Новости

Илдеттен чыдамкайлык менен чыгалы. Коронавирус жайыттардын ролун жаңыча кароого түрткү берди.
22 ноя.

Илдеттен чыдамкайлык менен чыгалы. Коронавирус жайыттардын ролун жаңыча кароого түрткү берди.

Коронавирус Кыргызстанда чет өлкөдөн үч инфекцияланган жараныбыз келгенден тартып  башка өлкөлөргө караганда кичине кечирээк башталды. Бирок, ал өлкөнүн бардык райондоруна тездик менен жайыла баштады. Бүгүнкү  бул инфекция жуккандардын саны 50 миңден ашты. Бирок, кудайга шүгүр алардын көпчүлүгү айыкты. Дүйнөлүк алкактан алганда бул сан аздай көрүнүшү мүмкүн. Ал эми улуттук катыштын деңгээлинен алып караганда өтө кейиштүү. Анын дале уланып жатканы жаман болууда. Бул инфекциянын жайылышынын жаңы толкундар күтүлүүдө.

Көбүнесе мал чарбасы менен алектенген айылдык карапайым калк арасында бул кырдаалга ар кандай реакция жасалып жатканы байкалууда. Айрымдары бул вирустан абдан кооптонушуп, мамлекет тарабынан көрүлгөн чараларга канаатанбай жатышат. Кээ бирөөлөрү өнөр жайындагы үнөмдүүлүктүн жоктугу, керектөө деңгээлинин жогорулап кеткендиги жана жаратылыш менен жалпы адам баласынын жашоосунун коммерцияланып кетиши мына ушундай илдеттин келип чыгуусуна түрткү болгон –деп айтышууда. Ошондой эле коркунучтун жоктугун айткандар менен катарда кээ бирөөлөр жааматтарды этикалык, руханий жана адеп-ахлактык принциптерди жоготкондугу менен күнөөлөшүүдө. Айыл жерлеринде жана шаарларда буга карама-каршы реакция да бар. Шаардын тургундары азык-түлүктүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн  жана медициналык товарлардын жетишсиздигин көрүшүүдө, ал эми айылдын жашоочулары болсо айыл чарба продукцияларынын базарларына, мал базарларына бара алышпай калышты. Биз алардын диний контексте мал союп, курмандык чалышып, башка ырым-жырымдарды жасашып жол издегендерине күбө болдук.

Өлкө боюнча жайыт пайдалануучулардын башын бириктирген ири уюм катары биз пандемия башталгандан тартып эле өз мүчөлөрүбүз менен тыгыз байланышта болуп турдук.  Карым-катышка коюлган чектөөлөр, көзөмөл-өткөрмө пункттарындагы тосуулар жана айыл чарба товарларын ташууга коюлган чектөөлөр негизги көйгөйлөр болду. Базарлардын жабылып калышына байланыштуу жайыт пайдалануучулардын өздөрү өндүргөн эт, сүт сыяктуу айыл чарба продукцияларын сата албай калгандыгы жана жайыттарга көчүп чыгууга керектүү болгон товарларды сатып алалбай калгандыгы бир топ кыйынчылыктарды алып келди. Айыл калкынын жашоо деңгээлинин төмөндөөсү, адамдардын ден соолугуна, азыктануунун салттуу жана өз алдынча жолдоруна коркунуч жаратканы анын жыйынтыгы болуп калды. Бул адамдын жетиштүү жана сапаттуу тамактануу конститутциялык укугуна түздөн-түз таасирин тийгизет, ошондой эле баарыбыз үчүн азык-түлүк коопсуздугу маселесин жаратат. Бирок, ушул кырдаалдын учурундагы айрым көрүнүштөрдү белгилей кетсек болот. Коронавирус жер-жерлерде коомдук аренага акыркы нанын муктаж болгондорго берүүгө даяр жүздөгөн жана миңдеген лидерлерди, чыныгы мекенчилдерди, каарман адамдарды алып чыкты. Жергиликтүү жамааттар креативдүү болуу менен жаңы технологияларды колдонушуп, көйгөлөрдү чечүүгө аракеттерин жасап жатышты. Мисалы, мессенджерлерде “вотсап”, “телеграм” сыяктуу чаттарда топтор түзүлүп, анда айыл жашоочулары контролдук тосмолордон өтпөй туруп, айыл тургундары өздөрүнүн жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрү жана аны чечүү тууралуу билдире алышат.

Мындай демилгелерге жергиликтүү бийликтегилердин өздөрү кызыкдар, аларды талкуулоого жигердүү катышып, айрым өзгөчө кырдаалдарга тез арада көңүл бурууга аракет жасашат. Мисалы, талаага себилген үрөндүн жетишсиздиги адатта импорт менен жабылуучу, бул жылы болсо жергиликтүү коомдук үрөн фондунун эсебинен жабылды. Айыл тургундары мына ушул чаттарды пайдалануу менен айыл чарба шаймандары, тамак-аш, үрөн ж.б. продуктулар менен жардамдашышты. Бул жергиликтүү деңгээлдеги тилектештикти жана командалык духту жогорулатат.

Буга бир мисал катары жергиликтүү элге, ошондой эле шаардыктарга азык-түлүктү жеткирүүнү уюштурууну айтсак болот. Көптөгөн компаниялар кайрымдуулук иштерин жүргүзүшөт. Алар малчыларга жана айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөргө түркүн колдоолорду көрсөтүү аркылуу биринчи керектелүүчү товарларды фермерлерден алышып, калктын аз камсыз болгон катмарына жеткирип жатышты.

Көрүнүп тургандай, кырдаалдын кандай болуп кетерин алдын-ала билүү оңой эмес. Ошондуктан өлкөдө КОВИД – 19 пандемиясынын жайылуу темпин да болжолдоп айтуу кыйын. Ошондой эле Кыргызстандын айыл чарбасына пандемиянын алып келген зыянын жана жоготууларын эсептеп чыгуу да мүмкүн эмес. Бирок, биз мунун бүт өлкөгө узак убакытка таасирин тийгизерин билебиз. Ошондуктан өлкөнүн бардык жайыт пайдалануучулары менен бул жылды талкуулоо менен биринчи кезекте салттуу билимдерге, өзүн-өзү камсыз кылуу стратегиясын түзүүгө, жергиликтүү жааматтардын керектөөлөрүн эске алуу менен чакан фермердик чарбаларды өнүктүрүүгө айрыкча көңүл буруу зарыл деген тыянакка келдик. Азык-түлүк продуктуларын (аскер, мектептер, ооруканалар үчүн) сатып алууну майда айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрүнө карата колдонууну өркүндөтүү зарыл. Экинчиден, биздин өнүктүрүү стратегиябызды экологиялык көйгөйлөргө басым жасоо менен карап чыгышыбыз абзел. Акыркысы, жергиликтүү жана улуттук деңгээлдерде пандемия менен күрөшүүнүн кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү иш-чара планын түзүү керек. Анткени, өкмөттүн мал чарбачылыгында да, айыл чарбасында да жалпысынан эмне кылуу боюнча так программасы жок. Бар болгону айыл чарбасынын сезону башталганына байланыштуу өкмөт жазында айыл чарба жабдууларынын эркин жүрүүсүнө жана жайыт пайдалануучулардын жайкы жайыттарга тоскоолдуксуз барып келүүсүнө уруксат берген. Ветеринардык бардык кызматтар да ушул процессти убагында колдоп турууга жана малчыларга жайыттарга өз пландарына ылайык малдарын жаюуну баштоого мүмкүндүк берүүгө даяр турушту.

Өлкөнүн жайыт пайдалануучуларынын улуттук бирикмеси катары биз ролубузду ар тараптуу мамилелерди жана ар кыл деңгээлдердеги (маданий, социалдык, экономикалык) иштерди пайдалануу менен болуп жаткан терең талдоодон көрөбүз. Биз өз күчүбүз менен өз мүчөлөрүбүздүн бардык көйгөйлөрүн дароо чечип бере албайбыз, бирок, аларды маанилүү окуялар жана жаңылыктар менен тааныш болуп туруусуна, жергиликтүү жамааттар үчүн эксперттер менен консультация уюштурууга, алдыңкы тажрыйбаларды алмашууну жүргүзгөнгө, орчундуу көйгөйлөр боюнча айылдык тургундарга маалымат берип турууга, тобокелдиктерди жана жоготууларды азайтууда жардам берүүгө даярбыз. Биз ар кандай кырдаалдарга, келечекте болуп кала турган көйгөйлөр менен кабардар болуу жана эл аралык тажрыйбаларга ылайык аларды чечүү жолдорун табуу үчүн ар түрдүү онлайн-жолугушууларга жана вебинарларга катышып турабыз.

Дүйнө “коронавируска чейинки жана кийинки” болуп бөлүнөт. Мезгил көңүл чордонун бир жерге бурууну, уюшкандыкты, тартипти жана иреттүүлүктү талап кылууда! Кайрымдуулук жана сабырдуулук биздин күндөлүк жашообуздун нормасы болууга тийиш. Биз Сиздерге бул күндөрдө коопсуздукту жана ден соолукту каалайбыз.

“Кыргыз жайыты” улуттук ассоциациясынын командасы