБ жана кызыкдар тараптардын колдоосу менен жайыттардын абалын жакшыртуу, мал айдап өтүү жолдорун, көпүрөлөрдү жана башка инфраструктураны оңдоо боюнча чоң иштерди жасашты, жайыт ресурстарын майнаптуу, натыйжалуу жана адилеттүү пайдаланууга тоскоол болгон башка көйгөйлөрдү чечүү үчүн бардык аракеттерин жасашкан.

Жетишкен ийгиликтерге карабастан, тармак алдында бир катар милдеттер турган. ЖПБ аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун бир түрү катары түзүлгөнүнө жана эсепке тургузуунун тиешелүү органдарында юридикалык жактар катарында катталганына карабастан , көптөгөн ЖПБлар ички уюштуруучулук түзүмдөр жана жол-жоболор, документация жана ички отчеттук , ошондой эле өз функцияларын натыйжалуу аткаруу жаатындагы потенциалы бөлүгүндө көйгөйлөргө дуушар болушту. Ушуга байланыштуу 2013-жылдан тартып жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин ассоциациялары түзүлө баштаган. Бара-бара республикалык деңгээлдеги ассоциация ачуу зарылдыгы келип чыккан. Натыйжада 2015-жылы “Кыргыз жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынып, ал ушул эле жылдын август айында юридикалык жак катары катталган. Ал юридикалык жактардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын ыктыярдуу союзу болуп эсептелет. Бул уюмга жетекчилик кылуу милдетин жайыттар тармагы боюнча мол тажрыйбасы бар, буга чейин Жайыттар департаментин 10 жылга чукул башкарган, жайыт реформасынын жүзөгө ашышына опол тоодой эмгек сиңирген адис А.А.Эгембердиев мойнуна алган болчу. Албетте, бул уюмдун алдына ЖПБлардын потенциалын күчөтүү, ЖПБнын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана аларды институционалдык жактан күчөтүү сыяктуу орчундуу милдеттер коюлган болчу. Бүгүнкү күндө бул милдеттердин баары ийгиликтүү жүзөгө ашырылып жатат-деп айтсак болот. Анткени, эл аралык каржылык уюмдардын миссиялары “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациянын аткарган иштерине ар дайым жогорку бааларын берип келүүдө. Жогоруда республикабызда жайыт реформасы кантип жүзөгө ашырылып келе жаткандыгына токтолгондугубуздун себеби, жакында “Кыргыз жайыты” жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясы дүйнөдөгү абройлуу Эл аралык жер коалициясынын сыйлыгы менен сыйланды. Демек, бул сыйлык жөн жеринен берилбейт. Мындай сыйлыкты алуу үчүн татыктуулардын татыктуусу гана тандалып алынат.  

Эл аралык жер коалициясы (ЭЖК) 1995-жылы түзүлгөн жарандык коомдун жана фермерлер уюмдарынын, БУУ агенттиктеринин, өкмөттүк эмес уюмдардын, илимий-изилдөө институттарынын глобалдуу кошууну болуп эсептелет. ЭЖКнын миссиясы “коргоо, диолог, билимдерди бөлүшүү жана потенциалдарды чыңдоо аркылуу жакыр аялдар жана эркектер үчүн жерге коопсуз жана тең укукта ээ болууга өбөлгө түзүүдө турат.

ЭЖКнын мүчөлөрү таң каларлык иштерди аткарышууда. Алар алда канча адилетүү жана тең укуктуу дүйнө үчүн глобалдуу жана локалдуу күрөш жүргүзүшүүдө. Эгерде дүйнөнүн кайсы бир бурчунда бул жаатта кандайдыр бир ийгиликтер, саамалыктар, мыкты практика, тажрыйбалар  жаралып калса, аларга колдоо көрсөтүп, ыраазычылык билдирип, эл аралык сыйлык тапшырууга бул уюм даяр болуп келүүдө. Бул сыйлык ЭЖКнын мүчөлөрүнө гана тапшырылат. Анын жеңүүчүлөрү болуп жакырчылыкта жашаган аялдар менен эркектердин жерге болгон укугун коргоодо орчундуу салым кошкондор гана таанылат. ЭЖК мүчөлөрү бай жана түркүн тармактын бир бөлүгү болуу менен башка катышуучулардын жетишкендиктери менен бөлүшүүгө, үйрөнүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк алышат жана башка катышуучулардын жетишкендиктерине шыктанышат. ЭЖК түзгөн мейкиндиктен дүйнө жүзүндө  жер укуктары менен иштешкен өзүнүн мүчөлөрү, ошондой эле башка кишилер күн сайын туш келип жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун таба алышат. Мыкты тажрыйбалар жөнүндөгү маалыматтардын базасы тынымсыз жаңыланып турат жана дүйнө жүзү боюнча окутуу, потенциалын жогорулатуу жана чечимди кабыл алуу үчүн пайдаланылат.

 Эл аралык жер коалициясынын сыйлыгы коалицияга расмий мүчө болгон уюмга ган берилет. Катышуучулардын толук тизмесин Азия, Африка, Латын Америкасы, Кариб аралдарынан 206 уюм камтыйт. Эл аралык жер каолициясынын бардык мүчөлөрү ЭЖК сыйлыгы үчүн катышууга бирдей укукка ээ. Бир гана шарты сыйлыкка көсөтүлүп жаткан мыкты тажрыйба адамдарга багытталган жер ресурстарын башкаруу боюнча ЭЖКнын он милдеттенмелеринин ичинен бир же бир нечесинин алкагында оң өзгөрүүлөргө алып келүүсү зарыл.Сыйлыкка бир мүчө же мүчөлөрдөн бир топ бир нече жолу көрсөтүлсө болот.

Жеңүүчүлөр төмөндөгүдөй критерийлерге ылайык тандалып алынат: 1) ЭЖКнын мүчөлөрү үчүн мыкты тажрыйбанын маанилүүлүгү жана ачык-айкындыгы жана анын негизинде ЭКЖга мүчө эмес кызыкдар тараптарга окутууга мүмкүндүгү; 2) алдыңкы тажрыйбанын кайра жасалуу жана ыңгайлашуусу үчүн потенциалына көңүл бурулуп баяндап жазуусунун, методологиясынын жана инструментинин оригиналдуулугу, кыскалыгы, тактыгы; 3) Сыйлыкка көрсөтүлүп жаткан мыкты тажрыйбанын текстинин заманбаптыгы, сапаты жана жеткиликтүүлүгү. Сыйлык алууну каалоочулардын бардыгы өз тапшырыктарын 2017-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бир нече этап менен өткөрүшкөн. Андан соң катышуучуларга ар бир милдеттенме үчүн алдыңкы тажрыйбанын кыскача тизмесинин негизинде жеңүүчү үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилген жана к=пчълък добуш менен жеңүүчү аныкталган.

2018-жылы 164 тапшырыктарын беришкен, алардын 11 маарага чыгышкан. Анын ичинде Кыргызстандын “Кыргыз жайыты” жайыт пайдалануучулардын Улуттук ассоциациясынын атынан “Жергиликтүү коомдоштуктардын базасында жаратылыш ресурстарын башкаруу”  иш тажрыйбасы Кыргыз Республикасынын атынан сунушталган болчу. Бул иш тажрыйбасында Кыргызстандын бардык аймактарында жайыт комитеттерине жайыт ресурстарын пайдалануу жана башкаруу укугун өткөрүп берүү процессин жайыт реформасын жүргүзүүнүн жыйынтыгы катары баяндалган болчу.Бул тажрыйба региондогу жер ресурстарынын дегредациясын азайтуудажана жайыттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууда бир топ ийгиликтүү катары табылган. Ошентип, 2009-жылы кабыл алынган “Жайыттар жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жергиликтүү жайыт пайдалануучулардын топторун-аткаруу органы “Жайыт комитеттери” болуп эсептелинген жайыт пайдалануучулардын биримдиктери – коомдоштуктар калыптанган. Жайыт комитеттери айылдык деңгээлде жайыттарды пландоону, башкарууну жана пайдаланууну өз мойундарына алышкан. Кыргызстандын “Кыргыз жайыты” жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясы бүткүл өлкө боюнча 454 жайыт пайдалануучулар бирикмелеринин башын бириктирип турат жана жайыт комитеттеринин ишин координациялайт, алардын потенциалын жогорулатат жана жайыттарды натыйжалуу пайдаланууга өбөлгө түзөт. Жайыттардын дегредациясын болтурбоодо жана азайтууда жаңы мамилелерди жана тажрыйбаларды, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууну жана жалпы эле жайыттардын абалын жакшыртууну билүүгө өбөлгө түзөт.

Ошентип, жеңүүчүнү жарыялоо жана тапшыруу аземи 2018-жылдын сентябрь айында Бандунге (Индонезия) шаарында Глобалдык жер форумунда болуп өттү. Жеңүүчү катары түпкүлүктүү элдердин укуктарын коргоодогу күрөш боюнча алдыңкы тажрыйбасы менен  Кения өлкөсү жарыяланды. Алдыңкы тажрыйба жөнүндө тартылган фильм, ал боюнча ЭЖКнын жана өнөктөштөрдүн сайтын маалыматтарды жайгаштыруу, ошондой эле массалык маалымат каражаттарында материалдарды жарыялоо, жеңүүчүнүн жетишкендиктери боюнча басылма материалдарды таратып берүү башкы байгеси болуп калды. “Кыргыз жайыты” ассоциациясы ардактуу экинчи орунду ээледи жана конкурстун финалисти катары сертификат тапшырылды жана Ассоциацияалдыңкы тажрыйбасы жана ишинин жыйынтыктары жөнүндөгү маалымат менен Глобалдык Жер Фондусу учурундагы идеялардын адистештирилген жарманкесине катыштырылды, ЭЖКнын мүчөлөрүнө ийгиликтүү тажрыйба катары ММКда жарыяланып, жайылтылып, коалициянын жана анын өнөктөштөрүнүн сайттарына жайгаштырыла турган болду. Кыргызстанда жайыт реформасын жүргүзүүдөгү ийгиликтүү тажрыйба  Африка – Азия региону боюнча ЭЖК катышуучуларынын Регионалдык ассамблеясынын учурунда эң көп талкууга алынды. Идеялардын жарменкесинде “Кыргыз жайыты” стенди өзүнө форумдун катышуучуларынын көңүлүн өзгөчө бурду (2000ден ашуун катышуучулар) жана ЭЖКнын Секретариатынын Башкы директору Майкл Тейлор тарабынан жайыт комитеттеринин базасында жайыттарды башкаруу боюнча мыкты тажрыйбаны эң маанилүү, ийгиликтүү жана  катары жеке өзү белгилеп өттү.

“Кыргыз жайыты” командасы Кыргызстанга келгенден кийин МФСР миссиясы менен жолугушуу болуп, МФСР командасынын мүчөсү Асыл Унделанд тарабынан бул сыйлыкты эң жогорку сыйлык катары  жана эл аралык эң ири уюм ЭЖК тарабынан  Кыргызстанда жүргүзүлгөн жайыт реформасынын оң жыйынтыктарын тааныгандыгы, ошондой эле жайыт секторунда эл аралык долбоорлорду жүзөгө ашыруунун жыйынтыгы деп баалады. Бул жогорку даражадагы сыйлыкты өз колу менен алган “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын башкы директору Абдималик Эгембердиев төмөндөгүлөргө токтолду: “Биз ЭЖК уюмуна быйыл гана мүчө болуп кирген элек. Ошого карабастан бизди конкурска катыштырышты. Байгелүү сыйлыкты жеңип алдык. Бул Кыргызстандын жайыт пайдалануучулары үчүн чоң сыймык. Индонизияда болуп өткөн бул форум абдан иштиктүүлүгү менен өзгөчө-лөндү деп айтсам да болот. Анткени Жаккарта шаарында 70 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан чоң форум өтүп, менин дагы докладым угулуп, Кыргызстандагы жайыт реформасы абдан кызыктырды. Айрыкча бизде жүзөгө ашырылып жаткан электрондук жайыт комитети деген маалыматтык система форумдун катышуучуларын абдан кызыктырды. Мен аларга маалыматтык системада жайыт участокторунун чектери кандай белгиленгендиги жана инвентаризациялык маалыматтар б.а.жайыттардын сыйымдуулугу, түшүмдүүлүгү, андагы чөптөрдүн түрлөрү жөнүндөгү жайыт пайдалануучулар үчүн эң маанилүү маалыматтардын жайгаштырыла тургандыгы тууралуу айтып бердим.”

“Кыргыз жайыты” командасы ЭЖК тарабынан берилген бул сыйлыкты өлкөнүн бардык жайыт пайдалануучуларынын, Кыргызстанда жайыт секторун реформалоо процессинин бардык катышуучуларынын жана өлкөдө жер ресурстарына ээлик кылууну жакшыртуу боюнча иштеген ар түрдүү  долбоорлордун жана программалардын жетишкендиктери деп эсептейт. Ырас, өз убагында өлкөдө жайыт реформасы жүргүзүлбөсө, жергиликтүү коомдоштуктарга өзүнүн жериндеги жайыт ресурстарына башкаруу укугу берилбесе мындай сыйлыкты кантип алууга болот эле. Албетте мындай жогорку даражадагы сыйлык “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын командасын шыктандырбай койбойт, алган сыйлыктары мындан ары да аларды өлкөнүн, ар бир жайыт пайдалануучунун кызыкчылыгы үчүн жан үрөй иштей берүүсүнө дем-күч болору талашсыз.

Абдимухтар Абилов