Новости
“Жылдын мыкты жетекчиси” сынагына
“Кыргыз жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучуларынын Улуттук ассоциациясынын башкы директору Абдымалик ЭГЕМБЕРДИЕВ: “Жайыттар – бул кылымдар бою кыргызды сактап келген түгөнгүс байлык”
Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”
Кыргыздар эзелтеден төрт түлүк мал багып, турмуш-тиричилигин өткөрүүдө көчүп-конгон жайлоосуна, дегиле табиятка аяр мамиле жасап, аны урпактарына мураска калтырган. Элибиздин башкы байлыгы жер болсо, мал киндиктүү жергебизде жайыттардын орду өзгөчө экендиги талашсыз. Быйыл жайыт пайдалануучулар ассоциациясы “Кыргыз жайытынын” түзүлгөндүгүнө 10 жыл болгондугун жана бул жылдар аралыгында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жайыттар жөнүндөгү мыйзам кабыл алынып, анын натыйжасы ийгиликтер менен коштолгондугун жана ошондой эле Президенттин “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” жарлыгынын алкагында алгылыктуу иштердин аткарылып жаткандыгын ассоциациянын башкы директору айтып берди.
- Абдымалик Абдыкаарович, акыркы мезгилдерде кен байлыктарды казуу иштерине байланыштуу жайыттардын тарыганы айтылууда. Кыргызстандын канча пайызын жайыттар ээлейт?
- Кыргызстан тоолуу өлкө. Элибиз эзелтеден бери мал чарбачылыгы менен алектенип, дээрлик турмуш-тиричилигин мал багуу менен өткөрүшкөн. Ошондуктан кыргыз эли жайытка өзгөчө маани берген. Кыргызстандын жеринин 50 пайызынан көбү, тактап айтканда, 9 миллион гектардан ашык жер жайыттар. Бул бизге табияттан берилген байлык. Эми биз ошол байлыкты кантип пайдаланабыз деген суроо ар бирибиздин көңүл борборубузда болушу керек. Эгерде биз аны туура, сарамжалдуу пайдалансак, ар бир жарандын үй-бүлөлүк дарамети жакшырат. Эгер ар бир үй-бүлө бакубаттуулукка жетишсе, аны менен өлкөбүз кубаттуу болот.
Бирок, табият берген байлыкты кээде биз туура эмес пайдаланган учурлар кездешет. Алтын, көмүр, газ, нефт, кум, шагыл жана башка кен байлыктардын баары жайлоолордон чыгат. Албетте, экономиканы өнүктүрүүдө тоо-кен тармагы жолго коюлуп, туура пайдаланылса жакшы болоор, бирок аны менен көптөгөн жайыттарыбыз талкаланып жатат. Алтын өндүрүүнүн табиятка тийгизген терс таасирине анчалык маани бербегендейбиз. Алтын, көмүр жана башка кендер казылып түгөнөт, ал эми жайыттар кылымдар бою кыргызды сактап келген, түгөнгүс, келечектүү байлык. Мына ушуну түшүнүшүбүз керек. Бул тармактагы адис катары жайлоолордон чыккан алтын кенине айрымдар сүйүнсө, мен кабатырланам. Анткени жайыттар кыскарып, ал жайлоонун табияты талкаланат. Ал аймактагы абадан тартып, сууга чейин жалпы экосистема зыян тартат.
-Эгемендикти алганга чейин бизде жайыт жөнүндөгү мыйзам жок эле. Жайыттар тууралуу мыйзамды иштеп чыгуунун зарылдыгы эмнеден улам келип чыккан жана аны ким демилгелеген?
- 2006-жылы Жайыт департаментине директор болуп келдим. Иштеп баштаганда эле бул тармактагы адистер, окумуштуулар, уюмдар менен кеңешип, ошол кездеги жайыттардын абалын анализдеп көрүп, укуктук-ченемдик документ керек деген бүтүмгө келдим. Жогорку Кеңешке кайрылсам, бул туура көтөрүлгөн маселе деп депутаттар колдошту.
Дүйнөлүк тажрыйбада жер иштетүү жана табият боюнча мыйзамдар болгону менен жайыттар жөнүндө мыйзам жок экен. Мындай мыйзам союзда да болбоптур. Долбоорду жазууда 100дөн ашык вариантын даярдадык. Зарылдыгы барбы деген максатта элеттин эли, уюмдар, жергиликтүү бийликтер менен кеңешип талкууладык. Бул мыйзамдын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырылып жазылышында Дүйнөлүк банктын өкүлү швейцариялык Гетц Шрайбер менен америкалык жаранга турмушка чыккан кеминдик Асыл Унделанд деген жердешибиздин салымы чоң болду.
Дүйнөлүк банк эгер мыйзам кабыл алынса кайтарымсыз гранттарды бере турганын билдирди. Бул бизге стимул болду. Биз сунуштаган мыйзамды Өкмөт жактырып, Жогорку Кеңеш колдоп берди. Ошол учурда Жер кодексин айтып, каршы болгондор да болду. Биз аларга 2004-жылдагы жер жана агардык реформанын негизинде айдоо, кайрак жерлердин баары жеке менчикке өтүп, жайыттар кароосуз калгандыгын айтып, ынандырдык.
Ошентип, Жогорку Кеңеш 2008-жылы декабарь айында кабыл алып, 2009-жылдын январь айында президентин колу коюлуп, КРнын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзамдын негизинде жайыттарды башкаруу, пайдалануу, жакшыртуу милдети Өкмөткө эмес, жайыт пайдалануучулардын өзүнө берилди. Мындайча айтканда, эл өзү кожоюн болду. Анткени жергиликтүү элден башкалар жайыттын сырын, кыйынчылыгын жана келечегин алардай биле беришпейт.
-Эки жылдан бери Президент региондорду өнүктүрүүгө басым жасоодо. Жайыттарды жана мал чарбасын жакшыртуу багытында кандай алгылыктуу иштер аткарылууда?
-Президенттин койгон талабы эң туура жана актуалдуу. Анткени региондор жакшырып, аймактардагы элдин турмушу оңолбосо, өлкө бакубаттуулукка жете албайт. Ошондуктан биз жер-жерлеге барганда жайыттардагы көйгөй маселени эл өзү көтөрүшү жана аны чечүүнү колго алышы керектигин айтып жатабыз.
Мындан сырткары эл аралык уюмдар 80 миллион доллардан ашык каражатты жайыт комитеттерине берди. Алар бул каражатка жайлоого бара турган жолдор, көпүрөлөр, мал сарайлар, мал суу иче турган жайлар оңдолду. Айыл чарба техникаларынан: грейдер, авто машина, трактор, погрузчик ж.б. сатылып алынды. Эл аралык уюмдардан түшкөн каражатты кайсы багытка жумшаарын эл өзү муктаждыгына жараша чечүүдө. Бардык жайыт комитеттери жакшы иш алып барууда, телегейибиз тегиз, мыйзам так аткарылууда дегенден алысмын. Бирок комитеттердин көпчүлүгүнүн иши канааттандырарлык.
- Санариптештирүүнүн алкагында иш жүргүзүүнүн электрондук системасы ишке киргенби?
- Бул биздин ишмердигибиздеги артыкчылыктуу багыттардын бири. Жайыт комитеттерине электрондук системаны киргизүүнү баштаганбыз. Алгач Суусамыр жайыт комитетине киргиздик. Электрондук базанын түзүлүшү биз үчүн абдан ыңгайлуу. Шаардан туруп региондордо канча мал бар экенин, кайсы жайлоого чыгарын, кимге тиешелүү экендиги тууралуу маалымат ала алабыз. Эгер жайлоону ижарага алса, канча акы төлөнүп жатканы жана кайсы региондо кандай иш-чараларды өткөрүү керектигинен өйдө көрүнүп турат. Азыркы учурда биз муну 22 жайыт комитетине киргиздик. Мен департаментте иштеп турганда 454 жайыт комитетинин бардыгында маалымат базасын түзүп, аны электрондук форматка киргизгенбиз. Учурда башкы кеңседен эле Лейлекте же Ат-Башыда, башкача айтканда, жети облустагы жайыт комитеттеринин иши тууралуу маалымат алып, байкоо жүрүзүп турууга мүмкүнчүлүгүбүз жетип калды.
-Облустардын, райондордун жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда талашка түшкөн жайыттар бар. Мындай жагдай жаралганда маселени эмнеге таянып чечесиздер?
- Түзүлгөн 454 жайыт комитетинин чек араларын тактап, картага түшүрүп бергенбиз. Союз кезиндеги колхоз-совхоздордун аймагынын тегерегинде жайыттар каралсын деген талаптын негизинде бул тактоо 2011-жылдан 2014-жылдар аралыгында жүргүзүлгөн. Учурда 11 жайыт комитетинин картасы тактала элек. Калган жайыт комитеттеринин карталары КРнын МККнын каттосунан өткөн.
Талаш-тартыштардын чыгышы, жаңыдан келген жергиликтүү кеңештин депутаттары “мурда бизге чейинкилер туура эмес маалымат бергендиктен, карта туура эмес чийилип калган, биздин ата-бабалар пайдаланган жайыт кошунага өтүп кетиптир, кайра кайтарып бергиле” деген дооматтарын коюп жатышат. Жайыттын чегин тактоо үчүн ошол учурда төрт баскычтуу жергиликтүү, райондук, облустук жана республикалык деңгээлде комиссия түзүлүп, ал карап чыккандан кийин карта чийилген. Эгер айыл өкмөттөрдүн ортосунда чыр болсо, аны райондук комиссия карашы керек, облустук деңгээлде болсо, аны облустук комиссия кайрадан карап чыгышы керек. Булардын баары макул болуп, айылдык кеңештин сессияларында карашып, чечимдерин беришкен. Бирок айыл өкмөттөр, айылдык кеңештер, жайыт комитеттери кайрадан шайланганда айрымдары, кайра тактап бергиле деген маселени айтышууда. Мындай жагдайда түшүндүрүү жолу менен чечкенге аракет кылып жатабыз.
Чек ара чийилсе эле, ал белгиленген чектен тигил же бул тарапка мал жайылып өтпөй койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мындай учурларда бир мунасага келип, талашка түшкөн жайыт комитеттери биргелешип, макулдашуу жолу менен чечсе болот. Ал эми токой чарбасы менен жайыт комитеттеринин ортосунда макулдашуу менен бир пикирде пайдалана тургандай Өкмөттүн №192 токтому чыккан. Түшүнбөгөн кээ бир адистердин кесепетинен бул биздин жайыт эле, токой чарбасы буга эч нерсе төлөбөй жатат деген маалыматтар айтылууда. Бул маселелер боюнча да биз жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.
-Жай мезгилинде Суусамыр өрөөнүндө жолго жакын малчылар отурукташкандыктан трассада малдар ээн-эркин басып жүрүшөт, жылкылар жолго чуркап чыга калган учурлар да кездешет. Мындай көрүнүш жол коопсуздугун сактоого жолтоо болбойбу, буга кандай карайсыз?
- Суусамырдагы сууда көпүрөнүн жоктугунан малчылар аркы өйүзгө өтө албай жол боюна көчүп-конуп келишкен. Учурда 2 көпүрө салынды. Эми Чүйдүн, Таластын жана Токтогулдун малчылары аркы өйүздөгү чоң жайлоого отурукташса болот. Жолдун боюна жакын отурукташканы чоң көйгөйдү жаратат. Алардын көпчүлүгү кымыз, курут, сүт, сары май азыктарын сатуу максатын көздөп, жол жээгине жакын конгону өтө эле кооптуу, анткени мал эле эмес, үй-бүлөнүн жаш балдары да машинанын алдына чыга калышы да мүмкүн.
Жайытты туура эмес пайдаланган мындай көрүнүш биздин көңүл борборубузда болуп, бул боюнча байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Эгер алар жол боюна эмес, алыскы жайлоолорго чыгып, малын семиртип сатышса, кирешеси жогору болорун мисалдар менен айтып жатабыз. Мындан сырткары жол боюнда тейлөө көрсөтүү багытында сатылган продукциялар машиналардын түтүнүнөн булганышы да мүмкүн. Ал эми Бишкек-Ош трассасында авто унаа тынымсыз жүрүп тургандыктан малдар кайсы бир деңгээлде жүргүнчүлөргө тоскоолдуктарды жаратышы толук ыктымал.
-Эл аралык кызматташтыктын алкагында инвестиция тартуу боюнча да иш алып барасыздарбы?
- Жогоруда айтылгандай жайыттарды жакшыртуу максатында Дүйнөлүк банк, айыл чарбасын колдоо боюнча эл аралык “IFAK” фондунан 80 миллион доллардан ашык каражат тартылды. Бул каражат жалпысынан жайыттарды жакшыртууга жумшалды. Мындан сырткары “Crestonson” “Pro Jezet”, япониялык “JICA” жана “Ага Хан” жана башка эл аралык фонддор дагы колдоо көрсөтүп, жайыттарды жакшыртууга гранттык негизде каражат бөлүп жатышат. Бул эл аралык уюмдар жана фонддор менен өнөктөштүктө иш алып баруудабыз.
Мындан сырткары КМШ өлкөлөрүнүн арасында биринчилерден болуп жайыт реформасын жүргүзүп, андан натыйжа алганыбызга байланыштуу, бизге көптөгөн өлкөлөрдөн адистер келип, тажрыйба алмашып, окуп-үйрөнүп жатышат. Жакында эле Армениядан атайын топ келип кетти. Ага чейин Өзбекстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркменстан жана Казакстандан өкүлдөр келип, тажрыйба алмашып, баарлашып жогорку бааларын берип кетишкен.
Ошондой эле ALSI деген эл аралык коалициялык уюм бар. Ага 64 өлкөнүн өкүлдөрү мүчө. Биз бул уюмга мүчө болуп кирдик. Өткөн жылда бул коалициялык уюм Индонезияда уюштурган конкурска катышып, жайыттарды туура, сарамжалдуу пайдалануу боюнча сынакта экинчи орунга татыктуу болуп, атайын грамота жана 5 миң долларлык акчалай сыйлык утуп алдык. Аталган уюм 2021-жылга карата да конкурс жарыялады. Биз буга жайыт комитетиндеги электрондук система боюнча “Жайыттарды башкаруунун натыйжалуу ыкмасы” деген темадагы баяндамабызды сунуштадык. Учурда жогору баа берилүүдө, конкурстун жыйынтыгында жеңүүчү болобуз го деген ниетибиз бар.
Өткөн жылда Вашингтондо Дүйнөлүк банк уюштурган көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышкан конференцияга Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров менен барып, баяндама жасап келдим. Ошол жыйында биздин ишмердигибизге кызыгуу болуп, жакшы баа беришти.
- Жалпысынан канча жумуш орунун түзө алдыңыздар?
- 454 жайыт комитетинин ар биринде болбоду дегенде эле 3ден кем эмес адам эмгектенет, комитеттин төрагасы, бухгалтери жана сезон учурунда инспекторлор иш алып барышат. Жалпысынан 1000ден ашуун жумуш орундары түзүлдү. Өткөндө Улахолго барып жайыт комитетинде сүйлөшүп отурсам, төрагасы, анын орун басары, инспектору да зоотехник экен, бухгалтери менен 4 киши иштеп жатыптыр. Инспектору мага “Агай, сизге ырахмат, колхоз-совхоздор жоюлганы зоотехниктер жумушсуз калдык эле. Бизге жумуш орунун түзүп бердиңиз. Сизге ыраазыбыз” дегенин угуп, өзүмчө кубандым. Учурда ассоциацияда 1000ден ашуун адам эмгектенүүдө. Бул биз үчүн чоң сыймык.
- Жайыт комитеттери менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ортосунда пикир келишпеген учурлар болобу?
- Ооба, жергиликтүү бийликтер менен жайыт комитеттеринин ортосунда пикир келишпеген учурлар бар. Мыйзам боюнча мамлекет жайыттарды пайдалануу укугун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берген. Ошол эле учурда жайыттарды башкаруу боюнча айыл өкмөттөрү өзүлөрүнүн ыйгарым укуктарын жайыт комитеттерине өткөрүп беришкен. Адам болгондон кийин кээде бийлик талашкан, айрым учурларда каражат маселесинде түшүнбөстүктөр болуп, мен чечишим, же мен көзөмөлдөшүм керек деген сыяктуу пикир келишпестиктер мурда көбүрөөк болуп келген. Бул көйгөйлүү маселе азыркы учурда деле бар. Мындай пикир келишпеген учурларда биз аларды өз ыйгарым укуктарынын негизинде иш алып баруусун суранып, ынтымакта иш алып барганда гана ийгиликтер жараларын айтып, ал маселени чечүүдө өз сунуштарыбызды айтабыз.
- Кыргызстанда кой-эчки менен бодо малдын жалпы саны канча?
- Статистикалык маалыматтарга таянсак, 6,5 миллиондон ашык кой-эчки бар деп айтылат, бирок биздин маалыматыбыз боюнча бул көрсөтүлгөн цифрадан алдаганча жогору. Себеби статистикалык органдар мындай көрсөткүчтү 1-январга карата сурамжылоо жолу менен тактаган. Ал эми уй баласынын башы 1,5 миллион. Бирок, жайыт комитетинин маалыматы боюнча уйдун саны мындан да жогору. Кээ бир айылдарда эл өзү союз учурунда 30 000 баш кой болсо, бүгүн 40 000ден ашык койдун болгондугун айтып жатышат. Аныгында, мал жайлоого чыккан учурда кошуналары, тууган-уруктары кошкон малдын эсебинен алардын жалпы саны алдаганча жогору болуп жатат. Ошондуктан жайыттардын жылдан жылга чөбү суюлуп, такырланып бара жатканынын да бир себеби ушул. Мындай абалга байланыштуу, малдын санын тактоого жайыт комитеттери өзгөчө көңүл бурууда.
-Союз кезинде республикада жүнү баалуу меринос тукумундагы койлор көп эле. Азыркы учурда алар дээрлик жок болуп кетти, болсо да аз. Ал койлорду эмнеге көбөйтпөй жатабыз?
- Союз кулаганда ал койлордун көбү элге таркатылган. Ошол учурда өлкөнүн, элдин турмушу экономикалык жактан оор кырдаалга кабылган. Бир жолу базарда колхоз-совхоз учурундагы ак койлорду тизип алып, товар саткандай эле сатып отурушканын көргөм. Бүт баарын эл союп, жок кылып жиберген. Кара-Кулжада аким болуп тургандагы бир окуяны айтып берейин. Базарга барсам бирөө 30 меринос тукумундагы койлорун сатканы алып келиптир. Ал кезде мындай тукумдагы койлор жок болуп калган кез эле. Кимдики деп сурасам, Алайкуудагы Тагай Райымкулов деген фермердики болуп чыкты. Ал фермерден эмнеге мынча койду сатып жатасыз деп сурасам, анда дагы 2,500 кой бар экенин айтты. Ал өзү өмүр бою чабан болгонун, таркатылган койлорду эл союп, сатып жатканда жок болуп кетпесин деп уйларын сатып, ордуна меринос тукумундагы ак койлорду сатып алып көбөйткөнүн айтты. Ал базарда айрымдар эки-үч бөтөлкө аракка деле козуларды сатканын көрүп, жаны ачып, Оштогу арак заводунан бир машина арак алып барып, баарын сатып алыптыр. Ал аракка сатып алып туура эмес кылганын, бирок өзү өмүр бою чабан болуп иштеп, бул ак койлорго жакын болгондуктан, жок болуп кетпесин деп сактап калуу аракетинде, Кудайга жакпаса да ушундай кадамга барганын айтып берген. Кийин бул чабан мамлекеттик сыйлык алды.
Азыркы тапта бул койлордун аз болуп жатканы жүндүн наркынын төмөн болуп жатканына байланыштуу. Эгер жүндөн жасалган товарларды экспортко чыгарууну жолго коюп, аны иштете турган текстилдик фабрикаларды ачсак, анда бул койлорду көбөйтсөк болот. Бул багытта иш алып бара турган адистер да, чабандар да бизде жетиштүү. Былтыр жүндүн баасы 300 сомго чыкса, быйыл андан төмөн. Жүндүн баасына болгон мындай көрсөткүч Кытай өлкөсү сатып алган учурларда жогорулап, албай калганда төмөндөп кетип жатат...