Новости
Жайыт башкарган айымдар
Калбү аткарган таң калаарлык иштер
Калбү Төлөнованын Жалал-Абад областынын Ноокен районунун Момбеков жайыт пайдалануучулар бирикмесин башкарганына кыйла жылдын жүзү болуп калды. Анын жетекчилиги менен аткарылган иштер адамдарды таң калтырбай койбойт. Ошол аткарылган иштерге токтоло кетели. Тээ, 2010-жылдан баштайлы.
Ушул жылы жайыт пайдаланучуулардын демилгеси менен мал, кой өтө турган 100 миң сомдук көпүрө салынды. Жайыттарды жакшыртуу программасына ылайык 2012-жылдан тартып 90 гектар жайыттарга көп жылдык чөптүн уруктары себилди. 2014-жылы ашар жолу жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен узундугу 12 метр туурасы 1 метр көпүрө салынды. Ага 200000 сом суммасындагы каражат жумшалган. 2015-жылы узундугу 200 метр туурасы 2 метр транспорт бара албаган көчкү басып калган жол оңдолду. 2016-2017-жылдары мал чарбасын өнүктүрүү максатында малчыларга 1 285 000 сомдук көчмө кыркым пункту ачылып берилди. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоору менен бирдикте 379 857 сомдук Ямма-Беккер экскаватору, 2 284 800 сомдук булдозер сатылып алынган. 2017-жылы жер көчкүлөрү жүрүп көптөгөн жолдор бузулду. Ал жолдорду малчылар менен бирдикте кол күчү менен оңдоого туура келди.
ФАО менен биргеликте 2015-2016-2018-жылдары 20 гектар жайытка көп жылдык чөптөрдүн түрлөрү себилди. Андан кийин, 2019-жылы да 10 гектар жерге көп жылдык чөптөрдүн уруктарын себүү менен жайыттардын тоюттуулугун арттырышты. “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун алкагында асыл тукумдуулукту өнүктүруү максатында уяң жүндуү аркара мерес койлорун, сүт багытындагы уйларды багуу колго алынган. Бул жайыт комитетинде биринчилерден болуп жайлоо балдар-бакчасы уюуштурулган. Бул жайыт комитетинде балдар концерти уюштурулуп, ага музыкант Мамадалиев Талантбек жетекчилик кылган. 35-жылдан бери оңдолбой, эл кыйналып жүргөн мезгилде 2020-жылы Сары-Бээ жайытынын жолу аска зоолорду аттыруу жолу менен оңдолгон. Ага 300 000 сом суммасындагы каражат жумшалган. Казар-Мазар жайлоосунун Сере жолун сел алып кеткен болчу. Ал жол 150 000 сом жумшоо менен кайрадан калыбына келтирилди. Ага П.Мактымбеков жана П.Шерматовдор демөөрчүлүк кылышты. Эл аларга ыраазы.
Гүлжан жайыттарды айымдар да жакшы башкараарын далилдеди
Асанова Гулжан Мырзаевна 2014-жылдын 1-августунан бери Ысык-Көл областынын Түп районундагы Сары-Булак айыл өкмөтунун жайыт комитетинин төрайымы болуп эмгектенип келе жатат. Гулжандын ушул алты жыл ичинде айыл аймактагы жайыт пайдалануучулар менен ынтымакта бир топ алгылыктуу иштерди аткаргандыгы тууралуу кеп кылып өтөлү. Ушул мезгилде областта “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүу” долбоорун толугу менен ишке ашырганга көмөк көрсөтүп жана бир топ иштерди жүзөгө ашырды. Тактап айтсак, 30 жылдан бери айылда купка жок болгон. Мына ушул келген долбоордун алкагында адегенде эле купканы айылга салып берип, элдин алкышына ээ болду.
Мындан тышкары, айылга ветеринардык аптека салынып, алыскы жайыттарга малчыларды көчүрүүдө аларга шарт түзүп берүү үчүн малчыларга боз үйлор сатылып берилди. Негизи бул долбоор жалаң малдын ден-соолугуна арналды жана ошо боюнча малчыларга шарт түзүлүп берилди. Мунун себеби - бизде аял киши жайыт комитеттин төрайымы болгондугуна байланыштуу жайыт комитетте 15 мүчө болсо, анын 8 мүчөсү аялзатынан турат жана алар аял-эне болгондуктан үй-бүлөсүн, балдарын ойлойт, демек алар кандай тамактанат, кандай эс алат, эмне менен алектенет деген суроолорго жооп издейт. Мына ушуга көп көңүл бурулгандыктан жогорудагы долбоорлор ишке ашты. Бирок, көпчүлүк жерде жайыт комитетин аял киши эмес эркек башкарыш керек деген түшүнүк да аз эмес. Жашоодо андай эмес экендигин Гулжан айым 6 жылдан бери иштин жыйынтыгын көргөзуп келе жатат.
Мына ушул иштин жыйынтыгы менен бүгүнку күндө жайытка жана жаыйытагы маселелерге аялдар да кызыга башташты. Жакында биздин Түп районуна караштуу Кудургу айыл аймагында аял киши дагы жайыт комитеттин төрайымы болуп шайланды. Бардык эле жердегидей жайытта да көйгой толтура. Бүгүнкү күндө малдын башы абдан көбөйдү, мал көбөйгөну менен жайыттын көлөму көбөйбөгөнун көпчүлук элге жеткирүү кыйыныраак болуп жатат, мал жаюунун өзунүн графиги болоорун, жайыттарды сарамжалдуу, натыйжалуу пайдалануу керектигин түшүндурүү үчүн мектептин 7-8-9 кластарына ”Кыргызстан жана жайыттар” темада 2017-18 жылдары баяндама жана сүрөт көргөзмөсун уюштурушкан. Айыл аймак эки айылдан турат, ар бир айылдан 30 айымды чогултуп сүттү үй шартында иштетип, сүттөн 15 продукция алганды уйрөткөн, 2020-жылы БУУ менен кызматташып как кургата турган шкафтарды алышып, эми ушул алынган шкафтардын жардамы менен шиповник, барбарис, брусника, малина, облепиха сыяктуу жемиштерди кургатып аялдардын социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө салымын Гулжан кошуп келе жатат. Ал жайытка көз жүгүртүп, май айынан баштап мониторинг жүргүзүп, быйыл жайыттарга чөп кандай чыкканын, анын ичинен канчасы малга жагымдуу, башкасы кандай чөп, кандай убакта деградацияга учурайт, канткенде жер көчкүдөн сактайбыз, малдын санынан сапатына кантип өтөбүз - деген сыяктуу маселелер үстүндө иш жүргүзүүдө.
Акан жайыттарды талыкпай башкарып келүүдө
Ар бир доордун өз карманы болот дегендей, Алай районуна караштуу Ленин айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы Жунусмаматова Акан Сатыбалдиевнаны учурдагы алдыңкы адамдарыбыздын бири катары бааласак болот. Алай районунун Ленин айыл аймагында 2009-жылдын 16-декабрында жайыт комитети расмий түзүлгөн. Алгач түзүлгөн мезгилден баштап жайыт комитетинин төрагалары тынымсыз алмашып, туруктуу иштеген жетекчи табылбай келген. 2017- жылы айыл өкмөт башчысы Нурлан Матановдун сунушунун негизинде элдик жыйында жайыт комитетинин төрайымы болуп Жунусмаматова Акан шайланып, ал бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү иштеп келүүдө. Алгачкы жылдары жалпы жайыт комитетинин мүчөлөрү 15 адамдан туруп, баары эркек кишилер болгон. Азыркы күндө мүчөлөрдүн саны 17 кишиден турат, ага айылдагы 6 активдүү аялдар мүчөлүккө кабыл алынган.
Акан Жунусмаматова өзүнүн иши тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: “Мен үчүн бул жайыт комитетин жетектөө күтүүсүз болду, башында өтө кыйыкчылыкка туш болдум. Кийинчерээк ишти бара-бара түшүнгөн сайын, өзүмдүн мал чарба адистигиме байланыштуу кызыгуум артып, эл менен түшүнүшүп иштөөгө өттүм. Алгачкы 2017-жылдын бюджеттик божомолу 250 000 миң сом түзүп, аны жыйноодо малчы, чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүргүзүү менен ошол жылдын тапшырмасы 75%га аткарылды. Айылдарга чыгып атайын фонддук топторду түзүп, алар аркылуу көйгөйлүү маселелерди тактап, алардын талабы боюнча иштерди аткара баштадым. Бул аракетимдин натыйжасында элдердин жайытка болгон мамилеси өзгөрүлүп, жакынкы жайыттарга өз убагында чыгуу, алыскы жайыттарга көчүү өз нугуна түшө баштады. Анын натыйжасында 2018-2019-жылдарда жайыт акы төлөмдөрү толук 100%га аткарылды. Баса белгилей кетсем жайыт комитетинин ишин жандандырып жөнгө салууда айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановдун жана айыл башчылардын салымы болду”- деди.
Ошол эле учурларда АРИС уюму аркылуу биздин жайыт комитетине 2016-жылы 5 702 716 сом каржылык акча каражаты бөлүнүп, төмөндөгүдөй чакан долбоорлордүн жүзөгө ашырылган:
- Жалпы баасы 3 367 400 сом турган ВТГ-90 булдозери сатылып алынган. Анын 841 850 сому айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилген.
- Жайытты жакшыртуу максатында Жолборсту жайыты тосмого алынды. Жалпы суммасы 791 781 сомду түзүп, жайыт пайдалануучулар тарабынан 43 000 сомдук салым кошулган.
- Жайыт жолдорун калыбына келтирүүдө суу өтүүчү 500 мм темир түтүктөрдү коюулду. Анын жалпы баасы 296 055 сомду түзгөн, жайыт пайдалануучулар тарабынан 30 500 сомдук өздүк салым кошулду. Ушундай эле чоң кечүүлөргө диаметри 900 мм темир түтүк коюуга 338 281 сом жумшалды, 21 830 сому элдин салымы болду. Дөбө жайытына булакка каптаж куруу – баасы 128 460 сомду түздү, анын 9 000 сомун элдин салымы түздү.
- Аска жайытына булакка каптаж курууга 180 200 сом жумшалса, ага эл 9 500 сом кошумчасын кошту.
- Сатылып алынган атайын техника ХОВО автосамосвал машинасы 1 900 000 сомго сатылып алынып, 475 000 сом, жайыт комитетинин жана спонсорлордун эсебинен 475 000 сом кошумчаланды.
- Ал эми менчик ветеринарлар үчүн сатылып алынган көчмө “Фиксатордун” баасы 149 000 сом түзсө, анын 37 500 сомун ветеринарлар жана жайыт комитети тарабынан берилген.
- Кой кыркуучу көчмө кыркым пункту – 213 630 сомго алынса, анын 53 400 сому жайыт комитетинин эсебинен төлөндү. 2020-жылдын сентябрь айына карата жайыт пайдалануучулар тарабынан пландалган долбоорлор толугу менен аткарылып бүткөрүлдү.
Мындан сырткары, жайыттын абалына баалоо жүргүзүү боюнча алгылуктуу иштер аткарылып, мал жаюу графиги түзүлүп, которуштуруп пайдалануу жолго коюулду. Ошондой эле, Бай-Алай, Кемп-Алатоо фонддору менен да активдүү иштешип, бир нече чакан долбоорлор ишке ашырылды. 2018-жылдан тарта жайлоодогу балдардын билим алуусун жолго коюу максатында Үч-Чат жайлоо балдар бакчасы уюштурулуп, бүгүнкү күндө ага 16-20 бала тартылып, жайыт пайдалануучулардын алкоосуна татып келүүдө.
Көп кырдуу тажрыйба жайыт комитетин башкарууга жеңилдик берген.
Сокулук районуна караштуу Асылбаш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы Байсейитова Гульмира Медетбековнаны жайыттарды башкаруу жана пайдаланууда жасаган эмгегин өзгөчө белгилеп айтууга болот. Анткени, Кыргыз Республикасында жайыттардын абалы жылдан жылга начарлап, пайдалануу чаржайыт, плансыз пайдаланылып калган учурда мамлекетте «Жайыттар жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан тартып ар бир айыл аймакта жайыт комитеттер уюштурулуп иштеп баштады. Асылбаш айыл аймагында 2009-жылдын 16-декабрында жайыт комитети түзүлүп, Чүй облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Элдик жыйында жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы- жайыт комитети болуп түзүлгөн.
2014-жылы айыл өкмөт башчысы Момоконов Боромбай Туюкбековичтин сунушунун негизинде жайыт комитетинин төрагасынын орун басары болуп Байсейитова Гульмира Медетбековна шайланган болчу. 2018-жылы кайра шайлоодо жайыт комитетинин төрайымы болуп Байсейитова Гульмира Медетбековна шайланып, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келүүдө. Жайыт комитетинин мүчөлөрү 12 адамдан турат, баары эркек кишилер. Гульмира эженин өзүнүн айтымында: “Мен үчүн бул жайыт комитетинин төрайымы болуп иштөө кыйын болгон жок, себеби, буга чейин эле жетекчи болуп иштеп келгем. Бул жумушта мыйзам чегинде иштердин жүргүзүлүшүн талап кылгам. Алгач 2017-жылдын бюджеттик планы 70 миң сомду түзгөн. 2019-жылы бюджет 90 миң сомго жетип, ошол жылдын планы 117%га аткарылган. Айылдын ичиндеги жайыт жолдору, көпүрөлөр оңдолгон».
«Айылдарга чыгып атайын фокустук топторду түзүп, алар аркылуу көйгөйлүү маселелерди тактап АРИСтин долбоорун утуп алдык, бирок, купка салына турган жерлер трансформациядан өтпөй берилбей калган. 2016-2017-жылдары ошол суммадан 7-көпүрө салынган. АРИС тарабынан жайытты жакшыртууга жана материалдык базасын чыңдоого 180 миң сом бөлүнүп берилген. Көпүрөлөрдүн капиталдык оңдоп түзөө иштери жана суу өтүүчү түтүктөрү 30 миң сомго жайыт комитетинин эсебинен салынган. Мындан сырткары, жайыттын абалына баалоо жүргүзүү боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлүп, малдарды алыскы жайыттарга чыгаруусу боюнча жайыт колдонуучулардын сунушу аткарылган. Жайыт пайдалануучулар менен бирге жайыт төлөмүнүн баасы аныкталган. Жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосунда биргелешип иш алып баруу биринчи планга коюлган». Ошентип, Гульмира ажы Байсейитованын иш тажрыйбасынын көп кырдуулугу жайыт комитетинин ишинин алга жылуусуна өбөлгө түзүп келүүдө.
Кең-Булуң жайыт комитетинин иши жолго коюлган
Айыл жергесин мал чарбасыз элестетүү кыйын. Дээрлик бардык айылдарда жайыт пайдалануучулар мал кармашып андан түшкөн кирешеден өздөрүнун тиричиликтерин өткөзүп келишүүдө. Ал эми мал чарбасы үчүн эң керектүү нерсе жайыт экендигин баарыбыз түшүнуп жана билсек керек. Жайыт комитеттери уюшулуп жатканда биздин Кең-Булуң айыл аймагында да жайыт комитети 2009-жылы уюшулган.
“Мен Кең-Булуң жайыт комитетине 2010-жылы бухгалтер болуп ишке алынгам, ал эми 2014–жылдын февраль айынан баштап жалпы элдик чогулушта жайыт комитетинин төрайымы болуп бир добуштан шайлангам. Биздин Кең-Булуң айыл аймагы төрт айылдан турат, 1640 кожолук бар, анда 9425 адам жашайт. Союз убагында жашылча өндүрүү боюнча адистештирилген совхоз болгондуктан өзүбүздөгү жана Суусамыр өрөөнүндөгү жайыттарыбызды кошкондо 627 гектар жайытыбыз бар. Айыл аймагы боюнча 4000 бодо мал, 1000 жылкы жана 2000 кой багылат. Жайытыбыз жетишпейт, жайыт пайдалануучуларыбыз жайыт акысын өз убагында төлөөгө аракет кылып турушат. Жайыт комитетинин материалдык-техникалык базасын түзүүдө Кең-Булуң айыл өкмөтүнун, АРИС уюмунун эмгеги чоң. АРИС уюмунун жардамы менен жайыт комитетине 2017-2019- жылдары Беларусь экскаваторун, 3 кой кыркуучу машина, 3 генератор, роторный косилка жана боз үй сатып алганбыз. Өзүбуздун техника менен азыркы күндөру көпурө салып, жолдорду оңдоо иштерин жүргүзуп жатабыз, калган сатып алынган оокаттар да өз максатында пайдаланылып жайыт пайдалануучуларыбызга кызмат кылып жатат”. Асыл Мыйтиева, Кең-Булуң жайыт комитетинин төрайымы.
Жайыт комитетин үзүрлүү башкарган төрайым
Аликулова Гульмира Эргешовна Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айыл аймагында ветеринардык врач болуп эмгектенген. Өзүнун кесиби ветеринардык врач болгонуна байланыштуу бала кезинен эле мал чарбасына, анын өнүгүшунө жана фермер дыйкан чарбаларына көмөк көрсөтуп келген. Бул кызматта 2002-жылдан 2016-жылга чейин үзурлүү эмгек өтөгөн. Бул ийгиликтүү эмгектин аркасында Гульмиранын адамгерчилигин жана анын кесипкөйлүгүн жергиликтүү калк эске алып, аны 2016-жылдын март айынан баштап аталган айыл аймагынын жайыт комитетине төрайым кылып шайлап алышкан. Айыл аймакта жайыт азыраак, бирок ошого карабастан жергиликтүү калк мал менен оокат кылып келишүүдө. Айыл аймакта 2179 уй, 3377 кой жана 214 жылкы бар. Айыл аймакта болгону 662 гектар жайыт бар, анын ичинен 397 га жайыт Суусамыр өрөөнүндө, калган 265 га жер жалаң жакынкы жайыт болуп эсептелинет. Айыл аймак 5 айылдан турат, калкынын саны 4132 адам.
АРИСтин жардамы менен бир экскаватор алынган, бүгүнкү күндө алынган экскаватор менен жакынкы жайыттардын жолун жыл сайын оңдоп мал жаюуга шарт түзүп берип турушат. Өзүнүн кесиби ветврач болгондуктан өзгөчө көңул малдын ден-соолугуна бурулат, анткени жайыттын көлөмүнүн аздыгына байланыштуу айылдык аймакта малдын да саны аз болгондуктан малдын ден-соолугун кароо жайыт пайдалануучуларга өзгөчө милдет болууда. Мына ушундай шартта Гүльмира Аликулова 2016-жылдан бери эл менен ынтымакта, “Алыбек алына жараша” - дегендей, жайыт комитетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша үзүрлүү эмгек кылып жаткан жайыт комитеттин төрайымдарынын бири болуп эсептелет.
Жайыт комитеттерин жетектеп, жол көрсөтүп кеткен айымдар
Республикабыздын жер-жерлеринде жайыттарды сарамжалдуу жана туруктуу башкарууда ийгилик жараткан кыздар башкарган жайыт комитеттери жок эмес. “Жайыттар жөнүндөгү” КРнын Мыйзамы кабыл алынгандан кийин жайыт комитетинин төрайымы болуп шайланышып, жайыттарды алгылыктуу башкарган айымдарыбыз тууралуу сөз кыла кетели. Мисалы, Нарын областынын Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы болуп иштеп кеткен Алжабанова Айнураны айтып кетсек болот. Ошол учурда Алжабанова Айнура мырзалар башкарган жайыт комитеттерден артта калбай жайыт пайдалануучулар менен ынтымакта иш алып барып, эл менен макулдашып, көчүп –конуу иштерин, жайыттарды өз убагында эс алдырып жайыттарыбыздын акыбалын сактап калууга бир топ иштерди жүргүзгөнгө жетишкен.
Мына ушул жылдары эмгектенишкен Баткен областынын Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы Шохиста Токтасинова жана Жалал-Абад областынын Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын жайыт комитетинин төрайымы Нуржамал Тууганбаевалар да жайыттарды башкаруу жана пайдалануу иштеринде ийликтерге жетишишкен. Алсак, Нуржамал Тууганбаева иштеп жаткан мезгилде жайыт пайдалануучулардын Суусамырдагы жайыттарын тактап, ал жакта малчыларга мал жаюуга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө көп эмгегин жумшаган. Малчыларга малды Суусамырда жаюуга мүмкүнчүлүк алгандан кийин айыл аймакка жакын жайгашкан жайыттарга келген оорчулук азайып, жайыттарды сарамжалдуу пайдалануунун дагы бир мүмкүнчүлүгүн малчыларга көрсөткөн. Ошондой эле жайыттарга барчу жолдорду, көпүрөлөрдү салып, айыл элинин жайыттарга болгон көйгөйлүү маселелерин элдин колдоосу менен чечип берген. Мисалы, Сасык участогуна 1 каптаж, 2 көпүрө салдырган, Терс жайлоосунун 10 км жолун жана Итагар жайлоосунун 18 км жолун оңдоп, жайытка барууга шарт түзгөн. Нуржамал Тууганбаеванын зоотехниктик кесипке ээ болгондугу жайыттарга жана жайыт пайдалануучуларга кесипкөй мамиле менен жасоого түрткү болгондугун да белгилей кетели.