Новости
Жаңычыл иштер үзүрүн берүүдө. Үрөнчүлүктүн максаты жайыттарга жеңилдик берүү.
Акыркы жылдары республикабызда жайытка болгон көз караштар өзгөрүү жолунда баратат. Анткени 2009 – жылы Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” Мыйзамы кабыл алынгандан бери, жайыттын кожоюну аныкталып – жайыт комитеттер алгылыктуу иштерди аткарып келе жатышат. Жайыт пайдалануудан түшкөн акчаларга жайыттагы инфраструктуралар оңдолуп, алыскы жайыттарга малды жаюуга мүмкүнчүлүктөр түзүлүп, жайыт пайдалануучулар жайытты натыйжалуу пайдалана башташты. Мындан тышкары эл аралык донордук уюмдар Кыргызстандагы жайыттарды башкарууну жана пайдалануну жакшыртууга өз жардамдарын тынымсыз көрсөтүп келишүүдө. Баарыбызга белгилүү болгондой акыркы жылдары республикабызда малдын саны кескин көбөйүп, элибиздин тиричилиги кадимкидей жакшыруу жолунда. Бирок медалдын эки бети бар дегендей, бир чети малдын санынын көбөйүүсү менен жайыттарыбызга оорчулук келип жабыркап жатканына байланыштуу Кыргызстандын баардык аймактарында жайыттардын акыбалы начарлап, экологиялык чоң көйгөйдү алып келүүдө. Ушул түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдорун баардык мамлекеттик органдар сыяктуу эле “Кыргыз жайыты” улуттук жайыт пайдалануучулар ассоциациясы да сыртта калбай бир топ сунуштарды берип, жайыттарды жакшыртуунун үстүндө иштеп келүүдө.
“Кыргыз Жайыты” Улуттук ассоциациясынын жогорудагы маселелерди чечүү үчүн бир топ алгылыктуу иштерди алып барып жатат. Атап айтсак “Мал чарбасын жана Рынокту өнүктүрүү-1,2” долбоорлорунун алкагында иш жүргүзүп, жайыт пайдалануучуларды тоют өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен камсыздоо жана алардын тоют базасын чыңдоо максатында 2018 – 2019 жылдары мамлекетибиздин Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарына 154 Коомдук үрөн фонддорун уюштурган. Бүгүнкү күндө аталган фондулар атайын кабыл алынган программанын негизинде иш алып барып, жайыт пайдаланучуларды тоют өсүмдүктөрүнүн сапаттуу үрөндөрү менен камсыздоо үстүндө иш алып барууда. Эгерде бул маселени биз толугу менен чечкенге жетишсек малчыларыбыз кыш мезгилине сапаттуу жана жетишээрлик тоют камдап, жазында малды жайытка кечирээк чыгарып, жайытыбыздын акыбалын жакшыртууга жетишмекпиз. Коомдук үрөн фондулар уюшулаардан мурун жер-жерлерде мамлекеттик үрөн чарбалар гана биздин жайыт пайдалануучу-ларыбызды сапаттуу үрөн менен камсыз кылып келишсе, азыркы маалда уюштурулган фондулар да жайыт пайдалануучуларды сапаттуу үрөн менен камсыз болушуна өз салымдарын кошо башташты.
Бүгүнкү күндө алдыңкы Коомдук үрөн фондулар дыйкандарды жалаң эле арпанын үрөнү менен камсыз кылбай, эспарцет жана беде чөп таңгактары менен камсыз кылышууда. Мисалы, Токтогул районуна караштуу Ничке –Сай айыл аймагынын жайыт комитетинин алдында уюшулган Коомдук үрөн фондусу бул маселени төмөндөгүдөй чечип жатат. Аталган Коомдук үрөн фондусунун жетекчиси Токтосунов Торутай былтыр 10 га арпадан тышкары 10 га эспарцет айдаган. Эспарцетти сугаруу максатында ал 4 километр аралыктан үрөн фондусунун мүчөлөрү менен суу айдап келишип, быйыл эспарцетти сугарууга үлгүрүштү. Натыйжада эспарцетти эки жолу чабууга жетишишти. Белгилей кетчүү нерсе, көпчүлүк дыйкандар Ничке-Сайдын шартында эспарцетти бир эле оруп алчу болсо, фонддун мүчөлөрү эки чабык оргонго жетишкен. Биз мониторинг кылып Коомдук үрөн фондусунун ишин көргөнгө барганда, эспарцеттин гектарынан 380 таңгак чөп алып, 10 гектардан 3800 эспарцеттин таңгагын жыйып кышкы мезгилге дыйкандарга даярдап койгонун көрдүк. Андан тышкары экинчи чабык даяр болуп, бир жуманын тегерегинде чабылаарын кубануу менен бизге айтып берди.
Бул да болсо ушул аталган аймакта дыйкандарга эспарцетти жакшы караса эки чабык кылып алса болоорун далилдөөдө. Фонддун мүчөлөрү суу чыгаруудан тышкары 10 гектар эспарцет талаасын кашаа менен тосуп чыгышкан. Мына ушундай иштердин аркасында жогорудай жетишкендиктерге жетишип олтурат. Кудай буюруса, Коомдук фондусунун аркасынан, быйыл жайыт пайдалануучулар кошумча 7000 дей эспарцеттин таңгагы менен камсыз болушууда. Бул кошумча даярдалган тоют жазгы мезгилде жайытка малды кечирээк чыгарууга шарт түзөт жана жайытты жакшыртуунун негизи болуп саналат.
Андан тышкары айыл аймактарда биз уюштурган фондулар жайыт пайдалануучулардын арпа себилген аянттарын көбөйтүп, өздөрүнүн тоют маселесин чечүүгө, өз салымдарын кошуп келет. Жакшы эмгектенген жана жаңы демилгелерди көтөргөн жайыт комитетинин төрагасы менен биргеликте Коомдук үрөн фонддорунун жетекчилеринин жер-жерлерде изденүү менен жакшы иштерди жүргүзгөндөрү аз эмес. Мисалга Жумгал районуна караштуу Куйручук жайыт комитетинин кылган жумуштарын айтпай кетпесек болбойт. Жайыт комитетинин төрагасы Чокоев Кылычбек фонддун жетекчиси менен бирге 26 малчыны чогултуп, аларга арпанын үрөнү менен эспарцеттин үрөнүн берип, жерди өзүңөр айдагыла деген сунушун берген. Ушул малчылардын ичинен бул сунушту 18 малчы кабыл алып, айдап себүү иштерин өздөрүнүн мойнуна алышып ишти башташкан. Натыйжада айдалган 23 гектар жерден 18 центнерден түшүм алып малчылар 1,5 бункерден арпа алышып, саманын өздөрүнө тоют катары бөлүп алышкан. Айта кетчү нерсе-калган 6 малчы жайыт комитетинин төрагасына келип, бизге дагы арпанын үрөнү менен эспарцеттин үрөнүн берсеңер биз дагы ишти баштайлы-деп, демилге көтөрүп жатканын бизге айтты. Биз мониторинг жүргүзгөнүбүздө айылдын эли фонддун эсебинен сапаттуу үрөн алып, 100 гектардан ашык жерге өздөрү арпанын үрөнүн себишкени тастыкталды. Жайыт комитети сапаттуу үрөн жана тоют менен жайыт пайдалануучуларды камсыз кылгандан тышкары, алар менен келишим түзүп, жакынкы жайыттарды эс алдырып, малды алыскы жайыттарга айдатып, жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууга өтүп жатканын бизге билдиришти. Мындай жакшы саамалыктар өлкөбүздүн башка райондорунда да болуп жатат.
Бүгүнкү күндө көпчүлүк Коомдук үрөн фондулары өздөрү кабыл алган программалардын негизинде алгылыктуу иштерди жүргүзүп жатышат, жергилүктүү калкты сапаттуу үрөн жана сапаттуу тоют менен камсыз кылышууда. Бирок, кээ бир уюшулган фондулар кандайдыр бир себептердин кесепетинен алгылыктуу иш алып бара алышпай жатат. Тактап айитканда, кээ бир айыл аймактарда кайра бөлүштүрүү фондуларынын жерлери начар, кунарсыз экен. Кээ бир жерлер узак мөөнөткө ижарага берилип кеткен. Мына ушундай айыл аймактарда уюшулган Коомдук үрөн фондуларынын иштери кичине аксап жатат.
Мындан тышкары, кээ бир райондордо комбайндардын жоктугу да өзүнүн кедергисин тийгизип жатат. Комбайндын жоктугунан же кеч келгендигинен себилген арпалар төгүлүп, жоготуулар көп болгон учурлар да кездешүүдө. Алсак, Баткен облусунун Баткен районунда дан жыйноочу комбайндардын жетишсиздигине байланыштуу, эгилген дандарды оруп жыйноо учурунда жоготуулар көп болгон. Баткен районунда уюшулган 7 Коомдук үрөн фонду чогулушуп, Баткен району эмес, жалпы облус боюнча эң бир чоң көйгөй катары дан эгиндерин жыйнаган комбайндардын тартыштыгын белгилешти. Бул маселени чечүү Баткен райондук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Зикираев Меңдибай мырзага жүктөлүп, “Кыргыз жайыты” ассоциясиясынан жардам сурап, сунуштарын беришкен. Бул сунушту “Кыргыз жайыты” ассоциациясы өзүнүн отурумунда карап чыгып, дан эгиндерин чабуучу комбайн сатып алууга финансалык жардам көрсөткөн.
Баткен райондук жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы жана мүчөлөрү пандемия учуруна карабастан, Россия федерациясынан СК – 5 НИВА үлгүсүндөгү дан жыйноочу комбайнын сатып келишти. Натыйжада бул комбайн Баткен районундагы Коомдук үрөн фондуларынын арпасы гана эмес элдин да арпасын кечиктирбей өз маалында оруп жыйнап, бир топ дыйкандарга да көмөк көрсөттү.
Ушул үч жылдын жыйынтыгы менен «Кыргыз Жайыты» жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясы жер жерлерде жүргүзгөн мониторинг иштеринин негизинде бардык Коомдук үрөн фондуларына өз убагында жардамын талыкпай берүү менен эмгектенип келе жатат. Андан тышкары үрөн фонддорго сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылууга жана аларды уюшулган демилгелүү топторго жеткизүүгө жардамын берип келүүдө. Ассоциациянын келечектеги пландарынын бири болуп, ар бир райондо колдон келишинче негизги фонддорду колдоп, жеринде элита үрөнүн себип, апробациядан өткөзүп, түзүлгөн Коомдук үрөн фондуларын 1-репродукциядагы арпанын үрөнү менен камсыз кылуу милдети турат.
Мына жакында Долбоордун алкагында 19 үрөн тазалагыч техникалары келгени турат, бул техникалар кудай буюруп келип калса, фондтордун демилгелүү топторго даярдаган арпа үрөнүн тазалап берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана ошондой эле башка дыйкандарга да жалаң эле арпа үрөнү эмес башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн тазалап берип кызмат көрсөтөт. Уюшулган Коомдук үрөн фондуларыбыз, жер – жерлерде биздин дыйкандарыбызды сапатуу үрөн жана тоют менен камсыз кылып, кыш мезгилине жетиштүү тоют даярдаганга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада «Кыргыз жайыты» Улуттук жайыт пайдалануучулар ассоциациясы жайыттарыбызды, өзгөчө жаз мезгилинде малды кечирээк жайытка чыгаруу менен малдын жайытка келтирген жүктөмүн азайтып, жайыттарыбызды сактап калууга шарт түзмөкчү.