Новости

Үмүт арттырган 2020-жылда кыйынчылыктарга карабастан орчундуу иштер аткарылды.
15 дек.

Үмүт арттырган 2020-жылда кыйынчылыктарга карабастан орчундуу иштер аткарылды.

Адатта биз жылдын аягында жайыт секторун жакшыртуу боюнча чогуу чаран аткарган иштерибиздин жыйынтыгын чыгарабыз жана кийинки жылы аткарыла турган иштердин планын түзөбүз. Биз өтүп бараткан жылы өлкөдө коронавирус инфекциясы каптаганына жана саясий кырдаалдын оорлошконуна карабастан, жер-жерлерде жайыт пайдалануучулардын дареметин жогорулатуу жана жайыт комитеттерине колдоо көрсөтүү боюнча өзүбүздүн негизги ишибизди уланттык. 2020-жылы биз өткөргөн иш-чаралар, долбоорлор жана демилгелер негизинен жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин дараметин жогорулатуу, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, укуктарын коргоо, ошондой эле жайыт ресурстарын жакшыртуу жана био артүрдүүлүктү коргоо боюнча жергиликтүү демилгелерге салым кылуу аркылуу жайыт пайдалануучуларды колдоо жана туруктуу өнүктүрүү жолу менен жайыттарды сактоого, анын абалын жана сапатын жакшыртууга багытталды.

Бул жылы Ассоциация жайыт пайдалануучуларга жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун укуктук негиздери боюнча, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмелерине өткөрүп берүү, бардык кызыкдар тараптардын милдеттери, жайыт комитетинин укуктары, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу пландары, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы жана төлөнгөн каражаттардын пайдаланылышы, жайыт пайдалануудан түшкөн жер салыгы сыяктуу түйүндүү маселелер боюнча кеңеш берүүлөрдү улантып келдик. Көптөгөн жайыт комитеттери жайыт пайдалануудагы келишпестиктер, жергиликтүү деңгээлде башка жаратылыш ресурстарын пайдалануучулар менен кызматташуу боюнча бизге кайрылган учурларда биз аларга колдонуудагы мыйзамдардын чегинде өз убагында адистик жардамды көрсөтүп турдук.

Биз кыйынчылыктарга карабастан жаратылыш ресурстарын башкаруунун салттык тажрыйбаларын кайра жандандыруу боюнча жүргүзгөн иштерибиз кубандырбай койбойт. Биз жергиликтүү жааматтар менен биргеликте бардык күчүбүздү жана билимибизди жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун салттык негиздерин кайра жандандырууга, жайыт пайдалануучулар тармагын чыңдоого, жер ресурстарын башкаруу мүмкүнчүлүктөрүн арбытууга багыттадык. Бул багыттар боюнча ар кыл иш чараларды жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жайыттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча жакшы пайдубалдын түзүлгөнү байкалууда. Алсак, быйыл Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад областтарындагы 3 пилоттук жайыт комитеттери менен кызматташууну уланттык, алардын тажрыйбаларын республиканын бардык областтарынын 21 жайыт комитеттерине кеңири жайылтууну баштадык. Салттуу билимдер ата-бабалардан сакталып келе жаткан көөнөргүс байлык болуп эсептелет. Ассоциациянын бул байлыкты сактоочулар жана алып жүрүүчүлөр менен жүргүзгөн иштери абдан жакшы натыйжаларын берүүдө. Жергиликтүү жамааттардын көпчүлүк бөлүгүнүн, аксакалдар болобу, жаштар болобу ата-бабалардан калган салттуу мамилелердин жана методдордун негизинде жаратылыш ресурстарына, жайыттарга, курчап турган айлана-чөйрөгө карата сарамжал мамиле жасоо багыттарындагы мамилелеринин өзгөргөнүн байкоодобуз.

Калкыбыздын экологиялык аң-сезиминин алда канча жакшырышы жана жайыт ресурстарын пайдаланууга карата коомдук мамиленин өзгөргөндүгү -  малчылардын жана жайыт пайдалануучулардын күндөлүк жашоосунда салттуу билимдердин ролун жана маанисин даана түшүнгөндүктүн айкын далили. Биз мындан ары да ата-бабаларыбыздын көп кылымдык салттарынын жана билимдеринин негизиндегы жайыт ресурстарын башкарууну жакшыртуу боюнча биздин жайыт пайдалануучулардын ар түрдүү идеяларын колдоого даярбыз. Жайыттарды салттуу билимдер менен пайдаланууну кеңири жайылтуу максатында жалпы эле жайыт пайдалануучулар колдонуучу атайын китеп чыгарылды.

Ошондой эле бул жылы ассоциациянын командасы эл аралык донорлор менен кызматташууну улантууда. Мисалы, ФАО уюму менен Өзгөн районундагы климаттын өзгөрүүсүнө карата өзгөчө кырдаалды болтурбоого арналган бир канча иш-чара аткарылып, жергиликтүү калктын ар кандай табият көйгөйлөрүнө даярдыгын камсыз кылуу үчүн эк чакан долбоор ишке киргизилди. Биз өзүбүздүн алдыбызга климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана жаратылыш кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу боюнча жакшы жыйынтыктар менен айыл чарбасын жүргүзүү методдорун жылдыруу милдетин койгонбуз. Жергиликтүү жамааттар менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө агро токой чарбасы системасын ишке киргизүү чечимин кабыл алганбыз. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн администрациясынын колдоосу менен 1 га демонстрациялык участоктун жери пландаштырылып, аны чоң таштардан, башка заттардан тазалап, сел коркунучтарын, ташкындарды, жээк эрозиясын болтурбоо боюнча дарыя тараптан  буфердик аймакты түзүү үчүн кара жыгач бактары, ички азык-түлүк керектөөлөрү үчүн алма бактары отургузулду. Ошондой эле жергиликтүү жамааттарды колдоо катары колдогу малга тоют даярдоо үчүн люцерна үрөнү себилген жана демонстрациялык участоктогу сугат суусунун жетишсиздигине байланыштуу сугат насосун орнотуп берүү чечими кабыл алынган. Пилоттук жамаат жана жергиликтүү фермерлер үчүн ландшафттын жана климаттын өзгөчөлүгүн эске алуу менен климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайлашуу жана агро токой чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрүлдү. Бул багыт өлкөнүн бардык аймагында алдыңкы тажрыйбаларды андан ары жайылтуу үчүн биздин артыкчылык берилген ишибиз бойдон кала бермекчи. Ушул эле уюмдун колдоосу менен Өзгөн районунун Жалпак-Таш жайыт комитетинин Ийри-Суу жайлоосунда жасалма мөңгү жасоо үчүн 2,5 км аралыктан булактын суусун алынып келип фонтан жасалды.

Биз өлкөнүн жайыт пайдалануучуларынын кызыкчылыгын жактаган уюм катары регионалдык жана эл аралык деңгээлде ассоциациянын таанымалдыгын жогорулата бермекчибиз. Мисалы, биз түпкүлүктүү элдер жамааттарды коргоочу Эл аралык жер коалициясынын жана Консорциумунун мүчөсү болуп эсептелебиз, ошондой эле 2017-жылдан тартып БУУнун жердин такырлануусу жана деградация боюнча Конвенцияны жүзөгө ашырууда байкоочу статусуна ээбиз. Мындан сырткары биз өткөн жылы Борбордук Азия жайыттар альянсына, 2016-жылы жайыттар секторунда тажрыйба алмашуу боюнча регионалдык жайыттар тармагына кошулганбыз. Албетте 2016-жылдан бери карай  биздин уюм төрагалык кылып жаткан Кыргызстандагы жайыт ресурстарын натыйжалуу башкаруунун кызыкдар тараптарынын Координациялык кеңешин баса белгилеп кеткибиз келет.

2020-жыл өтө татаал жыл болгондугу баарыбызга белгилүү. Ошондой болсо да жер-жерлерге баруу кыйын болгондугуна карабастан биз жаңы технологияларды колдонуу менен ишибизди улантып жаттык. Өлкөнүн ичинде негизги консультацияларды телефон, электрондук почта, мессенджер, вотсап аркылуу берип турдук. Эл аралык жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр, ошондой эле ар түрдүү вебинарлар, видеоконференциялар,  катышуулар онлайн форматы менен жүргүзүлдү, жада калса бүткүл Азиянын көптөгөн катышуучу өлкөлөрдүн жана көз карандысыз эксперттердин башын бириктирген Азия жер форуму биринчи жолу онлайн өттү.

Биз бул жылды жыйынтыктоо менен өткөндүн сабактарын талкуулайбыз, ошондой эле алдыга келечек пландарыбызды коёбуз. Биз менен кызматташкан ассоциациянын мүчөлөрүнө, туруктуу өнөктөштөрүбүзгө, өкмөттүк эмес сектордогу, мамлекеттик мекемелердеги, илим секторундагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз. Келе жаткан 2021-жылы биздин ишибиздин бардык багыттарында ийгиликтер жаралаарына ишенебиз жана мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сиздерди жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз,  жайыт секторун өнүктүрүүдө ийгиликтүү долбоорлордун болушун, ал эми өлкөнүн бардык жайыт пайдалануучуларына ден соолук жана бакубат жашоо каалайбыз.

 Урматтоо менен,

“Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын жамааты