Новости

"Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин арасында лидерлик позицияда". Кыргыз Туусу гезитиндеги макала.
9 авг.

Эгемендиктин 30 жылдыгына карата
“Кыргыз Жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясынын башкы директору Абдымалик ЭГЕМБЕРДИЕВ: “Кыргызстан Борбордук Азиядагы мамлекеттердин арасында лидерлик позицияда”

–Абдымалик Абдыкаарович, эгемендикти алгандан тартып бардык тармактарда, анын ичинде жайыт тармагында да өзгөрүүлөр, жаңылануулар болду. Кыргызстанда жайытты пайдалануу саясаты жана анын мыйзамдык базасы барбы?

–Мыйзамдык база бар, Кыргызстан эгемендикти алгандан бери бардык тармактарда көптөгөн өзгөрүүлөр болду. Өзгөчө биз тейлеген жайыт тармагында революциялык өзгөрүү болду десем жаңылышпайм. Мурда кыргыз элинин байлыгы болгон, ата-бабалардан мурас катары келе жаткан жайыттарды мамлекеттик мекемелер башкарып келген. 2009-жылы бир топ адистер, эл аралык жана өкмөттүк уюмдар менен кеңешип, атайын мыйзам иштеп чыкканбыз. Жайыттарды башкаруу системасы түп-тамырынан бери өзгөрдү. Анын эң негизги максаты жайыттарды башкаруу, пайдалануу жана жакшыртууга багытталып, жергиликтүү тургундардын же жайыт пайдалануучулардын өздөрүнө өткөрүлүп берилди. Башкача айтканда, мамлекеттик башкаруудан жергиликтүү калктын башкаруусуна өттү. Буга айрым чиновниктер менен адистер түшүнбөй мамлекеттин менчигинде турган байлыкты коомдук уюмдарга берип коебузбу деп кооптонушкан. Бирок, биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ынандырдык. Себеби жергиликтүү эл мамлекеттик бийликке, жогорку органдарга караганда жайытты кантип пайдалануу жана жакшыртуу керектигин жакшы билет. Мындан улам биз жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзүүнү сунуштаганбыз. Анын аткаруучу органы болуп жайыт комитеттери эсептелет. Тарыхыбыз менен турмуш көрсөткөндөй 2009-жылдан бери 12 жыл өттү. Азыр биз туура багытта баратканыбызга ынанып отурабыз. Жайытты жергиликтүү эл башкарып келет. Албетте, кемчиликтер менен мүчүлүштүктөр да болбой койгон жок. Азыр деле бар. Кемчиликтердин келип чыгышы жайыт комитеттерин башкарган адамга да байланыштуу болот экен. Ошондуктан эл менен сүйлөшкөндө татыктуу, сөзү өтүмдүү эл кадырлаган, билимдүү, жайыттын сырын билген адам иштесин деген талапты коебуз. Жайыт комитеттери дайындалбайт же кимдир бирөө тарабынан сунушталбайт. Эл өзү шайлайт. Кээде трайбалисттик түшүнүктөрдөн улам эмне болсо да өзүбүздөн болсун деп, татыктуу эмес талапкерлер шайланып калган учурлар да жок эмес. Учурда жайыттарды жакшыртуу иштери жүрүп жатат. Аны менен катар туура рационалдуу пайдалануу жолго салынды. Жайыт акыларын чогултуп, ал каражаттар жайыттын көйгөйлүү маселелерин чечүүгө жумшалып жатат.
 
–Жайыт пайдалануучулардын ассоциациясы кандай максатта түзүлгөн?
– Адегенде жайыт пайдалануучулар бирикмелери, коомдук уюмдар, райондук деңгээлде өзүлөрүнүн ассоциациясын түзүүнү сунушташкан. Андан кийин 2012-жылы республикалык деңгээлде ассоциация түзөлү деген сунуш болгон. Анда мен мамлекеттик кызматта иштеп, департаменттин директору элем. 2013-жылы “Кыргыз Жайыты” Кыргызстандын жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясын түзүүнү туура көрдүк. 2015-жылы мамлекеттик кызматты тапшырып, 6 жылдан бери ассоциацияны жетектеп келе жатам. Биздин максатыбыз жайыт пайдалануучулар бирикмелерине, жайыт комитеттерине, жайытты пайдалануудагы иштерине жардам берип, аларды окутуп, заманбап ыкмаларга үйрөтүү. Кээде жайыт комитеттеринде

кимдир бирөө объективдүү себептер менен кетсе, кээ бирлери айыл өкмөттөр менен пикири келишпей, кыйынчылыктарга чыдабай кетип калгандары болду. Жаңы келген жайыт комитеттерин кайрадан окутуу, алардын иштөө стилдерин уюштуруу, алдыңкы жайыт комитеттери менен тажрыйба алмаштыруу иштерин уюштуруу, биздин негизги милдеттерибиздин бири болуп эсептелет.

–Республикада канча жайыт комитети бар жана алар кандай шартта иш алып барат?
–Республика боюнча 454 жайыт комитети бар. Алар ишмердигин өздөрүнүн Уставына, иш пландарына ылайык жүргүзөт. Аларга Уставды, иш пландарын түзүүнү үйрөттүк. Бул багытта атайын тренингдерди уюштурдук. Баткен окуясынан кийин бул облустагы жайыт комитеттерин чакырып, аларды моралдык жактан колдоо иретинде Ысык-Көлдө эс алдырдык. Ысык-Көл районундагы Торайгыр, Түп районундагы Сары-Булак, Жети-Өгүз районундагы Липенко жайыт комитеттеринин иш тажрыйбаларын көрүп, иштөө ыкмалары менен таанышышты. Түндүктөн түштүккө же түштүктөн түндүккө тажрыйба алмашсын деп жайыт комитеттерин чакырып турабыз. Үлгүлүү жайыт комитеттерибиз да арбын. Жайыт комитет деген өзүнчө
институт калыптанып калды. Азыркы тапта жайыт комитетинде иштейм деген жаштар көбүрөөк чыга баштады. Бул да жакшы көрүнүш. Жайыт комитеттеринин жетекчилери айылдык кеңешке депутат, төрага, айыл өкмөт башчы болуп шайланышты. Кадам-Жай районундагы Үч-Коргон жайыт комитетинин төрагасы айылдык кеңештин төрагасы болду. Жети-Өгүз районундагы Липенко жайыт комитетинин жетекчиси айылдык кеңештин төрагасы болду. Кочкор районундагы айылдык кеңештин төрагасы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Нарын районундагы Он-Арча жайыт комитетинин төрагасы адегенде айыл өкмөт башчы болуп, андан кийин Нарын районунда аким болгон, учурда Чаткал районуна которулду. Бизде иштегендер кызматка көтөрүлүп жатат. Андыктан жайыт комитети кадрларды даярдоонун дагы бир мектеби болуп калды десем ашыкча болбос.

–Буга чейинки маегиңизде суу жетпеген алыскы жайлоолордо жасалма мөңгү тоңдурганыңызды айткан элеңиз. Анын натыйжасы кандай болду?
–Ооба, биринчи жолу эксперимент катары Нарындагы Жерге-Тал жайыт комитетинде жасап көргөнбүз. Мунун натыйжасы оң болорун көрүп, ага ынандык. Аны азыр кеңири жайылтууну колго алдык. Өткөн жылы Өзгөн районундагы Жалпак-Таш жайыт комитетиндеги Ийри-Суу жайлоосунда жасаганбыз. Ал жайлоо абдан кенен, бирок август айында эле булактар соолуп, суунун жоктугунан малдар ылдый кача баштаганын айыл өкмөт башчысы айткандан кийин, Алай районунун аймагынан 3 чакырым аралыктан труба менен суу тартып келдик. Мал суу иче тургандай кылып жасап бердик. Ал эми кыш айларында суу бийиктиктен фонтандай болуп чачырап аккандыктан тоңуп, музга айланат. Биз ал жайлоодогу эл менен жолугушканда мындай ыкма союз кезинде да болбогонун, алгач укканда жомоктой сезилип, жасалбайт го деп ишенбегендиктерин, кийин ишке ашканын көрүп кубанганын айтышты. Элдин сүйүнгөнүн көрүп, туура иш кылганыбызга өзүбүз да ыраазы болдук. Кышында тоңдурулган мөңгү апрель, май, июнь айларында суу тартыш болгон учурларда сугат сууларга кошумча болсун деген максатта Ысык-Көл районундагы Торайгыр жайыт комитетинде сууну бойлото алты жерге, Панфилов районундагы Орток, Тоң районунда Улахол жайыт комитетине жасап жатабыз. Андан соң Жети-Өгүз менен Таласка тоңдурууну мерчемдедик.

–Быйыл сугат суунун тартыштыгы байкалды. Мындай тартыштык эмнеден улам келип чыкты, себептерине токтолсоңуз. – Сугат суунун тартыштыгынын бир канча себеби бар. Биринчиден, жазында күн суук болуп, кайра дароо ысык болуп кетиши, экинчиден, тоолордо кардын запасы аз болгонго байланыштуу суунун убагында кирбеши, үчүнчүдөн, азыр союз кезиндегидей чоң эгин талаалар жок. Жеке менчик учасоктордо бир түрдүү эгиндер эгилбейт, бирөө сууну көп талап кылса, экинчиси аз талап кылат. Айрыкча шаардын тегерегине эгилген жашылча жемиштер сууну көп талап кылат. Ушуга байланыштуу дыйкандардын ортосунда талаш-тартыштар бар. Сугат сууну пландуу, ирээти менен пайдалануу көңүлгө алынбай калган. Бул маселеге Министрлер кабинети өзгөчө көңүл буруп, скважиналарды, суу сактай турган бассейндерди (бср), куруу керек деген маселени көтөрдү. Бул абдан туура. Бирок өтө көп каражатты жана убакытты талап кылат. Ал эми биздин суунун башына мөңгүлөрдү жасаганыбыз бул абдан тез, ыкчам, арзан анан коопсуз, көп каражатты да талап кылбайт. Биздин адистердин эсептөөсү боюнча, эгерде күнүнө бир кубдан кошулуп, тоңдурулуп турганда дагы он миң кубдан ашат, бул жүз күнгө жетет.

–Жайлоолордо өскөн алтын тамыр, уу коргошун, айгыр от жана башка дары чөптөр казылып, чет өлкөлөргө ташылып жатат. Мындай жагдай дары чөптөрдүн жок болуп кетишине алып келбейби?..
–Мал жаюудан сырткары жайыттарды пайдалануу боюнча Өкмөттүн токтому бар. Дары чөптөрдү, жапайы мөмөлөрдү жыйнагандар, бал челектерди кармагандар жайыт комитеттери менен түзүлгөн келишимдердин негизинде иш алып баруусу керек. Тилекке каршы, эч кандай келишим түзбөстөн, дары чөптөрдүн тамыры менен жыйналып, башка өлкөлөргө сатылып жатканы, бул мыйзамсыз көрүнүш. Бул боюнча жайыт комитеттери, укук коргоо органдары, экотехинспекция чара көрүүсү зарыл. Биринчи кезекте жайыт комитеттери бул маселе боюнча тиешелүү документтерди түзүп, атайын органдарга берүүсү керек. Кээде кыргызчылык кылып мыйзамсыз иштерди көз жаздымда калтырып койгон учурлар бар. Ошонун кесепети жайытка эле
эмес, жалпы экосистемага зыян келтирип жатканын баарыбыз сезип, жоопкерчилик менен мамиле кылышыбыз керек.

–Эгемендикти алган отуз жылда кандай ийгиликтерди жарата алдыңыздар?
–Жайыт тармагында биз отуз жылда бир кыйла ийгиликтерге жетиштик. Эл аралык бир нече уюмдарга мүчө болдук. Республикадагы жайыт тармагында жүргүзүп жаткан реформанын, деги эле алгылыктуу иштерибиздин натыйжасында сыйлыктарга жетиштик. Жайыт пайдалануучулардын ийгиликтерин кабардар кылып, ар түрдүү конкурстарды уюштурдук. Бүгүнкү күндө айрыкча Монголия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин арасында биз лидерлик позициядабыз. Борбордук Азияда “Жайыт Альянсын” түзгөнбүз. Анын курамына ушул өлкөлөр кирет. Буга чейин болуп өткөн Ташкенттеги биринчи жыйында мени төрага кылып шайлашкан. Азыркы тапта пандемияга байланыштуу он-лайн конференцияларды өткөрүп, жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп турабыз. Буйруса эмдиги жылы эпидемиологиялык абал жакшырып кетсе, жолугушуп чогуу иштерди алып барабыз. Алар Кыргызстандагыдай ийгиликтерге жетишсек деген ниетте. Андыктан бул жалгыз эле жайыт пайдалануучулардын эмес, жалпы республикабыздын жетишкендиги деп ойлойм...

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”