Новости
Агротокойчулук жер пайдалануунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу системасы.
Агротокойчулук – бул айыл чарбасынын бир аянтында айыл-чарба культураларын жана/же үй жандыктарын бак-дарактар жана бадалдар менен бирге өстүрүүнү бириктирүү системасы. Мындай ыкма айыл-чарба жана токой өстүрүү системаларын ар түрдүү, пайдалуу, рентабелдүү, жемиштүү жана туруктуу жер пайдалануу системаларын бириктирет. Келип чыккан биологиялык карым-катнаш көп пайдаларды берет: киреше булактарынын диверсификациясы, көбөйгөн биологиялыу өндүрүш, сапаты жакшы суу жана адамдар менен жапайы жаныбарлар үчүн жакшыртылган жашоо чөйрөсү.
Фермерлер агротокойчулук ыкмасын эки себептен улам пайдаланышат: экономикалык стабилдүүлүктү жогорулатуу жана алардын карамагындагы табигый ресурстарды оптимизациялоо. Агротокойчулук айыл ландшафттарынын туруктуулугун жогорулатууга жана климаттын өзгөрүлүү шартында тамак-аш коопсуздугун камсыздоого чоң салым кошот. Агротокойчулук токой чарбасынын кээ бир элементтерин камтыган айыл-чарбасы, ал климаттын негативдик өзгөрүүсүнө каршы туруу, айыл-чарба жерлерин кургап кетүүдөн, суу жана шамалдан болгон эрозиядан коргоо, ошондой эле айыл аймактарынын көмүр кычкыл газын жутуусунун көбөйүшү маселелерин чечүүгө жардам берет. Агротокойчулук айыл-чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө коркунучту төмөндөтүү өз стратегияларын түрдүүчө кылууга көмөктөшөт. Айыл жана токой жерлерин пайдалануунун баары эле бири бири менен шайкеш келе бербейт, бирок көпчүлүгү дал келет жана өз ара пайдалуу.
Агротокойчулуктун артыкчылыктары: климаттын олуттуу жакшырышы; бактын көлөкөсүндө температуранын 20%га төмөндөшү; мурда бузулган жана арыктаган топурактын толук жакшырышы; кумдуу жана арыктаган топуракта гумустун пайда болушу; айыл-чарба өндүрүшүндө киреше булактарынын диверсификациясы; деградацияга учураган жана өрттөлгөн топурактын тез арада калыбына келиши; биологиялык өндүрүштүн 190%га жогорулашы; ным жана нымдуу микроклиматтын пайда болуусу; экологиянын, адамдар жана жапайы жаныбарлар чөйрөсүнүн жакшырышы; биологиялык ар түрдүүлүктүн жакшырышы; сууну токтотуу жана пайдалануу; жаан-чачын көлөмүнүн көбөйүшү.
Агротокойчулук системасына айыл-чарба культураларын аллеяларга тигүү, токой жайыттары, шамалдан коргоочу тилкелер, жээктердеги буфер тилкелери жана токойдун кыйыр өндүрүмү үчүн токой өстүрүү кирет.
Азыркы күндө Европа Союзунда агротокойчулук жүргүнзүлгөн аймактын аянты 15.4 миллион гектарга барабар, бул Евросоюздун жалпы аянтынын 3.6%на жана айыл-чарба багытындагы жердин 8.8%на барабар. Агротокойчулуктун негизги түрү болуп токой өстүрүү жана жайыттар, алардын ичинде жазы жалбырактуу токойлорду мал жайууга пайдалануу, ошондой эле ачык токой ландшафттарын колдоо саналат. Европалык фермерлерге агротокойчулук үчүн үй-бүлөөлүк жана аймактык каада-салт, ошондой эле айыл-чарба жана токой чарбасын биргелешип алып баруу өндүрүлгөн продукцияны түрлөтүүгө мүмкүнчүлүк берээрин (жана чарбаны экономикалык жактан туруктуу кылуу) түшүнүү негизги себеп болгон.
“Кыргыз жайыты” жайыт пайдалануучу ассоциациясы дагы ушул ыкманы Өзгөн районунун Ак-Терек айылында 1 га жеринде ишке ашырып, Ош облусунда өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин алдын алуу максатында жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттин колдоосу менен бир нече бак отургузду. Сунушталган демонстрациялык участогуна карагайдын көчөттөрү (дарыянын жээгинде сел, суу ташкыны жана жээк эрозиясынын коркунучун алдын алуу үчүн) 2-3 катар буфердик зонаны түздү. Ошондой эле, арасына жемиш көчөттөрү, атап айтканда алманын көчөттөрү, ошол жергиликтүү калк пайдалануу үчүн отургузулду, жанына беде үрөнү себилип, малга тоюткатары колнонулганы турат. Жер сугат суусу менен жетиштүү камсыз болбогондуктан ал участогуна сугат насосукоюлганга туура келди. Учурда көчөттөрдү сугаруу жана багуу иштери жүрүп жатат.
Бул жакшы ыкманы башка рыйондорго жайылтуу жана жайыт пайдалануучулардын күнүмкү жашоосун жакшыртууга салым кошуу максатында кызыкдар тараптар ассоциацинын адистерине кайрылып, керек болгон консультация жана жардам алганга шарттар түзүлгөн. Сиздердин жайытты жакшыртуу жана натыйжалуу пайдаланууга салымын кошкон демилгелериңерди биз ар дайым колдоого даярбыз.