Новости

БИРИНЧИ РАДИО. "ШАКЖҮРҮШ" ПРОГРАММАСЫ. 2022-жыл – Тоолор жылы.
4 фев.
2022-жыл – Тоолор жылы.
Президент Садыр Жапаров «2022-жылды Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Жарлык климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоо жана тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылын белгилөө максатында чыкты. БУУнун расмий сайтындагы маалыматка караганда, тоолор жер шарындагы кургактыктын 22 % ээлейт. Тоолуу аймактарда дээрлик бир миллиард эл жашайт. Планетанын калкынын жарымынан көбү тоолордогу энергетикалык жана азык-түлүк ресурстарынан көз каранды. Учурда глобалдуу маселе болуп климаттык өзгөрүүлөр эсептелет. Мындай учурда мамлекеттер жалгыздап эмес, дүйнө өлкөлөрү биргелешип аткаруучу иштер көп. Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын кантип өткөрөбүз, ушул жылдын алкагында кандай иш аракеттер болушу керек?
Уктурууга география илимдеринин кандидаты, КР Улуттук илимдер академиясынын суу жана гидроэнергетика институнун тоо экосиситемалар лабораториясынын башчысы Бермет Абылмейизова,География илимдеринин кандидаты, тоо өсүмдүктөрү, жайыт маселелери боюнча эксперт Алмагүл Кендирбаева жана "Кыргыз жайыты" улуттук ассоциациясынын жетекчиси Абдымалик Эгембердиев катышууда.

 

">