Новости
Эл аралык жайыттар жана малчылар жылы Кыргызстан үчүн маанилүү.
26 окт.
"Эл аралык жайыттар жана малчылар жылы" Кыргызстан үчүн маанилүү.
Биздин ассоциация ушул жылдын сентябрь айындагы даңазалуу окуясы – 2026-жылды “Эл аралык жайыттар жана малчылар” жылы деп жарыялагандыгы жөнүндөгү БУУнун резолюциясын кабыл алуунун катышуучусу болуп калдык. Өлкөнүн бардык жайыт пайдалануучуларынын өкүлү катары “Кыргыз жайыты” ассоциациясы мүчөлөрүнүн атынан бул демилгени толугу менен колдойт жана аны айгинелөө иретинде тандоо комиссиясына ассоциациянын башкы директорунун расмий кайрылуусун, ошондой эле биздин жайыт пайдалануучулардын көп сандаган колдоо каттарын, фото жана видео кайрылууларын даярдады. Биздин жасаган аракетибиз натыйжалуу, Борбордук жана Түштүк Азиянын, Африканын, Европанын, Түндүк жана Түштүк Американын көптөгөн өлкөлөрүнүн идеялары менен үндөш болду.

Бул эмне үчүн маанилүү? Мал чарбачылыгы Кыргызстандын калкынын 65 пайызынан көбүнүн кирешесинин эң маанилүү булагы болуп эсептелет жана ал айыл жерлеринде жумуштун негизги түрү гана болуп саналбастан, 3 миллиондон ашык адам үчүн жашоо шарты да болуп эсептелет. Биздин өлкөнүн жайыттары дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгүдөй эле климаттын туруксуз шарттарына, такырланууга, деградацияга дуушар болууда. 2009-жылы Кыргызстанда “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамдын кабыл алынышы жергебиздеги жаратылыш ресурстарын сактоо боюнча мамлекеттин маанилүү чечимдеринин бири болуп калды. Анын натыйжасында жайыттарды башкаруу жана пайдалануу укугу иш жүзүндө жергиликтүү жааматтарга – жайыт комитеттерине берилди.
Ушул убактан тартып өлкөнүн бардык аймактарында жайыт пайдалануучулардын 454 жамааттары түзүлүп, жайыт реформасы ийгиликтүү жүзөгө ашууда, жайыттар инфраструктурасын жакшыртуу, алардын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана био артүрдүүлүктү сактоо боюнча көп сандагы долбоорлор жүзөгө ашырылды. Акыркы жылдарда айыл калкынын дарамети жогорулагандыгы, жайыт ресурстарынын баалуулугу жана аларды таза сактоо маанилүү экендиги таанылгандыгы байкалууда. Жайыттарды башкаруу боюнча көп жылдык стратегиялык чечимдерди жергиликтүү калктын катышуусу менен жана мал чарбачылыгынын улуттук салттарын сактоо аркылуу кабыл алынганы дагы кубандырбай койбойт.
Бирок, Кыргызстандын жайыттарын сактоону жана сапатын жакшыртууну жайыт пайдалануучулардын бирикмелерин колдоо жана туруктуу өнүктүрүү, алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, дареметин уламдан улам өркүндөтүү, укуктарын коргоо, ошондой эле жайыт ресурстарын жакшыртуу жана био артүрдүүлүктү коргоо боюнча жергиликтүү демилгелерди колдоо аркылуу гана жүзөгө ашырууга болот. Биз жайыт пайдалануучулардын жергиликтүү жааматтары бардык кызыкдар тараптардын колдоосуна ээ болгон, жайыттарды натыйжалуу башкарууга жана бүт өлкө боюнча жайыт пайдалануучулардын жашоо-турмушуна колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүү күчтүү жана көз карандысыз бирикмелерден болуп калуусуна аракет жасайбыз. Эл аралык жайыттардын жана малчылардын жылы жайыттардын маанилүүлүгүнүн глобалдык түшүнүгү үчүн зарыл болгон импульс бериши керек. Бул демилге жайыт пайдалануучулардын курч көйгөйлөрүнө, калктын бардык катмарларынын жаратылыш ресурстарына калыстык менен жетишин камсыз болуу зарылчылыгына, жер ресурстарын башкарууну жана пайдаланууну жакшыртууга, ошондой эле жер ресурстарын калыбына келтирүүгө көңүл бурууга жардам берет. Мындан сырткары малчылардын эл аралык жылы жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу жана гумандуу пайдалануу, жайыттар менен байланышкан маданий баалуулуктар жана салттарды чыңдоо, ошондой эле малчылардын укуктарын күчөтүү жана коргоо саясатын жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт.
Бул демилгенин алкагындагы ар кыл иш-чаралардын натыйжасында биз гендердик баланстын жогорулашын жана чечимдерди кабыл алуу процессине жаштардын тартылышын, сектордун көйгөйлөрү жана алардын чечилишинин инновациялык жолдору тууралуу өкмөттүн кабардар болуусунун жогорулоосун, бул демилгенин алкагындагыдай эле өнүктүрүү жана курчап турган айлана чөйрө жаатындагы глобалдуу максаттарды колдоого донордук уюмдар секторунун каржылоо деңгээлинин жогорулоосун күтөбүз. Бул демилге боюнча окуялардын өнүгүүсү жөнүндөгү маалыматтарды www.iyrp.info сайтынан, ошондой эле www.jayt.kg биздин сайтыбыздын беттеринен тааныша аласыздар.

