Новости

Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
19 окт.

Урматтуу кесиптештер, достор, өнөктөштөр!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

Баарыбыз үчүн жайыттар, токойлор жана суу ресурстары жашообузда өтө маанилүү ролду ойнойт. Жер жана жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын элинин жашоосунун жана ишмердүүлүгүнүн негизи, алар бирдиктүү экологиялык системаны сактоо жана туруктуу өнүгүү үчүн мамлекеттин көзөмөлүндө жана өзгөчө коргоосунда. Биздин өлкөнүн айыл чарба тармагы акыркы жылдары активдүү жана динамикалуу өнүгүп келе жатат, бүгүнкү күндө ал биздин экономиканын флагмандарынын бири жана мындай ийгиликтер, албетте, биринчи кезекте - сиздердин эмгегиңиз. Анын жыйынтыктары биздин өлкө үчүн, ар бир үй - бүлө үчүн, ар бир адам үчүн чоң мааниге ээ. Сиздин жоопкерчиликтүү, талыкпаган эмгегиңиздин аркасында, биз жайдын татаал, кургакчыл жана оор эпидемиологиялык абалына карабай, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун сакчылыгында турабыз.

Агроөнөр жай комплекси мыкты улуттук салттарга таянып, ошону менен бирге алдыңкы технологияларды активдүү киргизүүдө. Анын продукциялары ички жана тышкы рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү. Айыл туризми жарандар арасында, өзгөчө балалуу үй -бүлөлөр арасында барган сайын популярдуу болууда. Бул чакан айыл чарба ишканаларын жана дыйкан чарбаларын өнүктүрүү үчүн кошумча стимулдарды жана ресурстарды берет. Кыргызстандын эли айыл чарба кызматкерлеринин жетишкен ийгиликтери менен сыймыктанат, чынчыл эмгегиңиз жана ишенимдүүлүгүңүз үчүн, ишиңизге берилгендигиңиз үчүн чоң рахмат. Сиздерге чың ден соолук, оркүндөп өсүү жана түрлүү ийгиликтерди каалайбыз. Өз ишиңизге болгон кызыгууңуз жана сүйүүңүз өчпөстөн бардык аракеттериңиз ишке ашсын. Биригип жаратылыш ресурстарын келечек муундарга сактайлы.

 

Урматтоо менен жана Кыргызстандын 454 Жайыт комитетинин атынан,

Башкы директор А.Эгембердиев