Новости

Всех с наступающим 2020 годом!
26 дек.

Урматтуу жайыт пайдалануучулар!

Жайыттар – кыргыз элинин, өлкөбүздүн зор байлыгы. Жайыттарды рационалдуу, туура пайдалануудан жайыт пайдалануучулар эле эмес жалпы элибиз чоң пайда көрөөрү баарыбызга белгилүү. Жайыттарды эффективдүү башкаруу, пайдалануу жана жакшыртуу максатында “Жайыттар жөнүндө” мыйзамга ылайык жайыт пайдалануучулар бирикмелери, алардын аткаруучу органы катары жайыт комитеттери түзүлгөнүнө быйыл туура 10 жыл болду. Бул мөөнөт ичинде биздин жайыт реформабызды көптөгөн эл аралык уюмдар, фонддор колдоп келди, ошондой эле биздин тажрыйбабызга кызыгып, башка өлкөлөр да биздин мыйзамды үлгү катары алып, өздөрүндө дагы ушундай иш-чараларды баштады.

Бардыгыбызды кубандырганы - бул он жылдыкта биздин жайыт комитеттер өз алдынча коомдук уюм катары бир топ ийгиликтүү иш чараларды ишке ашырылып, көп жылдардан бери кароосуз калган алыскы жайыттарга баруучу жолдор оңдолду, булактар тазаланды, малдар суу ичүүгө жакшы шарттар түзүлүдү, көптөгөн тоо арасындагы көпүрөлөр оңдолду жана жаңыдан салынды, жалпысынан миңден ашык иш оорундары пайда болду. Жайыт комитеттердин аракети менен жайыттардын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында тоодо өсүүчү чөптөрдүн үрөөндөрү себилип, жайыттардын абалы жакшыруу жолуна түшө баштады. Жайыт комитеттеринин төрагаларынын көпчүлүгү өз милдетине жогорку жоопкерчилик менен мамиле жасаган, эл ичинде кадыр-барктуу адистер болуп, арасынан айылдык кеңештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчылары жана район жетекчилери шайлана баштаганы да жайыт комиттеринин кадыр баркы жыл сайын өсүп келе жаткандыгын билдирет.

Учурдан пайдаланып, урматтуу жайыт пайдалануучулар, сиздерди келе жаткан жаңы 2020-жылы менен куттуктайбыз! Ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөт. Жаңы жыл мекенибизге тынчтык, элибизге береке алып келген бакубат жыл болуп, жайыт чарбабыз өнүгүп, ар бир үй-бүлөнүн маанайы жарык, ден соолугу бекем болсун. Эмгегибиз үзүрлүү болуп, ийгилигибиз арта берсин!

Жайыт жакшы болсо төл өсөт,

Жайытты ынтымакта пайдаланса эл өсөт!

 

Урматтоо менен,

башкы директор А.Эгембердиев

жана жалпы Кыргыз жайыты командасы.