Новости
Мөл булактан жаралган мөңгү
Кийинки кездерде суунун зарылчылыгы, мааниси, касиети, тазалыгы жөнүндө көптөгөн маалыматтар айтылып келет. Суунун жетиштүү болуусу бардык жандыктар үчүн өтө маанилүү жана суусуз жашоо да мүмкүн эмес деген тыянакты түшүндүрүүнүн кажети деле жок. Айтмакчы,жашообузга бир нерсе өтө зарыл керек болгон учурда, бул бизге аба менен суудай керек деп да бекер айтпасак керек. Сууну элибиз адамдарды дарылоодо жана адамдарды жаман бир каситтерден арылтууда, ошондой эле ырым-жырымдарда да колдонуп келишкен. Баланын кыркын чыгарууда ошол өрөөндөгү барктуу байбиче балага Көкө Теңирден узун өмүр тилөө менен тоонун көк кашка тунук суусунан ооз тийгизип, мындай деп бата берген:
Кырк атаңдын жөрөлгөсү,
Ата-энеңдин өбөлгөсү!
Кырк уруу кыргыз ичкен суу,
Кырк атабыз кечкен суу,
Кырк ашууну ашкан суу,
Кырк томолонуп келген суу,
Кыр таштарды кырккан суу,
Кызыр атам таткан суу,
Суудай таза бол!
Нурдай сулуу бол!
Бул жерде элибиздин табияттын тазалыгына, өзгөчө агын сууларды ыйык тутуу менен алардын касиетине жана жагымдуу таасирине болгон терең ишеними көрүнүп турат. Азыркы учурда суунун өзгөчө бир касиеттери тууралуу окумуштуулардын көптөгөн изилдөөлөрүнүн жана иликтөөлөрүнүн жыйынтыктары ачыкка чыгып, жалпыга маалым болууда. Окумуштуулар: “Суу жаралуунун башаты, жашоонун булагы жана табияттын байлыгы. Ал өзгөчө бир түзүлүшкө ээ болуу менен айланасындагы бардык маалыматты өзүнө сиңирип алат жана ал жерде болгон бардык окуяларды эстеп калат. Көл, арык, булак, мөңгү өзүнө терең сыр сактаган, бирок тунжурап үн катпаган тарыхтын күбөсү. Суу адамдын сүйлөгөн сөзүн, ойлогон оюн эстеп калууга жана бул маалыматтарды таратууга ошондой эле адамдын денесин дарттан арылтууга жөндөмдүү. Суу адамдын денесин кирден эле тазалабастан, пейлин да жаман ойдон арылтат. Демек, биздин ар бир оюбуз, иш-аракетибиз, сөзүбүз суунун эстутумунда. Суу канчалык маалымат болбосун бардыгын эсепке алып турат. Аны атайын таасирсиз бузууга эч мүмкүн эмес” - деген корутундуга келишти. Ушундай бир маалыматтардын биринде төмөнкүдөй окуя баяндалат. Анда көп убакыттар бою эс тутумун жоготуп койгон адам, өз жерине кайтып келип бала чагында суу ичип жүргөн кудугунан суу ичкенден кийин, кайрадан бардыгы эсине түшүп, эс тутуму толугу менен калыбына келгени айтылат. Ушул сыяктуу эле суунун адамга болгон өзгөчө бир таасири тууралуу окуялар биздин элибизде да көп эле айтылып келет. Мисал катары айта кетсек, баланча жерден таланттуу адамдар көп чыгат экен десе, анын сыры ошол жердин суусунда деп коюшат. Элибиз суунун өзгөчө касиетин илгертеден эле баамдап, туюп, сезип, сууга өтө аяр мамиле жасоо менен сарамжалдуу колдонуп келбеди беле. Ошондой эле сууга байланышкан эреже, салт-санаа, ырым-жырымдарыбыздын көптүгү дагы буга кошумча далил болуп отурбайбы. Кыргыз эли булак чыккан жерди жашоонун башаты катары ыйык тутуп, ага кылдат мамиле кылып, илгертеден кастарлап келишкен жана анын айланасын таза кармоо милдет болгон. Суунун маанилүүлүгү тууралуу таамай айтылган төмөнкүдөй макал сөздөрдү мисал келтирсек болот: “Сууга жакын –Кудайга жакын”, “Суулуу жер – бейштин төрү, суусуз жер – тозок көрү”, “Суунун да сурагы бар”, “Суу – жашоонун булагы”, “Суу жерге, байлык – элге”, “Суу – адамдын жаны, өсүмдүк – каны”, “Суу сыйлаган зор болор, суу кордогон кор болор”. Ал эми булактын суусунун тазалыгы жана жагымдуулугу эң жогорку даражада бааланып, «булактай тунук», «мөлтүр булак», деген салыштырмалуу сөздөр айтылып келет. Агын сууларга, булактарга аяр мамиле жасоо боюнча көптөгөн өтө баалуу, күнүмдүк жашоодо пайдаланылып келген, өзгөчө жаштар үчүн чоӊ тарбиялык мааниге ээ накыл сөздөр көп айтылат. Буга мисал катары Жеңижок атабыздын белгилүү “Аккан суу” аттуу ырында төмөнкүдөй саптар бар:
Айтып жана кеткендей:
Чөп жаратат аккан суу.
Төрт-түлүктү семиртип,
Эт жаратат аккан суу.
Алма, жүзүм, алмурут,
Алча кылат аккан суу.
Четин, шилби, карагай,
Арча кылат аккан суу.
Биз билбеген дүйнөдөн,
Канча кылат аккан суу,
Ай жаныбар, аккан суу!
Тоодон аккан жеринен,
Жаралганда тегинен,
Тунук болгон аккан суу.
Тазалыгы жагынан,
Карап турсаң баарынан,
Улук болгон аккан суу.
Кемеринин ичине,
Алтын канат, жез куйрук,
Балык толгон аккан суу.
Керектиги Ааламга,
Анык болгон аккан суу!
Башын салса: «Тур, кет!» деп,
Унчукпаган аккан суу!
Ирик менен чирикти,
Таза кылган аккан суу.
А жаныбар, аккан суу,
Күнү-түнү аксаң да,
Кызмат этип жатсаң да,
Кадырыңды билбейбиз.
Көңүлүңдү кир кылып,
Кайра өзүңдү тилдейбиз.
Жок дегенде бир жылда,
Зыярат кылып жүрбөйбүз.
Суу сыйлаган зор болор,
Суу кордогон кор болор,
Өзүнө өзү жоо болор.
Акыл менен ойлоп ал,
Айткан жокмун тим гана!
Кыргызстан – таптаза тоо мөӊгүлөрүнөн жана булактарынан агып чыккан мөлтүр суунун мекени. Бул табияттын бизге тартуулаган белегин кантип татыктуу колдоно алабыз? Айтмакчы, адамдын денесинин көп бөлүгү суудан тураары мурунтан эле так белгилүү болчу, ал эми азыркы учурда суунун укмуштай таасири тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтар ачыкка чыкты. Демек жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, ар бирибиз жакшы ниет кылып, өз оюбузду тазартсак, өз ниетибизди оңдосок, мунун баарын мөлтүр таза сууларыбыз өзүнө сиңирип алып, кайрадан бизге эң бир сонун жагымдуу таасирин берет деп ишеним артууга эмнеге болбосун. Эгер чын дилден ишеним артсак, биз суудан жакшы маанай, жайдары мүнөз, жигердүү дем-күч алып, албан-албан иштерди аткара алат элек да. Элибиз бекеринен "Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" дебегендир. Биз таза сууларыбыз, мөңгүлөрүбүз менен сыймыктанып келебиз, бирок ошол эле учурда суунун жетишсиздиги менен байланыштуу көйгөйлөр бизде да жок эмес. Кийинки учурда айрым бир жерлердин нымдуулугу жоголуп, кургап кетүүсүнөн улам чөптүн жакшы чыкпай калышы көп эле кездешип, ал жерлердин жакырлануусуна алып келип жатат. Бул аймактарда өсүмдүктөрдүн сууга болгон муктаждыгы жаан-чачынга жана булактарга гана көз каранды. Ошондуктан жаан-чачындардан улам пайда болгон нымдуулук жетишсиз болгондуктан, ал жерлерди кошумча сугаруу муктаждыгы жаралат. Жайыттарда агын суулардын жетиштүү болуусу жалаӊ эле малды өз убагында сугарып туруу зарылчылыгын камсыздабастан, жалпы эле ошол чөйрөнүн абалына да таасири бар. Нымдуулук жетиштүү болгон чөйрөдө жашоо шарты толук кандуу болоору анык. Мисалы, булактуу жайыттарда нымдуулук жетиштүү болгондуктан, өсүмдүктөр жыш жана бийик өсүп, малга оттуу болоору белгилүү. Ал эми бул жерлерге кошумча суу алып келүү үчүн, ээриген мөңгүнүн сууларын, булактардан чыккан сууларды атайын арык чаап, алып баруу зарылчылыгы пайда болот. Ошондой эле дамбаларды куруу менен убактылуу суу сактагычтар аркылуу керек болгон учурда пайдалануу иш-чараларын ата-бабаларыбыз кылдаттык менен жүргүзүп келгени бизге белгилүү. Айрым бир аймактарда тоо боорун бойлото бир нече километрге чейин чабылган эски арыктар азыркы учурда да колдонулуп келе жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле айрым бир алыскы жайлоолордо жалаӊ чоӊ-чоӊ жалпак таштар менен бир кулачка жакын жазылыкта өтө кылдат тизилип, ички бети бир катар чым менен капталып жасалган дамбалардын калдыктары сакталып калган. Булактардын жана мөӊгүлөрдүн сууларын сарамжалдуу пайдаланып, көптөгөн суу жетпеген жерлерге суу жеткирүүгө болоору айдан ачык. Бул максатта жогорку деӊгээлде жайгашкан булактарды жана ээриген мөӊгүнүн сууларын, дамбаларды куруп тосуу менен, тоонун боору аркылуу арык чаап, суу барбаган жерлерге суу жеткирүү бүгүнкү күндүн талабы десек жаӊылбайбыз.
Мына ушул бүгүнкү күндүн талабын заманбап жолдор менен чечүү максатында Кыргызстандын жайыт пайдалануучуларынын «Кыргыз жайыты» Улуттук Ассоциациясы нукра элдик ыкмаларды жана башка элдердин да тажрыйбасын эске алып, бир нече айыл өкмөтүнө жасалма мөңгүлөрдү түзүү идеясын сунуштады. Бул ой чоң чыгымдарды талап кылбоосу менен жана аткарууга эң эле жөнөкөйлүгү менен айрымаланып, ал эми пайдасы жергиликтүү эл үчүн эбегейсиз болгондуктан, айтылган эле жерден жалпы элдин колдоосуна ээ болуп, ошол эле жерден муну мен ишке ашыра алам деген эр азаматтарыбыз болду. Айтмакчы, муну ошол жылы ишке ашыра баштаган бир нече азаматтарыбыздын алды быйыл үзүрүн көрүп жатканын билебиз. Кийинки бир барганыбызда ошол айылдын жайыт комитетинин башчысы Руслан бизге кайрылып: “Мурунку жылы сиздер мөл булактан мөңгү жараталы деп сунуш кылдыңыздар эле, ал эми биз сиздердин ошол асыл ойуңуздарга ак эмгегибизди кошконубузда жыйынтыгы ойдогудай болуп, малыбыз таза суу ичип, элибиз адал азык өндүрүп калды”-деп тамашалап бизди жылуу тосуп алганы эсимде. Биздин түпкү максатыбызды туура баамдаганы бизди чындап кубандырып, бизге бекем ишеним жана дем-күч берди. Себеби, адал азык өндүрүү деген бул негизинен маданияттуу мал багуу менен таза, адамга жагымдуу жана ден соолукка пайдалуу азык өндүрүү дегенди билдирет эмеспи. Булар биздин ойду ишке ашыруу үчүн бийик тоонун боорунан агып чыккан булактарды атайын жерге көмүлгөн түтүктөр аркылуу төмөн алып түшүп, коктунун тескей бетинен чачыратып агызып, кыш маалында тоңдуруу менен жасалма мөңгү жаратуулары керек эле. Ошентип кеч күздөн эрте жазга чейин мөңгүгө тете болуп топтолгон муз акырындык менен ээрип, ошол чөйрөнү жай ичи белгилүү бир мөөнөткө суу менен камсыз кылууга жараары мерчемделген. Бул ойдун ишке ашуусу менен ошол чөйрөдө өзгөчө бир жашоого жагымдуу болгон, табияттын шарттарына шайкеш экологиялык тутум (система) түзүлөөрүн белгилеп коюбуз абзел. Себеби, суу жашоонун башаты демекчи суу келген жер жанданып, өсүмдүктөр менен бак-дарактар өсүп, анын артынан жан-жаныбарлар менен канаттуу куштардын келүүсү жашоонун шааниси эмеспи. Мындай жагдайдын арты менен ошол эле жерде социалдык, санитардык-гигиеналык маселердин да чечилүүсүн адаттагы эле көрүнүш катары кабыл алсак болот. Мисалы, айылдагы короолордо багылып, адамдар ичүүчү суулар менен сугарылып турган миңдеген малдын айылдан узагыраак жерлерге чыгарылып кетүүсү, айыл ичинде кандайдыр бир деңгээлде абанын жана ошол чөйрөнүн тазаруусун, адамдар ичүүчү суунун сарамжалдуу пайдаланылуусун жана малдан адамдарга жугуучу оорулардын азаюсун шарттайт. Ал эми кеңири экологиялык көз караш менен ой жүгүртүп, көптөгөн окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарынын негизине таянып айта турган болсок, ушундай жакырланган жерлер дүйнөнүн бардык аймактарында баштапкы калыбына келе баштаса, жалпы эле экологиялык абалдын турукташуусуна жакшы шарт түзүлмөк. Ал эми жалпы экологиялык абалдын аз-аздан калыбына келүүсү менен табият кырсыктары кескин азайып, ааламдык (глобалдык) терс өзгөрүүлөр да дээрлик басаңдап калат эле. Мына ушундай жасалма мөңгүлөрдү түзүү идеясы айыл аймактарында көпчүлүк элдин колдоосуна ээ болуу менен айрым бир жерлерде ишке ашып, ошол жерлердин калкы бул иш-чаранын чыныгы пайдалуулугуна толук ынанышты десек жаңылбаган болоор элек. Ооба, суунун жетишсиздигинен кагырап куурап, жакырланып бара жаткан жайыт жерлерге кайрадан мөлтүрөгөн таза булактын суусунун келүүсү сыйкырдуу бир укмуштуудай керемет көрүнүштү жаратаарын күтсөк болот. Себеби, биз жогоруда сөз кылгандай, таза табияттан өзүнө жакшы маанайды сиңирип алган булактын суусу барган жерин жап-жашыл төргө айлантып, кызыл-тазыл гүлгө боёп, босоруп жакыр көрүнгөн жерди, берекелүү байлыгы төгүлгөн жерге айлантаары анык эмеспи.
Р.Салыков, В.И.Д., Кыргыз-Түрк “Манас” Универститетинин профессору.