Новости

Фантазиябы же чындыкпы? Кыргызстандагы жасалма мөңгүлөр өз кулачын жаюуда.
4 ноя.

Кыргызстандагы жасалма мөңгүлөр өз кулачын жаюуда

Акыркы убактарда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлү климаттын өзгөрүү көйгөйүнө бурулууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, айрыкча анын бийик тоолуу бөлүктөрүндө, глобалдык күндүн ысышынын таасирин биз да сезип жатабыз. Өлкөнүн бардык жайыт  пайдалануучуларын бириктирген уюм катары биз республиканын аграрчыларынын башкы көйгөйлөрүнүн бири – суунун жетишсиздигине туш келип жатабыз. Көбүнесе мындай бир кырдаалды учуратууга болот. Жакшынакай бир жайыт бар, бирок, анда мал жайылбайт, анткени, ал жерде суу жок. Ошондуктан малды башка жакка айдоого туура келет. Жакшы жайыттарга күч келет да, ал жайыт такырланууга учурайт. Мындай кырдаалга  биздин эксперттер кош көңүл карап тура алышпай, инженерлер менен бирдикте бул көйгөйдү чечүүнүн оңой жана үнөмдүү жолун табышкан.

Биз баарыбыз бийик тоолуу жайыттарда суунун көп сандаган булактары бар экенин жакшы билебиз. Анкени, ал жакта чоң-кичине түркүн-түркүн булактар агып турат. Аларды сактоо жана айыл чарбасына керектөөнү туура пайдалануу - өтө маанилүү. Жасалма мөңгүлөрдү куруу аркылуу көйгөйдү чечүүнүн жолу табылды. Бул инженердик конструкцияны бийик тоодогу булактын суусун түтүк аркылуу алыс эмес аралыкка суусуз жерге тартып келип, аны күз-кыш айларында тоңдуруп, пайда болгон мөңгүнү жаз-жай айларында андан ары пайдалануу болот экен. Бул суу бар жерлерден алыстыкта жайгашкан айылдардын суу менен камсыз болушуна шарт түзүлөт. Ошентип, биз элдин малынын сууга жетишүүсүнө, жайыт пайдалануучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзөбүз. Бул келечекте климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу. анын кесепеттерин жеңилдетүүгө практикалык метод болуп калат.

Жасалма мөңгүлөр өйдөдөн агып түшкөн сууну тигинен тоңдуруу жолу менен жасалат. Ал бийиктиги 30-40 метрлик муз мунараларын элестетет. Мунун баары жасалма мөңгүнү жасоого суунун өз агымы менен агылышы үчүн жерге казып жайгаштырылган түтүк жана тигинен орнотулган түтүк керек болот. Жылдын минустук температурадагы суук мезгилинде тоо булактарынын суулары акырындык менен жыйналып отуруп, анын көлөмү бир нече миң кубометрге жетет. Ал суунун агымынын күчүнө, сугарылуучу жердин аянтына, ошондой эле жааматтардын керектөөсүнө жараша жөнгө салынып турушу мүмкүн. Ошентип отуруп, бул муз жаз-жай айларында ээрип, жергиликтүү калкты суу менен камсыз кыла баштайт. Биз бул методдун ыңгайлуулугун, конструкциянын жөнөкөйлүгүн, ага кеткен каражаттын үнөмдүүлүгүн, аны татаал участоктордо ишке ашырууга боло тургандыгын баса белгилеп айткыбыз келет. Муну үчүн атайын чоң даярдыктын, чоң техниканын деле кереги жок. Долбоорду жергиликтүү жамааттардын күчү менен эле жүзөгө ашырууга болот. Биз болсо колдоо көрсөткөнгө, жардам бергенге жана координациялоого даярбыз.

Биз биринчи жолу жасалма мөңгүлөрдү жасоо идеясын айтып чыкканыбызда көптөр тамаша катары кабыл алышкан. Ал эми Нарын областынын Жерге-Тал айылы бул идеяны колдоду. Алар: “Жайында биз да суунун жоктугунан кыйналабыз, бизден 2 км жогору жакта булактын суусу бар экенин билебиз, бизге жардам бериңиздер” - дешти. Биз түтүккө, бензин генераторуна, цементке акча таап бердик. Өздөрү да кошумчалашты. Кол менен траншея казган жергиликтүү калкка, чабандарга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Түтүктүн аяк жагын жерден 20 метр бийиктикке көтөрүштү. Эң сонун фонтан пайда болду.

Бүгүнкү күндө ассоциация Нарын жана Ош областтарында бир нече пилоттук долбоорлорду жүзөгө ашырды. Чүй, Ысык-Көл жана Баткен областтарында мындай мөңгүлөрдү ишке ашыруунун алдында турат. Биз бул долбоорго жергиликтүү жамааттардын жана өз ара башкаруу органдары олуттуу колдоо көрсөткөнүнө жана аны жүзөгө ашырууга активдүү катышкандыгына кубануудабыз. Жергиликтүү тургундар жасалма мөңгүлөрдүн жакшы натыйжаларды берип жаткандыгын белгилешип, оң бааларын беришүүдө. Биздин калк менен малчылар менен жолугушканыбызда алардын долбоорго  кызыккандыгы байкалат жана бир ооздон ишке ашырылып жаткан мындай долбоорлордун керектүүлүгүн белгилешет.  

Мына ушул мөңгүлөрдүн натыйжалуулугун өз көздөрү менен көргөн биздин айылдык жашоочулар эмне айтып жатышат? Биринчи кезекте, ичүүчү сууга жеткендерин айтышууда. Мындан ары малчылар таза ичүүчү сууну турмуш-тиричиликтеринде, малдарын сугарууда пайдаланышат, ошол эле учурда малдарын алыскы жайыттарда багууга, ыңгайлуу жашоого мүмкүнчүлүк алуу менен айылдарга жакын жайгашкан жайыттардын калыбына келүү табигый процессине жолтоо болбойт. Тоонун сууларын минтип пайдалануу менен жайыттардын кургакчылыкка жана такырланууга учураган жерлерин калыбына келтирүүгө, чөптүн калыңдыгын жакшыртууга,  кыртыштын асылдуулугун көтөрүүгө болот. Жаз-жай айларында күндүн нурунан ээриген мөңгүнүн суусу бул аймактарды башка багыттар боюнча пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, агро токой чарбачылык системасын пайдаланып, Өзгөн районундагыдай жемиши желине турган бадалдар менен кошо кадимки жемиш бактарын аралаш отургузуу керек. Тажрыйба көрсөткөндөй кургакчыл жерлер өзүнүн айбанаттары же куштары менен мактана албайт. Ошондуктан бул жерлерге суу келсе, ал жерлердин табигый жаратылыш балансы калыбына келет жана био артүрдүүлүктүн көрсөткүчү жакшырат, мал үчүн сапаттуу микроклиматты сактайт.

Биз ойлойбуз, биздин жайыт пайдалануучуларга бул тажрыйба жер-жерлерде көйгөйгө кенен кароого, жаңыча мамилелерди, заманбап чечимдерди, чыгармачылык дареметти пайдаланууга жардам берет. Биздин ассоциация жаңы идеяларга жана сунуштарга дайыма ачык жана Сиздерди алдыңкы демилгелериңизди колдоого дайым даяр.