Новости

"Кыргыз Жайыты" Ассоциациясы Баткен аймагындагы жабыркагандарга жардам иретинде 200 миң сом берди.
3 мая

“Кыргыз Жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар Улуттук Ассоциациясы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы участкасында акыркы окуяларда жапа чеккендердин үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат. Эч бир сөздөр балдарын жоготкон энелерди соорото албайт жана бир заматта өмүрү кыйылган мекендештерибизди кайтарып бере албайт. Алардын элеси ар бирибиздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталып калат. Биздин жамааттын атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына чын жүрөктөн колдообузду билдиребиз жана жаракат алгандарга тезирээк сакайып кетишин жана чың ден-соолук каалайбыз.

Мамлекет каза болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө керектүү жардамдарды көрсөтөт. Биздин ассоциация дагы четте турбай, 2021-жылдын 28-апрелинен 30-апрелине чейин кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын кесепетинен Баткен облусунда жабыркагандарга акчалай жардам көрсөттү. Биздин бирикменин мүчөлөрүнүн айтымында, тараптардын кагылышуусунун натыйжасында Баткен облусунун жайыт пайдалануучуларынын көпчүлүгү, айрыкча Лейлек районунун тургундары жапа чегишти, буга байланыштуу биздин бирикме даректүү колдоо көрсөтүүнү чечип, жергиликтүү тургундарга 100 000 (жүз миң) сомду айыл өкмөттүн атайын эсебине которгон. Бул сумма жердеги көйгөйлөрдүн бир аз болсо да чечилишине жардам берет деп ишенебиз.

Мындан тышкары, ассоциация тарабынан малчыларды алыскы жайыттарга көчүрүүнүн альтернативдүү жолу катары жайыт жолдорун жакшыртуу максатында Баткен районунун жергиликтүү жамааттарына 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү, ал Ворух анклавынын аймагындагы жайыттарды Кыргызстандын гана жерлерин пайдаланып колдонууну уюштурууга көмөк көрсөтүү максатында жасалды. Ошентип, биз чек ара аймактарындагы чыңалуунун деңгээлин төмөндөтүүгө, жер жана суу ресурстарына байланыштуу чыр-чатактарды жөнгө салууга жана алдын алууга инвестицияларды жумшайбыз.

Биз Баткен облусунда болуп жаткан окуяларды өтө тынчсыздануу менен байкап жатабыз жана учурдагы кырдаалды тез арада тынчтык жолу менен жөнгө салууга үмүттөнөбүз, адилеттүүлүктүн жеңишине терең ишенип турабыз. Мамлекетибизде ар дайым тынчтык асманы болсун!

 

Урматтоо менен,

Башкы директор А.Эгембердиев

жана "Кыргыз Жайыты" ассоциациясынын жалпы жамааты

3-май, 2021-жыл