Новости

Новая статья в газете "Эркин Тоо" - результаты проекта по возрождению традиционных практик пастбищепользования за 2018-2019 годы.
28 авг.

   

Ата мурасы – жайыт мурасы

САЛТТУУ БИЛИМДЕР КЫРГЫЗ ЖАЙЫТТАРЫНЫН КЕЛЕЧЕГИ

Жергебизде жайыттардын, жайлоолордун жакшылыгын, жемишин көрбөгөн адам жок чыгар. Себеби, баарыбыз мал продукциялары менен азыктанабыз б.а. жайыттарда  багылган малдын сүтүн ичебиз, этин жейбиз. Жайыттарыбыздын кылган кызматын айта берсек, анын кызматы опол тоодой. Ошондуктан биз кыргыз эли ушунча көп жайыттарды тартуулап берген жаратканга ыраазыбыз болуп келебиз. Ошол эле учурда жайыттарды, жайлоолорду билгичтик менен пайдаланып, аны кийинки муундарга жаралган абалында сактап келген ата-бабаларыбыздын акылмандыгына да таазим этебиз – деп, сөзүн баштады жайыт пайдалануучулардын “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын башкы директору Абдималик Абдыкаарович Эгембердиев август айынын башында Бишкекте болуп өткөн жайыттарды пайдаланууда салттуу тажрыйбаларын Нарын, Жалал-Абад жана Ысык-Көл областтарынын пилоттук жайыт комитеттеринде кайра жаратуу боюнча “Ата мурасы-жайыт мурасы” долбоору боюнча жыйынтыктоочу тегерек столдун ишинин ачылышында. Бул тегерек столдун ишине өнөктөш уюмдардын, пилоттук жайыт комитеттердин, айыл аймактарынын өкүлдөрү, “Жайлоо жеўешинин” мүчөлөрү, “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын кызматкерлери катышышты. Тегерек столдун максаты – долбоордо аткарылган иштин жыйынтыгын чыгаруу, ага баа берүү жана долбоордун алкагында андан аркы иштерди пландаштыруу болчу. Иш-чаранын башталышында “Ата-Мурасы-жайыт мурасы” долбоорунун аралыктагы жыйынтыктарын кызыкдар тараптарга тааныштыруу жана талкуулоо үчүн жайыттарды рационалдуу пайдалануу боюнча ар кыл ыкмаларды жана инструменттерди колдонуудагы “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын 2018-2019-жылдарда аткарган иштери жөнүндөгү видео-презентация катышуучуларга көрсөтүлдү. Презентацияда жайыт пайдалануудагы тарыхый абал чагылдырылып, салттуу билимдерди сактоонун жана аларды азыркы жайыттарды пайдалануу системасында колдонуунун маанилүүлүгү баяндалып, дегредацияга учурап жаткан жайыт участокторунун көбөйүп баратышынын башкы себептеринин бири жайыт пайдалануучулар тарабынан жайыттардарды ашкере ашыкча пайдаланып жаткандыгы айтылат. КЖАнын башкы директору А.Эгембердиев өзүнүн берген интервьюсунда жергиликтүү аймакты, анын маданиятын, айыл чарбасын, социалдык тармагын кошо өнүктүрүүнүн негизги методдорунун бири катары жайыттарды биргелешип пайдаланууну күчөтүү жөнүндө айтты. Интервьюну көрсөткөн бенефисиарлар жайыт пайдаланууда жайыт реформасын жана салттуу тажрыйбаларды алдыга жылдырууда “Кыргыз жайыты” Ассоциациясынын олуттуу салымын белгилешти. Тегерек столдун катышуучулары Липенский, Жерге-Тал, Бел-Алды пилоттук жайыт комитеттери дегредацияланган жайыт аянттарын кантип калыбына келтиргендигин видео презентациядан ачык-айкын көрө алышты. Мында Жайыт комитеттеринин мониторинг жана баалоо комиссиясынын мүчөлөрү Жайлоо кеўешинин мүчөлөрү менен биргеликте пилоттук айыл аймактарындагы дегредацияга учураган кайсы участокторду калыбына келтирүү керектигин аныктоодон баштагандыгы көрсөтүлүп, тоонун тик боорлорунда агротехникалык иш-чараларды жүргүзүүнүн татаалдыгы чагылдырылган. Үрөндү себүүгө даярдоо процесси салттуу ыкманын негизинде үрөндү ным топуракка аралаштырылып жасалат, анткени үрөндүн өзүнүн салмагы өтө эле жеўил. Ошондуктан бул ыкма үрөндүн кыртыштан орун алуусуна шарт түзөт. Салттуу билимдерди сактоочулар менен биргеликте 15 га жайыт аянтына 5 түрдөгү өзүмдүктөрдүн үрөндөрү себилген: Кылкансыз түбү бош, Валисса бетегеси, Торактай буудайык, Сойломо буудайык, Түймөкчөлүү жылган. Тоют чөбүнүн үрөнү себилген соў, малдардын жардамы менен үрөндү кыртышка жашыруу салты колдонулган, үрөн себилген аянттан малды айдап өткөндө алар туягы менен үрөндү ным топуракка батырып, анын кыртыштан орун алуусун камсыз кылат. Бул участкаларды заманбап (электропастух) электрмалчы жабдуусу менен тосуу себилген чөп үрөндөрүнүн тамыр алып, эркин өсүп чыгуусуна өбөлгө түзгөн. Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары чөптүн үрөнүн себүү салтык ыкмасынын негизинде дегредацияга учураган жайыт участогун калыбына келтирүүнүн натыйжасын көрүштү. “Жайлоо майрамдары” коомдоштуктарынын деўгээлинде жайыттарды башкаруунун маданий аспектилери жана аларды жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун азыркы  системасына интеграциясы жөнүндөгү баян видео-презентациядан кеўири орун алган. Малчыларды алыскы жайлоолорго узатуу салты бүгүнкү күндө айылдык адамдардын баарынын канында бар. Ошондуктан салт катары жайыттарды жаз айларындагы, жайкы, күзгү жана кыштык деп бөлүү менен көчүүнү кайра жандандыруу жана аны жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча коомдоштуктардын планында колдонуу презентацияланды. Жергиликтүү коомдоштуктардагы өзгөчө майрамдык маанай, адамдардын кантип бул жылы өзгөчө жаўыны күткөндүгү, бири-бирине жакшылыктарды, ийгиликтерди каалагандыгы көрсөтүлөт. Фестивалдар жайыттарга камкор мамиле жасоо жана аларды кийинки муундарга кандай жаралган болсо, ошондой калыбында өткөрүп берүү салт-санааларын камтыган. “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясы 6 жеўүүчүгө салттуу мал чарбачылыгынын мыктысы, жайыт чарбачылыгындагы мыкты айым жана жайыт пайдалануудагы мураскер үй-бүлөсү номинациялары тапшырылды. Байге катары энергия булактарын сактоого негизделген заманбап жабдуулар берилген. Фестивалдарга жалпысынан 1500дөн ашуун мал чарбасы менен алектенген адамдар, аксакалдар, улуу муундагы энелер, жергиликтүү тургундар, райондун расмий кишилери, айыл өкмөтүнүн башчылары жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышышкан. Андагы өзгөчөлүк малчылардын үй-бүлөлөрү менен катышкандыгы болду.

Фестивалдарга Кристенсен Фондунун өнөктөштөрү “Кийиз Дүйнө”сыяктуу коомдук фонду жана “Устат шакирт” салттуу музыка борбору катышышты. “Кийиз дүйнө” коомдук фонду кыргыз элинин балдардан тартып улгайган адамдарга чейинки адамдарынын 20 түрдөгү салттуу кийимдерин көрсөтүшкөн. Мындай көргөзмө жергиликтүү калктын аябай зор кызыгуусун жаратты. Кийиз дүйнөгө көптөгөн кишилердин кайрылуусу мунун айкын күбөсү болду.

Бул презентациядан кийин тегерек столдун катышуучуларында жандуу талкуу башталып, каалоочулардын баарына сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берилди. Ошондуктан 20дан ашуун катышуучу толкундануу менен сөз сүйлөштү. Алсак, Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасы, азык-түлүк өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн директорунун милдетин аткаруучу С.Тынаев   видео-презентациянын өтө ийгиликтүү жаралгандыгын баса белгиледи жана биздин долбоордо коммуникациялык иш-чараларды өткөрүү каралган. Ошол аркылуу жайылтсак болот деп, ойлойм. Мында биринчиден, жайыттарды туура башкаруу жана пайдалануу көрсөтүлсө, экинчи жагынан жайыттарды пайдалануу боюнча кыргыз элинин салттары чагылдырылууда. Элге жайыттарга көчүүдө кандай салттарды сактоо керектигин жайылтуу керек. Элдин арасында өзүнүн билимдерин бөлүшкүсү келген мурунку муундун адамдары көптөп саналат.  Биздин жалпы максатыбыз жалпы коомду жайыт пайдалануу маселелерине көтөрүү болуп эсептелет. Жакында Өкмөттүн коллегиясында мамлекеттик чиновниктердин бири жайыттарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү керек – деп, айтты. Бирок, мыйзам боюнча жайыттарды башкаруу айыл өкмөттөрүнө берилген эмеспи. Демек, бул чиновник жайыттар жөнүндөгү мыйзамды окуган эмес. Ал эми “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жергиликтүү коомдоштуктарга жайыттарды пайдалануу тармагы боюнча жаўы маалыматтарды берип, түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп жатышы жана жайыт пайдалануучулардын укуктарын коргоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери колдоого аларлык. Жайыт пайдалануучулар ассоциациясын түзүүнүн башында турган Абдималик Абдыкаарович Эгембердиевдин жайыт комитеттеринин өнүгүшүнө жана калыптануусуна кошкон салымы зор. Мындан ары да жыйынтыктардын жакшы болооруна ишенем. Жайыт комитеттеринин алдында түзүлгөн 154 үрөн фонддору да малдын тоют базасын камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле ассоциациянын жайлоо бала бакчаларын түзүүгө кошкон салымын белгилеп кетким келет. Ошондуктан “Кыргыз жайыты” ассоциациясынын келечеги кеў, мен ага мындан аркы ийгиликтерди каалайм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, тегерек столдун катышуучуларын жайыт реформасынын он жылдыгы менен куттуктайм, – деди ал.

Нарын областынын Нарын районундагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Шекер Жумабекова: “Жайыттар Кыргызстандын зор байлыгы, ал эми Жерге-Тал айыл аймагында 78 миў га жайыт аянты бар. Видео-презентацияда дегредацияга учураган жайыт участкаларына чөптүн үрөндөрү себилип жаткандыгы көрсөтүлдү. Чөптүн үрөнүн себүү иши биздин айыл аймагына караштуу жайыттарда да жүргүзүлдү. "Кыргыз жайыты" улуттук ассоциациясы долбоордун алкагында бардык иш-чаралар жүргүзүлүп келүүдө. Мунун баары элге таасирин тийгизди, жайыт пайдалануу маселелерин чечүүдө Өкмөттөн же айыл өкмөттөн жардам күтүп отура бербей өздөрүнчө аракет жасоого өтүштү. Натыйжада, бизде алыскы жайыттарга бараткан жолдордун тосмосу жок болчу. Советтик доордо курулган тосмолордун баары жок кылынган болчу. Түзүлгөн комиссиянын жардамы жана жайыт пайдалануучуларды бул ишке кеўири тартуу менен  тосмолор калыбына келтирилди. Мен элдин көз карашы өзгөрүлгөндүгүн ишенимдүү айта аламын. Мен жогоруда айткандардын пикирлеринин баарына кошулам жана эгерде биз жайыттарыбызды кийинки муундарга таза абалында калтыргыбыз келсе, салттуу билимдерди колдонууну өнүктүрүү керек – деп, эсептейм. Бүгүнкү күндө чабандардын көпчүлүгү жаштар болуп эсептелишет, алар баарын түшүнө беришпейт. Аларга улуу муундагылардын кеп-кеўештери керек. Мына ушуларды биз эске алып, жаштардын улуу муундагылар менен жолугушуусун өткөрдүк. Булардын ортосунда маанилүү маектешүү болду. Көрсө, айрым жаш малчылар жайыт чалуу дегендин маанисин билишпейт экен. Долбоордун жайыт маселелерине окуучуларды да тартып жаткандыгы кубандырбай койбойт. Анткени окуучулар жайыттардын маанилүүлүгүн бала чагынан билгени жакшы. Мен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып,  жайыт пайдалануучулардын улуттук ассоциациясынын башчысы А.Эгембердиевге жана анын командасына натыйжалуу иши үчүн тереў ыраазычылыгымды билдирип кетейин, “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациянын потенциалы бир топ жогорулады, сиздерди туруктуу келечек күтүүдө”, – деп сүйлөдү.

Тегерек столдо пилоттук Бел-Алды жайыт комитетинин жайыттарынын мониторинги жана баалоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Деўиз Арстанбеков: “Бел-Алды айыл аймагынын жайыт пайдалануучуларынын жалпы чогулушунда мени жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо боюнча комиссиянын мүчөсү кылып шайлашкан. Ошондон тартып, мен Жайыт комитетинин төрагасы Уран Маралбаев жана “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын адиси Кубанычбек Тагаев менен биргеликте иштеп жатабыз. Быйылкы жылы биз 4 гектар дегредацияланган жайыт аянтына тоют чөптөрүнүн 5 түрүн себүү боюнча иштерди жүргүзгөнбүз. Мен анын бардык иш-чараларына катыштым. Чындыгында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алардын айрымдарын сиздер менен бөлүшкүм келүүдө. Мисалы, электрмалчы тосмосун жайыттын тик жерине орноткон элек. Аны мал күү менен келип үзүп кеткен учурлар болууда. Ошондуктан электрмалчы жабдуусун тегизирээк жерлерге орнотуу керек экен – деген сунушумду айткым келет. Биз эксперимент үчүн үрөндү тоонун күўгөй жана тескей бетине септик. Тескей бетине чөптүн үрөнү жапжашыл болуп жакшы чыкты. Ал эми күнгөй тарабына күндүн ысык болгондугуна байланыштуу чөп өспөй куурап калды. Ушуга байланыштуу мен мындай жерлерге суу түтүктөрүн пайдалануу менен сугат системасын колдонуу керек-деп ойлойм. Мындай жерлерди 2 жыл сугарып коюу керек. Ошондо биздин эмгегибиз акталат. Мен ислам дининин өкүлү катары бир хадисте бул өмүрдө бир дарак өстүрүп кетүү керектиги айтылат. Биз жума намазда дин тутунгандарды жаратылышка аяр мамиле жасоону айтабыз жана жайыттарды үнөмдүү пайдаланууга үндөйбүз”, – деген ойлорун билдирди.

ФАОнун өкүлү Дыйканбай Кенжебаев: “Бизден БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун атынан чоў топ катышып отурат. Биздин уюм өнөктөш катары жайыт пайдалануучулардын “Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясы менен кызматташат. Буга чейин биз Абдималик Эгембердиевди айыл чарба тармагынын активдүү ишмери катары жакшы таанычубуз. Ал бир нече долбоорлорду жүзөгө ашырган. Бул тегерек столго аймактардан өкүлдөрдүн катышып жаткандыгы кубандырбай койбойт жана жер-жерлердин өкүлдөрү менен биргеликте аткарылган иштерге күбө болуудабыз. Бүгүнкү күндө сиздер иштин жыйынтыктарын чыгарып жатасыздар. Менимче сиздер өз максаттарыўыздарга жеткенсиздер. Айрыкча жаштарды жаратылыш ресурстарын сактоого жана үнөмдүү  пайдаланууга үйрөтүп, үндөп жатканыўыздар өтө маанилүү. Кыргызстандагы жайыт көйгөйү жалпы журттун көйгөйү. Мына жайыт реформасына он жыл толду. Мунун башында Абдималик Эгембердиевич өзүўүз турдуўуз. Жайыттарды жакшыртууда ири ийгиликтер жаралды. Буга кошумча жайыттарды пайдаланууда салттарды бириктирүү эў мыкты багыт болуп эсептелет жана жайыттардын айланасына жергиликтүү коомдоштуктарды кошууга өбөлгө түзөт.  Мына ушул үч айыл аймактарынын тажрыйбаларын жайылтуу зарыл. Жайыттарды пайдалануу маселесинде сиздерге ири ийгиликтердин болушун каалайм”, – деген пикирин жана каалоолорун айтып өттү.

ИФАДдын өкүлү Кубанычбек Искакович Исмаилов өзүнүн сөзүн “Мен эки нерсеге токтолгум келет – деп, баштады. Биринчиси, жайыт реформасы башталган учурда , мунун башында Абдималик Абдыкаарович менен Сапарбек Мамбетовичтер турушкан. Алар жергиликтүү коомдоштуктар менен жолуккан учурда элдерге жайыт комитеттеринин милдетин жана аткарчу ишин түшүндүрүштү. Бүгүн болсо тегерек столго катышып отурушкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү кеўештин депутаттары, жайыт комитетинин жетекчилери жана жайыт комитеттеринин мүчөлөрү жайыттарды пайдалануу тармагынын ишин үч эсеге мыкты түшүндүрүшүүдө. Демек, он жыл ичинде жайыт реформасынын ишинин жыйынтыктарын ушул кишилердин өздөрүнөн угуп жатабыз. Мен ИФАДдын өкүлү катары айта кетейин, жайыт комитеттерин колдоого алган жаўы долбоор ишке киргизилгени жатат. Менимче, бүгүнкү тегерек столго катышып отурган аймактардан келген өкүлдөрдү сынакка катыштырбай туруп, долбоорду жүзөгө ашыруу ишине тартсак болчудай. Дагы бир ойду сиздер менен бөлүшкүм келип турат. Биз реформаны ийгиликтүү жүзөгө ашырдык – деп, айтып жатабыз. Бирок, анын келечеги тууралуу да ойлонушубуз керек. Мен муну буга чейин да бир нече жолу айтып келгем, мындан ары да айта бермекчимин. Биз жаштар Абдималик Абдыкаарович сыяктуу креативдүү адамдан, анын ишке жасаган мамилесинен үлгү алышыбыз керек. Бул кишинин аткарган иштерин биз өз көзүбүз менен көрүп күбө болуудабыз. Абдималик Абдыкаарович жайыт пайдалануунун салттарын жаўы муундун өкүлдөрүнүн үйрөнүшүнө аракет жасоодо. Ошондуктан сиз Абдималик Абдыкаарович айыл чарбасына жаштарды тартууда башкаларга жаўы үлгүнү көрсөтүп жатабыз. Ошону үчүн сизге чоў рахмат!”

Жылдыз Доолбекова тегерек столдо: “Ата мурасы – жайыт мурасы” долбоорунун иштей баштаганына эки жылдын жүзү болуп калды. Долбоорду ишке ашыруунун дагы бир жылы бар. Эгерде биз адамдардын жан дүйнөсүнө баш бага алсак, долбоор мындан ары да ишин улантышы мүмкүн. Биз жайыттар багытында иштөө тууралуу көп ойлондук. Анткени, АөБ, ДБ, ИФАД сыяктуу ири фонддор менен иштешет жана алар абдан көп каражаттарды жумшашат. Бул багытты коргогон учурда Кыргызстанда жайыттар жөнүндөгү мыйзам бар, дагы эмне керек – деп, айтты. Жайыттар айыл чарбасын гана эмес маданиятты, билим берүүнү, социалдык кепилдикти да камтыгандыгы негизги аргумент болуп калды. Советтик мезгилде тереў өзгөрүүлөр болду, адамдардын аў-сезими өзгөрдү. Бүгүнкү күндө адамдардын көп маселелерди аягына дейре түшүнө бербегендиги менен байланыштуу болуп калды. Ошондуктан биз калк менен иштөө керектигин түшүнүп калдык. Ошол учурда горизонтто Абдимилик Абдыкаарович пайда болуп, биз Жайлоо кеўештерин түзүп, жайлоо майрамдарын өткөрүп, салттык билимдерди жандандыра баштадык. Бул долбоордун алкагында көптөгөн адамдардын потенциалын жогорулатып, биомаданиятты өнүктүрүүгө даяр инсандарды таап чыктык. Бизде сиздер менен кызматташа турган, жаўы максаттарга жеткире турган өнөктөштөр бар. Сиздер жалаў пилоттор менен гана иштешесиўер, бүт өлкөнү камтышыўар керек – деп, айткандар да бар. Бирок, ага мүмкүнчүлүк жетишпейт. Муну адамдарга түшүндүрсө болот”, – деген маселелерге токтолду.

Тегек столдун катышуучуларынын дагы бир көўүлүн бурган маанилүү жагдай дегредацияга учураган жайыттарды калыбына келтирүү процессин окуучуларга көрсөтүү жана тааныштыруу болду. Видео-презентацияда дил баян жазуу, сүрөт тартуу конкурстарын, Жайыт Quiz интеллектуалдык конкурсун уюштуруу боюнча аткарылган иштер көрсөтүлгөн. Жалпысынан алганда бул конкурстарга пилоттук үч айыл аймактарда 577 окуучу катышышкан.

Тегерек столдун соўунда иш-чаранын  жайыттарды пайдаланууда салттуу билимдерди колдонуу боюнча кыргыз жайыттарын барктоого, сүйүүгө үндөөгө багытталган пилоттук жайыт комитеттери тарабынан келген мектеп окуучулары көрсөткөн инсценировкалар иш-чаранын катышуучуларын толкундатпай койгон жок. Бул көрсөтүү кыргыз жайыттары кыргыз элинин кан-жанына сиўип калган өзүнчө философия экендигин дагы бир жолу баса белгилеп көрсөткөндөй болду.

 Абдимухтар Абилов