Новости
Жайыттарды талашпай пайдаланалы. Ынтымак болсо жайыттар баарыбызды багат.
Жайында Нарын областындагы дагы бир жайыт талаш жаңжалына күбө болдук. Кочкор айылынын малчылары райондун аймагында жайгашкан Кара-Кужур өрөөнүнө көчүп барууну чечишкен. Кара-Кужур өрөөнү Нарын районунун Миң-Булак айыл өкмөтүнө узак мөөнөткө ижарага берилген болчу. Алар Кара-Кужурда көптөн бери чабандар орун алып, жашап калышкан. Жерге-Тал айылынын жашоочулары Кум-Бел жайлоосуна барчу жолду тосуп салышып, Кочкор районунун жашоочуларын өткөрбөй коюшкан. Кочкор районунун тургундары жайлоону көздөй баратышкан, жол жабык болгондуктан артты көздөй кайтууга туура келген. Ушул кырдаалга байланыштуу жолду мыйзамсыз тоскондугу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Эгерде бул кырдаалды мыйзам чегинде карай турган болсок, жайыттардын баары жергиликтүү жамааттардын башкаруусунда турат. Бирок, бул жерде ар кандай эрежедегидей эле бир өзгөчөлүк бар. Алсак, биздин өлкөдө “мамлекеттик запас жер” категориясы бар, б.а. бул жайыт комитеттерине бекитилип берилген жайыт аянты болуп эсептелбейт, ал коңшу жайыт комитетине пайдаланууга берилген. Адатта мындай жайыттар башка райондун аймагында жайгашкан болот. Бул райондор арасында мал жаюучу жайыт аянттарынын тең салмактуулугун сактоо үчүн жасалган.
Адегенде бул жайыттарды 2020-жылга чейинки мөөнөт менен башка айыл өкмөтү тарабынан колдонулушу керек болгон, бирок, жайыттарды пайдалануу боюнча маселелерди жөнгө салуу максатында айрым райондордун суроолору боюнча КР Өкмөтү пайдалануу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартып койгон болчу. Бирок, бул чечим кабыл алынгандан кийин тилекке каршы анын маани-маңызын калкка, атап айтканда Нарын областынын калкына түшүндүрүү иши тыкыр жүргүзүлбөй калган. Өкмөттүн Токтому калкка жеткиликтүү түшүндүрүлбөй калганынын натыйжасында жайыт талашуу чыр-чатагы келип чыккан. Бул чыр-чатакты чечүү үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, жарандык сектордун жана калктын өзүнүн өкүлдөрү тартылды. Бир нече жолу көп тараптуу жолугушуулар өткөрүлүп, анын натыйжасында улуттук комиссия түзүлгөн. Ал талаш болгон жерге барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин чыр-чатак токтогон.
Биздин ассоциация өлкө боюнча жайыт комитеттерин бириктирген уюм катары четте туруп каклган жок. Биз да бул талаштын тез арада чечилиши үчүн ар кыл аракеттерибизди жасадык. Атап айтканда, биздин адистер КР Өкмөтүнүн Токтомун тыкыр түшүндүрүү үчүн областык жана улуттук деңгээлдердеги радио жана теле берүүлөргө, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды онлайн талкуулоого жана түшүндүрүүгө катышты. Жайыт пайдалануучулар менен жолугушуулар да натыйжалуу методдордон болуп калды. Ал жолугушууларда чырдашкан тараптардын укуктары жана милбеттери талкууланып, жайыт пайдалануучулардын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн, журналисттердин, мамлекеттик бийлик органдарынын катышуусунда мыйзамдык алкакты райондук жана жергиликтүү деңгээлдерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мына ушул биргелешкен аракеттердин натыйжасында бул чыр-чатакты кыска мөөнөттө жана эч кандай жоготуусуз чечилгендигибиз кубандырды.
Бирок, бул кырдаал бизге сабак болуусу керек. Анткени, мындай чыр-чатактарга көптөгөн жайыт пайдалануучулар тартылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз райондордо мындай учурларды болтурбоо же анын болушун таптакыр азайтуу үчүн чечимдерди чукулунан кабыл алышыбыз керек. Бул үчүн биз жайыт комитеттеринин, жайыт пайдалануучулардын бирикмелеринин жана райондук жайыт пайдалануучулар ассоциацияларынын базасында жайыттардагы чыр-чатактарды болтурбоо чечүү боюнча комиссия түзүүнү иштеп жатабыз. Бул комиссия чыр-чатак кайсы жерден чыгарын табуу, тараптардын кызыкчылыктарын түшүндүрүү, манипуляциядан коргоо функцияларын өз моюндарына алуулары керек. Бул комиссиянын иши мурунку тажрыйбаларга жана алардын чыккан сабактарга берилген баалардын негизинде превентивдик чараларды кабыл алууда турат. Ага мыйзамдарды туура түшүндүрүү жана сапаттуу, натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мында жайыт комитеттеринин өз ара тажрыйба алмашуусу жана алынган сабактарды жайылтуусу маанилүү ролду ойнойт. Бул комиссиянын жакшы иш алып баруусу менен биз коомдогу оор абалды жеңилдетүүгө жана чечимдерди кабыл алуу үчүн кырдаалды көз карандысыз талдоо куралдарын пайдалана алабыз.
Ассоциациянын адистери тарабынан жайыттарды пайдаланууну укуктук негиз боюнча жайыт пайдалануучулардын дареметин жогорулатуу, жергиликтүү калктын укуктук сабаттуулугун жакшыртуу, мыйзамдардын талаптарына ылайык өз укуктарын туура пайдаланышы жана өз милдеттерин так аткарышы үчүн жайыт комитеттеринин жаңыдан шайланган мүчөлөрүнө бардык күч-аракеттерин жумшашууда. Мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө туруктуу мониторинг, өз убагындагы эксперттик консультациялар, ошондой эле мүчөлөрүбүзгө укуктук жана техникалык колдоо көрсөтүү жакынкы жылдардагы ассоциациянын артыкчылык берилген иши бойдон кала бермекчи. Биз жайыт пайдалануучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо чегинде турабыз жана жыл өткөн сайын чыр-чатактардын болушуна себептер аз болооруна үмүттөнөбүз.