Новости

Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба комиссиясы жайыт падалануучуларды колдойт.
31 окт.

Эл аралык кызматташуу. Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба комиссиясы жайыт падалануучуларды колдойт.

Жайыттар жана малчылардын эл аралык жылын өткөрүү демилгеси алдыга карай чоң кадам жасады. Сентябрь айындагы онлайн жолугушуусунда Бириккен Улуттар Уюмунун айыл чарба комиссиясы 2026-жылын эл аралык жайыт пайдалануучулардын жылы деп  жарыялады. Бул абдан жакшы жаңылык болду, биз баарыбыз аны көп жылдагы демилгелеп күткөнбүз.

2016-жылы Борбор Азия жайыт демилгеси эл аралык уюмдары менен биргеликте бул идеяны сунуштап, кийинчерээк борбор азиядан тышкары көптөгөн жайыт тармагында алектенген уюмдар колддоп келди. Учурда Монголиядан “Жасыл” жайыт пайдалануучулар уюму жана Кыргызстандан “Кыргыз жайыты” ассоциацисы башында турган демилге эки өлкөдөн тышкары кошуна мамлекеттерде дагы колдооо табып, бул демилге ичинеде көптөгөн иш-аракеттер пландаштырылууда.

Жайыт дыйканчылыгы дүйнө жүзүндөгү көптөгөн жамааттардын жашоо образы болуп саналат жана убакыттын өтүшү менен ал жайыт ландшафттарын жана малчылардын жашоосун курчап турган чөйрөнү коргоону колдоп келет. Мисалы, Монголияда 2017-жылы улуттун үчтөн бири жайыт дыйканчылыгында иштеген жана бул тармак өлкөнүн экспортунун 8,4 пайызын жана ИДПнын 24 пайызын түзгөн. Айыл чарба тармагында жалпы өндүрүштүн дээрлик 83 пайызы жайытты салттуу мал чарбачылыгынан келип чыгып, ал 66,5 миллион малды камтыйт. Бир малчынын үй бүлөсү орто эсеп менен 390 малдын ээси болуп, жайыттар өлкөнүн аймагынын 72 пайызын ээлейт.

Көчмөн мал чарбачылыгы өзүнүн узак тарыхында жайыттардын татаал климаттык шарттарына ыңгайлашуу үчүн жаратылыш жана айлана-чөйрө менен шайкеш өнүгүп келе жатат. Ден-соолукка пайдалуу жайыттар адамга азык-түлүк коопсуздугу, дары-дармек, жергиликтүү жана регионалдык экономика, туризм сыяктуу маанилүү артыкчылыктарды берет. Ошондой эле экосистемалык кызмат көрсөтүү, мисалы, азыктандыруучу циклдарды, кычкылтекти өндүрүү, жапайы жаратылыштын жашоо чөйрөсү, биологиялык ар түрдүүлүк жана топурактын пайда болушун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү. Монголдор жана башка көптөгөн элдер үчүн жайыттар бул маданияттуу, салттуу жана тарыхый мурас, ал муундан муунга өтүп келген.

Демек, эл аралык жайыт пайдалануучулар жылы бул биргеленген глобалдык кыймыл, анын ичинде көптөгөн улуттук өкмөттөр, илимий-изилдөө институттар жана баарынан мурда жарандык коом. Бул демилгени колдоо катары www.iyrp.info веб сайты ачылып, ал жерге болгон идеяларды, сунуштарды, ой-пикирлерди жүктөгөнгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

Азыркы учурда дүйнө жүзүнөн 150 ашуун уюм колдоо билдирди, Бириккен Улуттар Уюмунун мүчө-өлкөлөрү кеңири колдоосун моюнга алды. Биз дагы өз тараптан “Кыргыз жайыты” ассоциациясы менен биргеликте колубуздан келген колдоону көрсөтүүгө даярбыз.

Хиджаба Ыханбай,

“Жасыл” ассоциациясы, Монголия.