Новости

Түп районунун жайлоосунда улуттук фестиваль уюштурулду.
1 сен.
Түп районунун жайлоосунда улуттук фестиваль уюштурулду.
 
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30-жылдык мааракесине арналып Түп районунда Ж.Абдрахмановдун, К.Карасаевдин, К.Тыныстановдун 120-жылдыгын белгилеп, Санташ айыл аймагынын Каркыра жайлоосунда улуттук фестиваль уюштурулду. Фестивалга көптөгөн коноктор катышып, райондук, облустук жана улуттук деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер, көп жылдан бери айыл жергесин өнүктүрүү багытында алектенип жаткан инсандар, аксакалдар катышыты. Алардын арасында биздин ассоциациянын башкы директору Абдималик Эгембердиев да катышып, “Кыргыз жайыты” жайыт пайдалануучулар улуттук ассоциациясынын атынан катышуучуларга грант катары белектерди тапшырды. Биздин ассоциациянын мүчөсү Сары-Булак жайыт комитетинин төрайымы Гулжан Асанова баш болгон жааматтын тургундары дагы өз салымын кошуп, ошол мааракеде жайыт пайдалануу менен байланышкан салттуу жайлоо оюндарын жана көч ырымдарын көрсөтүп, мааркенин көркүн ачты. Фестивалда жайлоого көчүп кетүү эрежелери, өсүмдүктөрдүн абалын баалоо, журт менен учурашуу сыяктуу кызыктуу ырым-жырымдары көрсөтүлүп, кыл аркан, алтын шакек, жоолук кур таштамай сыяктуу оюндар көрсөтүлдү. Ошондой эле маараке концерт жана спорттук оюндары менен коштолуп, Түп районунун аксакалдарынын батасы менен жабылды.