Новости

Алдыңкы тажрыйба алга жылуунун өбөлгөсү.
25 ноя.

Алдыңкы тажрыйба алга жылуунун өбөлгөсү

Ысык-Көлдөгу Тору-Айгыр жайыт пайдалануучуларынын саамалыгы

Климаттык өзгөчөлүккө байланыштуу Тору-Айгыр айыл өкмөтүнө караштуу жайыттарга баруучу жолдор кумдуу болгондуктан сел коркунучуна дайыма дуушар болуп турат. Ошондуктан оңдоо иштерин көп жүргүзүүгө туура келет. Көпүрө салууда да жайыт комитетинин мүмкүнчүлүктөрү аз болуп келген. Ошол себептен 2019-жылы бузулган көпүрөлөрдү арзан оңдоо жана кийин бузулбай туруктуу болушу үчүн жеңил машинанын жараксыз дөңгөлөктөрүн пайдаланууну ойлоп табышкан. Ушул ыкманы колдонуу менен Чоң Көк-Жар жана Чоң Талды-Булак өрөөндөрүнүн сайларына, шагылдуу, суу тез бузуп кете турган жолдорго дөңгөлөктөрдү төшөп, бир бирине зым менен байланыштырып бекитип, үстүн топурак шагыл менен толтуруп түздөшкөн. Натыйжада бир жылдан кийин чоң жаан-чачын, кыян суу жүргөндө башка жолдун баарын суу алып кетип, дөңгөлөк төшөлгөн жолдор ошол бойдон сакталып калууда. Ошентип жеңил машинанын жараксыз дөңгөлөктөрүн көпүрөлөрдү салууга пайдалануу жакшы натыйжасын бергендигине күбө болдук. Тору-Айгыр жайыт комитетинин карамагында 29 570 га  жайыттарга баруучу жолдорго салынган мына ушул көпүрөлөр аркылуу 50% жайыт пайдалануучулар катташууда.

Андан тышкары бул көпүрөлөрдүн кызматын айыл тургундары жана башка региондордон мал кошкон адамдар жана дыйкандар да көрүшүүдө. Бул көпүрөлөрдүн сметалык баасы, цемент менен курулган көпүрөлөрдөн айырмасы абдан чоң. Мисалы, сайдын көлөмүнө жараша 8-10 метрлик көпүрөнүн болжолдуу баасы 1 млн сомдун тегереги болсо, ошол эле көлөмдөгү дөңгөлөк салынган 10 метрлик көпүрө 15 000 – 20 000 сом менен бүткөрүлөт. Туруктуулугу жагынан дөңгөлөк менен салынган көпүрөлөр алда канча бышык болууда. Ал эми цемент менен салынган көпүрөнүн тегерегин суу жеп кетчү коркунучу бар. Бул салынган көпүрөлөр көпчүлүгү жайыт пайдалануучуларды жана малчы фермерлердин оор жүгүн жеңилдеткенге, көчүп-конуу шарттарын жакшыртууга кызмат өтөп келет. Жайыт пайдалануучулардын жана малчылардын ыраазычылыктары жана берген баталары мындан ары дагы активдүү иштөөгө шыктандырат. Бул идея Тору-Айгыр айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин кенешинин төрагасы Акеев Талантбекке таандык.

К.Өзбеков, Тору-Айгыр жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы   

Ак Татырда башкаларга өрнөк болчу иштер аткарылган

Баткен облусунун Баткен районунун Ак Татыр айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин 2019-жылдын жыйынтыгы менен жылдык отчеттук чогулуш өттү. Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчетуна жайыт пайдалануучулар “канаатандырарлык” деп баа беришти. Жайыт комитетинин 2020-жылга жумушчу планынын долбооруна, Ак Татыр, Орто Боз айылдарынын жайыт пайдалануучулары, Каравшин жайлоосунун дарыясына мал айдап өтчү үч көпүрө курууну сунуштады. Себеби, Каравшин жайлоосунан өтө чоң көлөмдөгү сел келип, үч көпүрөнү агызып, кеткен болчу. Жайыт пайдалануучулар жайлоого көчкөндө мал жандыктарын дарыяга агызып көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон.  Көпүрөлөр токой чарбанын карамагында болгондуктан жайыт пайдалануучулар жайлоого барып келгенден абдан кыйналышчу. Токой чарбага кайрылгандан майнап чыккан жок. Ак Татыр айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Омуров Максатбек, 2020-жылга жумушчу пландарын жана бюджетин жергиликтүү кеңештин сессиясында бекиттирип, жайыт пайдалануучулардын талабын аткарууга киришкен. Каравшин жайлоосунун жайыт пайдалануучуларын чогултуп бир канча жолу жыйналыштарды өткөргөн. Жайыт пайдалануучулардын арасынан он кишиден турган ыктыярдуу жумушчу топ түзүлүп, көпүрө курганга керектүү материалдар жана эки жумалык тамак аш менен камсыз кылып, жайыт комитетинин төрагасы өзү кошулуп жөнөп кетти. Ак Татыр айылынан Каравшин жайлоосуна чейин 60-70км. Малды айдап барганга жол бар, бирок, техника менен барганга жол жок. Ошол жумушчу топ эки жуманын аралыгында үч көпүрөнү салып, жайыт пайдалануучуларга, жайыттарды пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүп берди. Көпүрө курганга, жумушчу күчтөрүн кошуп эсептегенде жалпысынан 190 000 сомдук жумуш аткарылган. Азыркы учурда ат эшектеринен түшпөй, Каравшин жайлоосуна мал жандыктарын айдап барышууда.  Каравшин жайлоосунун жайыттарын толугу менен которуштуруп пайдаланууга жакшы шарт түзүлдү. Эгерде бул көпүрөлөрдү курбаганда жайыттарды такырланууга алып келип, жайыт пайдалануучулардын мал жандыктары сууга агып, жайыттарды пайдаланууда кыйынчылыктар жаралмак.

       Ак Татыр айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулары жайыт комитетине ыраазычылыктарын билдиришти. Жайыт пайдалануучулар жайыттардын жамааттык башкаруусу жакшы натыйжа берип жаткандыгына кубанышат. Себеби, жогорудагы акча каражатына эч бир уюм ал жерге барып үч көпурө салмак эмес. Ак Татыр айылдык аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Омуров Максатбек, коомдук иштерге активдүү катышып, мурда айылдык кеңешке депутат да болгон. Эл үчүн көптөгөн жумуштарды жасап жүрөт.   Максатбек айылда кадыр барктуу, жогорку билимдүү, эл сыйлаган, алдыңкы жаштардын бири. Жайыт комитетинин төрагалыгына шайланган күндөн баштап, жайыт пайдалануучулар менен жакшы мамиледе иштеп келе жатат.

Жайыттарды эс алдыруу  жайыттардын жакшыруусуна алып келүүдө

Бүгүнкү күндөгү климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу аркылуу жайыттарды жакшыртуу иштери Алай районуна караштуу Сары-Таш жайыт комитетинде алгылыктуу жүргүзүлүп жатканын белгилей кетүү керек. Алардын негизги иши жайыттарды тосмолоо, жайыттарды эс алдыруу, жайытты которуштуруп пайдалануу, сапаттуу кышкы тоют даярдоо жолдору менен аймактын экономикалык абалын көтөрүүгө багытталган. Жайыт комитетинин төрагасы Нурдөөлөт Сары-Таш айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар менен кеңешип жайыттарды которуштуруп пайдалануу, ага  долбоор жазуу, жайыттарды тосмо менен тосуп, эс алдыруу, ал жерден кыштык тоют алуу сунуштары менен чыкканда айыл аймак башчысы, айылдык кеңештин депутаттары колдоп чыгышкан. Анын негизинде 2018-жылы долбоор даярдалып, "Мал чарбасын жана рынокту өнүкүрүү-2" долбоорунун алкагында 2018-2019-жылдары ишке ашырылды.

2018-жылы жалпы суммасы 3 703 651 сомдук долбоор даярдалып, 2 548 889 сом донорлор тарабынан грант берилди, ал эми жайыт комитети, АО тарабынан 230 000 сом накталай акча бөлүндү, 94 741 761 сомдук долбоор элдин эмгек салымынын негизинде ишке ашырылды. Ал эми 2019-жылы жалпы суммасы 1 268 960 сомдук долбоор ишке ашырылды. Долбоордун негизинде Кумар-Дөбө жайытынан бир капталынан (Жого караган жана башка айыл аймактын жайыттары менен чектешкен) 4км (4000м) темир тосмо менен тосулуп, жалпы 5000 га жайыт курчоого алынды. Бул долбоордун ишке ашышы менен жергиликтүү жайыт пайдалануучулардын айтымында быйылкы жылы мурдагы жылдарга караганда таза тоют жыйналган жана ошондой эле тоюттун көлөмү да көбөйгөндүгү байкалган, ошондой эле кышкы жайыт катары пайдаланууга шарт түзүлгөндүгүн айтышууда.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жалпы суммасы 22 млн. сомдук долбоор даярдалып коюлду. Анын негизинде жалпы 26 км (20 миң га) жайыт тосмого алынат жана жайытты сугаруу үчүн каналдын курулушу жүргүзүлөт.  Жайыттардагы тоюттун арзандыгы айдалган жайыттардын экономикалык эффективдүүлүгүн камсыз кылат. Ошентип, тоют ресурстарын кыйла көбөйтүп, экономикалык жактан эффективдүү болгон сугат дыйканчылык жайыттарын түзүү менен тоют базасын чыңдоонун, мал чарба продуктыларын өндүрүүнү көбөйтүүнүн жана алардын өздүк наркын төмөндөтүүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп саналат.     Экономикалык пайда - жайыттарды сыйлоо, анткени жайыттар - мал чарбасынын негизи.

Жайыт тосуу жакшы жемишин берүүдө

Нарын областынын Нарын районундагы Кум-Бел жайлоосу Жерге-Тал жана Кызыл-Жылдыз айылдарына жакын жайгашкан жайлоолордон болуп эсептелет. Кум-бел жайлоосу менен айылдын ортосунда Тешик, Борлу-Суу кыштоосу бар. Мал жайлоого чыккандан баштап качкан мал кыштоолорго түшүп кыштоолордун чөбүн жайлата жеп, кышкыга тоют начар болуп калууда. Ошондой  эле айылга келген мал ооруп, дан эгиндерди жыйноодо жана чөптөрдү тебелеп терс таасирин тийгизүүдө. Ушундай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Кум-Бел жайлоосундагы Туура-Бешик жана Жалган-Таш участкасына жалпы узундугу 3500 метр жерди тосуу  жагы жайыт комитет  жыйынында  каралган.  Бул көйгөйлүү маселени чечүү үчүн жайыт комитет бардык айылдагы демөөрчүлөргө жардам сурап кайрылган. Бүгүнкү күндө демөөрчүлөр тарабынан жана жайыт пайдалануучулардын жардамы менен  жалпы суммасы 654 000 сомго материалдар толугу менен алынып, тосмо иштери жүрүп жатат. Бул тосмону тосуу  менен айылдын  кыштоолорун сактап калуу мүмкүнчүлугу  бар жана дыйкандардын дан эгиндерди күзгү оруп жыйноого жана чөптөрдү толугу менен жыйноого шарт түзүлөт. Келээрки 2021–жылга жайыт комитет тарабынан дагы кошумча 1000 метр тосмо тосуу жагы каралууда.  Бул жасалып жаткан иштерди айылдын жашоочулары колдоого алышып, жайыттарды туруктуу жана жигердүү башкарууга өздөрүнүн салымдарын кошушуп, жайыттардын абалын оңдоого өздөрүнүн салымын кошуп жатышат. Мындай саамалык Жерге-Тал айылынан башка айылдарга да сабак болуп жайыт пайдалануучуларыбыз өз салымдарын кошушуп өздөрүнүн жайытын сактап гана эмес аны жакшыртуу иштерин жүргузүшөт деген ниеттебиз.